Загрузка документа…
ЖАҢЫ-НООКАТ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН
ТОКТОМУ
2023-жылдын 19-январындагы № 9
Жаңы-Ноокат айыл өкмөтүнүн Жандама айылындагы “Кыр-көчө” көчөсүнө наам ыйгаруу жөнүндө
Жаңы-Ноокат айыл өкмөтүнүн Жандама айылындагы “Кыр-көчө” көчөсүнө наам ыйгаруу жөнүндөгү айыл тургундарынын 2022-жылдын 15-ноябрындагы чогулушунун протоколун карап чыгып жана талкуулап, көчөлөргө наам ыйгаруу максатында, Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 20-октябрындагы № 123 сандуу "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана жергиликтүү мамлекеттик администрациясы жөнүндөгү" мыйзамынын 3-бөлүмүндөгү, 34-беренесинин, 1 жана 2 бөлүгүнүн ылайык, Жаңы-Ноокат айылдык кеңешинин 7-чакырылышындагы кезектеги сессиясынын отуруму
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жаңы-Ноокат айыл өкмөтүнүн Жандама айылындагы “Кыр-көчө” көчөсүнүн аталышына эл арасында кадыр-баркка ээ болгон, мурдагы Жандама айылынын айыл башчысы маркум Атабеков Мамасабир Жураевичтын наамы ыйгарылсын.
2. Аталган көчөнү каттоодон өткөрүү жагы “Кадастр” мамлекеттик мекемесинин Ноокат райондук бөлүмүнөн суралсын жана токтомдун аткарылышы Жаңы-Ноокат айыл өкмөтүнө милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Жаңы-Ноокат айылдык кеңешинин“Мыйзамдуулукту, укук тартибти сактоо, коррупцияга каршы күрөшүү, мандат, депутаттык этика маселелери, жарандарды укугун жана кызыкчылыгын коргоо” боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Жаңы-Ноокат айылдык кеңешинин төрагасы | К. Сатторов |