Загрузка документа…
ЖАҢЫ-НООКАТ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН
ТОКТОМУ
2023-жылдын 19-январындагы № 12
Жаңы-Ноокат айыл өкмөтүнүн жалпы билим берүү жана мектепке чейинки билим берүү мекемелерине 2023-жылга карата электр энергиясынан пайдалануу лимитин бекитүү жөнүндө
Жаңы-Ноокат айыл өкмөтүнүн 2023-жылга карата жалпы билим берүү жана мектепке чейинки билим берүү мекемелеринде, электр энергиясынан пайдалануу лимитин бекитүү жөнүндөгү маселени карап чыгып жана талкуулап, Жаңы-Ноокат айылдык кеңешинин “Айылдын инфраструктурасын өнүктүрүү, соода, архитектура, жол, транспорт, өнөр-жай, кайра иштетүү, коммуникация, таза суу жана электр энергиясы” боюнча туруктуу комиссиясынын 2023-жылдын 16-январындагы жыйындын протоколуна негиз, Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 20-октябрындагы № 123 «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана жергиликтүү мамлекеттик администрациялар жөнүндөгү» мыйзамынын 3-бөлүмүндөгү, 34-беренесинин, 2 бөлүгүнүн, 2-бөлүкчөсүнө ылайык, Жаңы-Ноокат айылдык кеңешинин 7-чакырылышындагы кезектеги сессиясынын отуруму
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жаңы-Ноокат айыл өкмөтүнүн жалпы билим берүү жана мектепке чейинки билим берүү мекемелеринде, электр энергиясынан пайдалануусун көзөмөлдөө жана үнүмдөө максатында, 2023-жылга карата электр энергиясынан пайдалануу лимити 1290.2 миң квт өлчөмүндө бекитилсин.
2. Жалпы билим берүү жана мектепке чейинки билим берүү мекемелеринин жетекчилерине: 2023-жылга карата электр энергиясынан пайдалануу лимитинин негизинде иш алып баруу тапшырылсын.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Жаңы-Ноокат айыл өкмөтүнүн ФЭБ башчысы М. Махмудовго жүктөлсүн.
Жаңы-Ноокат айылдык кеңешинин төрагасы | К. Сатторов |