Загрузка документа…
ЖАҢЫ-НООКАТ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН
ТОКТОМУ
2023-жылдын 19-январындагы № 10
Жаңы-Ноокат айыл өкмөтүнүн 2023-жылдын 16-январындагы № 32 сандуу катына негиз, Күнгөй-Хасана айылынын тургуну Эргашов Абдужаббор Маматисмоновичтин жеке менчигидеги айыл чарба багытындагы 3342.0 чарчы метр жер тилкесинин максаттык багытын өзгөртүү жөнүндө
Жаңы-Ноокат айыл өкмөтүнүн 2023-жылдын 16-январындагы № 32 сандуу катында, Күнгөй-Хасана айылынын тургуну Эргашов Абдужаббор Маматисмоновичтин жеке менчигиндеги айыл чарба багытындагы 3342.0 чарчы метр жер аянтынын максаттык багытын өзгөртүп берүү жөнүндөгү маселени карап чыгып жана талкуулап, Жаңы-Ноокат айылдык кеңешинин “Айыл чарбасы, суу, жер, муниципалдык менчик, жайыттарды пайдалануу, өзгөчө кырдаалдарды алдын алуу, экология жана жаратылышты коргоо” боюнча туруктуу комиссиясынын 2023-жылдын 18-январындагы чогулушунун протоколуна негиз, Кыргыз Республикасынын Жер Кодексинин 13, 18-статьясына негиз жана Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана жергиликтүү мамлекеттик админстрациялар жөнүндөгү» Мыйзамынын 27-статьясынын 15-пунктуна ылайык Жаңы-Ноокат айылдык кеңешинин 7-чакырылышындагы кезектеги сессиясынын отуруму
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жаңы-Ноокат айыл өкмөтүнө караштуу, Күнгөй-Хасана айылынын тургуну Эргашов Абдужаббор Маматисмоновичтин жеке менчигиндеги айыл чарба багытындагы 3342.0 чарчы метр жер тилкесин, максаттык багытын турак-жай багытына өзгөртүп берүү жөнүндөгү арызы канааттандырылсын.
2. Кыргыз Республикасынын Жер, Салык Кодекстеринин жана жер мамилелери боюнча мыйзамдарынын негизинде, ушул токтомдун аткарылышын Жаңы-Ноокат айыл өкмөтүнүн башчысына милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Жаңы-Ноокат айылдык кеңешинин “Айыл чарбасы, суу, жер, муниципалдык менчик, жайыттарды пайдалануу, өзгөчө кырдаалдарды алдын алуу,экология жана жаратылышты коргоо” боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы А.Коңурбаевге милдеттендирилсин.
Жаңы-Ноокат айылдык кеңешинин төрагасы | К. Сатторов |