Загрузка документа…
| 1-тиркеме |
| (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 19-сентябрындагы № 592 токтому менен бекитилди) |
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине
караштуу Мамлекеттик салык кызматы жөнүндө
жобо
1-глава. Жалпы жоболор
1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик салык кызматы жөнүндө жобо (мындан ары – Жобо) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик салык кызматынын (мындан ары – МСК) ишинин укуктук жана уюштуруучулук негиздерин аныктайт.
2. МСК Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик салык кызматынын жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Этил спиртин, алкоголдук продукцияны өндүрүүнү жана жүгүртүүнү контролдоо боюнча мамлекеттик агенттиктин укук улантуучусу болуп эсептелет.
3. МСК бюджетке салыктарды, камсыздандыруу төгүмдөрүн жана башка төлөмдөрдү жыйноону жана алардын өз убагында жана толугу менен төлөнүшүн контролдоону, жеке жактарды жеке ишкерлер катары мамлекеттик каттоону, этил спиртин, алкоголдук жана спирт камтылган продукцияны импорттоону, өндүрүүнү жана жүгүртүүнү мамлекеттик жөнгө салууну жана контролдоону, ошондой эле баалуу металлдардан зергердик буюмдарды өндүрүүнү жана жүгүртүүнү контролдоону ишке ашыруучу Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу административдик ведомствонун статусундагы Кыргыз Республикасынын аткаруу бийлигинин мамлекеттик органы болуп саналат.
4. МСК өз ишинде Кыргыз Республикасынын Конституциясын, Кыргыз Республикасынын Салык кодексин, Салыктык эмес кирешелер жөнүндө Кыргыз Республикасынын кодексин, “Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу жөнүндө”, “Этил спиртин өндүрүүгө, импорттоого, сактоого жана сатып өткөрүүгө мамлекеттик монополия жана алкоголдук продукцияны өндүрүүнү мамлекеттик жөнгө салуу жөнүндө”, “Баалуу металлдар жана асыл таштар жөнүндө”, “Кыргыз Республикасындагы лицензиялык-уруксат берүү тутуму жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын, Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларын, эл аралык укуктун жалпы таанылган принциптерин жана ченемдерин, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык күчүнө кирген эл аралык келишимдерди жана ушул Жобону жетекчиликке алат.
5. МСК өз ишин мамлекеттик органдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, жеке жана юридикалык жактар менен өз ара аракетте жүзөгө ашырат.
6. МСК юридикалык жак болуп эсептелет, өз алдынча балансы жана чыгашалар сметасы, обочолонгон мүлкү, казыналык тутумунда алыш-бериш жана башка эсептери, Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик гербинин сүрөтү түшүрүлгөн, мамлекеттик жана расмий тилдерде өзүнүн аталышы бар мөөрү, фирмалык бланктары, бурчтук штамптары бар.
Уюштуруу-укуктук формасы – оперативдүү башкаруу укугунда түзүлгөн мамлекеттик мекеме.
7. МСК өз атынан жарандык-укуктук мамилелерге кирет, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын алкагында жарандык-укуктук мамилелердин тарабы катары чыгууга укуктуу.
8. МСК салык кызматынын борбордук мамлекеттик органынан жана салык органдарынан (салык кызматынын борбордук мамлекеттик органынын аймактык жана/же функциялык бөлүмдөрүнөн) турат.
МСКнын борбордук органы ыйгарым укуктуу салык органы болуп эсептелет жана Кыргыз Республикасынын салык мыйзамдарында каралган бардык укуктарга жана милдеттерге ээ.
9. МСКнын туусу, символика белгилери бар, МСКнын кызмат адамдарында атайын формадагы кийими бар.
10. МСКнын толук фирмалык аталышы:
1) мамлекеттик тилде: “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик салык кызматы”;
2) расмий тилде: “Государственная налоговая служба при Кабинете Министров Кыргызской Республики”.
11. МСКнын кыскартылган фирмалык аталышы:
1) мамлекеттик тилде: “МСК”;
2) расмий тилде: “ГНС”.
12. МСКнын юридикалык дареги: 720001, Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары, Чүй проспекти, 219.
2-глава. МСКнын ишинин максаты
13. МСКнын ишинин максаты болуп Кыргыз Республикасынын салык мыйзамдарын жана Кыргыз Республикасынын мамлекеттик социалдык камсыздандыруу, салыктык эмес кирешелер боюнча мыйзамдарынын сакталышын камсыз кылуу, этил спиртин, алкоголдук жана спирт камтыган продукцияны өндүрүү, импорттоо, сактоо жана жүгүртүү чөйрөсүн туруктуу өнүктүрүүнү камсыз кылуу, ошондой эле баалуу металлдардан жасалган зергердик буюмдарды өндүрүүнү жана жүгүртүүнү контролдоо эсептелет.
3-глава. МСКнын милдеттери
14. МСКнын негизги милдеттери болуп төмөнкүлөр эсептелет:
1).салыктардын, камсыздандыруу төгүмдөрүнүн жана башка төлөмдөрдүн толук жана өз убагында түшүүсүн камсыз кылуу;
2) жеке жактарды жеке ишкер катары мамлекеттик каттоо;
3).салык кызматынын органдарынын ишин уюштурууну жакшыртуу;
4) салык мыйзамдарын жана мамлекеттик социалдык камсыздандыруу мыйзамдарын өркүндөтүүгө мыйзамда белгиленген тартипте катышуу;
5).Евразия экономикалык бирлигинде (мындан ары – ЕАЭБ) товарларды импорттоодо, жумуштарды аткарууда, кызматтарды көрсөтүүдө ЕАЭБдин эл аралык келишимдик базасына ылайык бюджетке кыйыр салыктардын толук түшүүсүн камсыз кылуу;
6) этил спиртин өндүрүүгө, импорттоого, сактоого жана сатууга мамлекеттик монополияны жүзөгө ашыруу;
7) этил спиртин, алкоголдук жана спирт камтыган продукцияны өндүрүүнү жана жүгүртүүнү мамлекеттик жөнгө салуу жана контролдоо;
8) асыл таштардан жана баалуу металлдардан жасалган зергердик буюмдарын ЕАЭБ курамына кирбеген өлкөлөрдөн Кыргыз Республикасынын аймагына ташып киргизүүдө жана Кыргыз Республикасынын аймагынан ушул өлкөлөргө ташып чыгарууда мамлекеттик контролдоону жүзөгө ашыруу.
4-глава. МСКнын функциялары
15. МСК өзүнө жүктөлгөн милдеттерге ылайык төмөнкү функцияларды ишке ашырат:
1) тармактык саясатты ишке ашыруу боюнча функциялар:
– Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген ыйгарым укуктарынын чегинде салыктарды, камсыздандыруу төгүмдөрүн жана башка төлөмдөрдү жыйноону, түшүшүн контролдоону, салык мыйзамдарынын жана мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча мыйзамдардын сакталышын контролдоону уюштурат;
– мамлекеттик салык саясатын жана мамлекеттик социалдык камсыздандыруу саясатын ишке ашырат;
– МСКнын компетенциясына кирген маселелер боюнча мыйзамдарды өркүндөтүүгө багытталган ченемдик укуктук актыларды иштеп чыгууга белгиленген тартипте катышат;
– Кыргыз Республикасынын салык мыйзамдарына жана мамлекеттик социалдык камсыздандыруу жөнүндө мыйзамдарына киргизилүүчү оңдоолордун долбоорлоруна эксперттик баалоо жүргүзүүгө катышат;
– Кыргыз Республикасынын министрликтери жана ведомстволору даярдаган өкмөттөр аралык экономикалык макулдашуулардын долбоорлоруна өз компетенциясынын чегинде эксперттик баалоо жүргүзүүгө катышат;
– Кыргыз Республикасынын мамлекеттик бюджетинин жана мамлекеттик социалдык камсыздандыруу бюджетинин киреше бөлүгүнүн болжолун түзүүгө катышат;
– салыктар боюнча республикалык бюджеттин киреше бөлүгүнө өзгөртүүлөрдү киргизүү, Кыргыз Республикасынын мамлекеттик социалдык камсыздандыруу бюджетинин камсыздандыруу төгүмдөрү боюнча Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Кыргыз Республикасынын Социалдык фондуна (мындан ары – Социалдык фонд) сунуштарды киргизет;
– аймактык бөлүмдөр тарабынан аткарылган иштер жөнүндө отчёттордун формаларын белгилейт, бюджетке төлөмдөрдү жыйноо боюнча аткарылган иштер жөнүндө маалыматтарды алат, жалпылайт жана талдайт, ошондой эле аны өркүндөтүү боюнча сунуштарды киргизет;
–.жогору турган органдарга Кыргыз Республикасынын мамлекеттик бюджетине жана мамлекеттик социалдык камсыздандыруу бюджетине салыктарды, камсыздандыруу төгүмдөрүн жана башка төлөмдөрдү жыйноо боюнча салык органдарынын иштеринин жыйынтыктары жөнүндө отчетторду, маалымкаттарды жана маалыматтарды берет;
– юридикалык жактарды, алардын филиалдарын, өкүлчүлүктөрүн жана жеке жактарды – салыктарды, камсыздандыруу төгүмдөрүн жана башка төлөмдөрдү төлөөчүлөрдү салыктык (эсепке алуу) каттоо, кайра каттоо жана ишин токтотуу, ошондой эле кошумча нарк салыгы (мындан ары – КНС) боюнча салык салынуучу субъектти каттоо жана жокко чыгаруу боюнча ишти Кыргыз Республикасынын салык мыйзамдарында белгиленген тартипте уюштурат жана контролдойт;
– жеке ишкерлерди, юридикалык жакты түзбөгөн дыйкан (фермердик) чарбаларды – салыктарды, камсыздандыруу төгүмдөрүн жана башка төлөмдөрдү төлөөчүлөрдү мамлекеттик каттоону, салыктык (эсепке алуу) каттоону, кайра каттоону жана алардын ишин токтотууну жүргүзөт;
– салыктык каттоо, салык жана мамлекеттик социалдык камсыздандыруунун камсыздандыруу төгүмдөрү боюнча карыз жөнүндө маалымкаттардын жана аларды берүү тууралуу арыздардын формаларын аныктайт;
– Кыргыз Республикасынын аймагында колдонууга жол берилген контролдук-кассалык машиналарды тийиштүү салык органдарында каттоо жана эсепке алуу иштерин жүргүзөт;
– салык төлөөчүлөрдүн кайрылуулары боюнча атайын салык режимин колдонууну ишке ашырат;
– этил спиртин, алкоголдук жана спирт камтыган продукцияны өндүрүү, импорттоо, сактоо жана жүгүртүү чөйрөсүндөгү, ошондой эле биоэтанолду өндүрүүнү жана жүгүртүүнү жөнгө салуу чөйрөсүндөгү бирдиктүү мамлекеттик саясатты ишке ашырат;
– этил спиртин, алкоголдук жана спирт камтыган продукцияны өндүрүү, жүгүртүү, импорттоо жана экспорттоо жаатында мамлекеттик эсепке алууну жана отчеттуулукту уюштурат жана ишке ашырат;
– ЕАЭБге мүчө мамлекеттерден товарларды импорттоодо, эл аралык келишимдик базага ылайык ЕАЭБдин алкагында кызматтарды көрсөтүүдө көзөмөлгө алууну жана кыйыр салыктардын бюджетке толук түшүүсүн камсыз кылат;
– товарларды эсепке алуу пункттарында алымдардын төмөндөтүлгөн ставкалары колдонулуучу товарларды ташып киргизүү маселелери боюнча ЕАЭБге мүчө мамлекеттердин милдеттенмелеринин аткарылышын контролдоону жана башкарууну ишке ашырат;
– түшүүлөрдүн резервин аныктоо жана бюджетке импортко кыйыр салыктарынын түшүүсүн көбөйтүү боюнча сунуштарды киргизүүнү камсыз кылат;
– Кыргыз Республикасынын лотереялар жөнүндө мыйзамдарында аныкталган тартипте контролдук-кассалык чектерди талап кылуу боюнча дем берүүчү лотереяларды өткөрүү боюнча иш-чараларды уюштурат;
– ички өндүрүштө жасалган, ошондой эле сатуу үчүн сырттан ташып киргизилген баалуу металлдардын эритиндилеринен жасалган зергердик жана башка буюмдарды пробалоону, мамлекеттик эн тамгасын басууну жана талдоону жүргүзөт;
– баалуу металлдардан жана асыл таштардан жасалган зергердик буюмдар менен болгон операцияларды жүзөгө ашырган юридикалык жактарды жана жеке ишкерлерди атайын эсепке алуу тартибин иштеп чыгат;
– баалуу металлдардан жана асыл таштардан жасалган зергердик буюмдар менен операциялар боюнча эсепке алууну жүргүзүү тартибин, ошондой эле отчет берүү тартибин иштеп чыгат;
– баалуу металлдардан жасалган зергердик жана башка буюмдарды жасоочулардын энчилүү белгисин каттоо жана эсепке алуу тартибин (реестр) иштеп чыгат жана бекитет;
– баалуу металлдардан жасалган зергердик жана башка буюмдарды жасоочулардын энчилүү белгисин каттайт жана эсебин (реестр) жүргүзөт;
– Кимберли процессинин сертификаттарынын бланктарын даярдоону, эсепке алууну жана сактоону ишке ашырат;
– Кыргыз Республикасынын мамлекеттик пробалык эн тамгасынын эскиздерин бекитет;
– баалуу металлдардан жасалган зер жана башка буюмдарды пробалоо, талдоо, экспертизалоо, идентификациялоо жана эн тамга басуу боюнча нускаманы иштеп чыгат жана бекитет;
– асыл таштарды экспертизалоо жана идентификациялоо эрежелерин жана тартибин иштеп чыгат жана бекитет;
– баалуу металлдардан жана асыл таштардан жасалган зер жана башка буюмдарды ташып келүүгө жана ташып чыгууга мамлекеттик контролду ишке ашыруунун эрежелерин иштеп чыгат жана бекитет;
– баалуу металлдардын камтылышын аныктоо жана асыл таштарды идентификациялоо боюнча жабдуулар менен иштөө методикасын иштеп чыгат жана бекитет;
2) жөнгө салуу функциялары:
– салык мыйзамдарына ылайык белгиленген тартипте салыктар, камсыздандыруу төгүмдөрү жана башка төлөмдөр боюнча карыздын суммаларын өндүрүүнү жана алып коюуну, ошондой эле чет өлкөлүк валютаны өндүрүүнү жана алып коюуну жүзөгө ашырат;
– этил спиртин, алкоголдук продукцияны өндүрүүнү, жүгүртүүнү лицензиялоону жүзөгө ашырат;
– этил спиртин жана алкоголдук продукцияны импорттоого квоталоону жүзөгө ашырат;
– этил спиртин, алкоголдук жана спирт камтыган продукцияны өндүрүү чөйрөсүндө керектөөчүлөрдүн жана ата мекендик товар өндүрүүчүлөрдүн укуктарын коргоону камсыз кылуучу чаралардын комплексин жүзөгө ашырат;
– биоэтанол өндүрүүчүлөрүнүн мамлекеттик реестрин жүргүзүүнү камсыз кылат;
– буюмдарда, куймаларда, жарым фабрикаттарда, каңдоочтордо, тыйындарда ж.б. баалуу металлдардын камтылышын аныктоо үчүн экспертиза жана контролдук талдоо жүргүзөт;
– мамлекеттик пробалык эн белгинин оттисктерине, зер буюмдарын өндүрүүчүлөрдүн энчилүү белгисине экспертиза жүргүзөт;
– баалуу металлдардан жана асыл таштардан жасалган зер буюмдары жана башка буюмдар менен операцияларды жүзөгө ашыруучу юридикалык жактардын жана жеке ишкерлердин реестрин жүргүзөт, бул көрсөтүлгөн жактарды реестрге киргизүү үчүн жыйым алууну болжолдобойт;
– Евразия экономикалык комиссиясынын чечимдерине жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык баалуу металлдардан жасалган зер жана башка буюмдарды ЕАЭБдин курамына кирбеген өлкөлөрдөн Кыргыз Республикасынын аймагына ташып кирүүдө жана Кыргыз Республикасынын аймагынан ошол өлкөлөргө ташып чыгууда мамлекеттик контролдоо актысын берет;
– Кимберли процессинин эл аралык сертификациялоо схемасына ылайык Кыргыз Республикасынын аймагынан иштетилбеген табигый алмаздарды ташып чыгууга сертификаттарды берет;
– Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган тартипте берилген салык төлөөчүнүн, жеке жактын арызы боюнча Кыргыз Республикасындагы алардын салыктык статусун (резиденттигин) ырастоону берет;
– салык төлөөчүнүн жазуу жүзүндөгү арызы боюнча Кыргыз Республикасынын салык мыйзамдарында жана мамлекеттик социалдык камсыздандыруу жөнүндө мыйзамдарында каралган өздөрүнүн ыйгарым укуктарынын чегинде салыктарды жана камсыздандыруу төгүмдөрүн төлөө мөөнөттөрүн өзгөртүү тууралуу чечим кабыл алат;
– төлөнгөн салыктын ашып кеткен суммасын салыктардын башка түрлөрү боюнча салык төлөөчүнүн милдеттенмесинин эсебине которот, салык төлөөчүнүн макулдугу менен акча каражаттарынын кандай болбосун калган суммасын алдыдагы күнүмдүк төлөмдөр боюнча салык төлөөчүнүн милдеттенмелеринин эсебине киргизет;
– Кыргыз Республикасынын салык мыйзамдарында белгиленген тартипте салык төлөөчүгө Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын эсептик ставкасы боюнча пайыздарды эсептөө менен төлөнүүгө тийиш болгон салыктар боюнча алдын ала төлөмдүн суммасына корутунду жазып берет;
3) координациялоо жана контролдоо функциялары:
– салык төлөөчүлөр тарабынан салыктык эсептөөлөрдүн, отчеттордун, декларациялардын жана бюджетке төлөмдөрдү эсептөө менен байланышкан башка документтердин өз убагында берилишин контролдойт, ошондой эле пайданы, кирешени, салык салынуучу башка объекттерди аныктоонун жана Кыргыз Республикасынын мамлекеттик бюджетине жана мамлекеттик социалдык камсыздандыруу бюджетине салыктарды, камсыздандыруу төгүмдөрүн жана башка төлөмдөрдү эсептөөнүн тууралыгы боюнча бул документтердин аныктыгын текшерет;
– юридикалык жана жеке жактарга Кыргыз Республикасынын салык мыйзамдарын, Кыргыз Республикасынын мамлекеттик социалдык камсыздандыруу мыйзамдарын сактоо маселелери боюнча салыктык текшерүүлөрдү жүргүзөт;
– юридикалык жана жеке жактардан, республиканын финансы органдарынан, мекемелеринен, банктарынан, ошондой эле жарандардан алардын негизинде салыктардын, камсыздандыруу төгүмдөрүнүн, Кыргыз Республикасынын мамлекеттик бюджетине, мамлекеттик социалдык камсыздандыруу бюджетине же бюджеттен тышкаркы фонддорго төлөнүүгө тийиш болгон жана иш жүзүндө түшкөн башка төлөмдөрдүн суммаларын, ошондой эле салык жана финансы санкцияларынын, айыптардын, туумдардын жана пайыздардын суммаларын эсепке алуу (ар бир төлөөчү жана төлөмдүн түрү боюнча) ишке ашырылуучу документтерди алат;
– мамлекеттик органдарда, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында, менчигинин түрүнө жана ведомстволук баш ийүүсүнө карабастан мекемелерде, ишканаларда жана уюмдарда, анын ичинде чарбалык жана башка ишти өзгөчө режимде жүргүзгөн ишканаларда, мекемелерде жана уюмдарда, биргелешкен жана чет өлкөлүк ишканаларда, банктарда жана башка финансылык-кредиттик мекемелерде, ошондой эле Кыргыз Республикасынын жарандарында, чет өлкөлүк жарандарда жана жарандыгы жок адамдарда Кыргыз Республикасынын мамлекеттик бюджетине, мамлекеттик социалдык камсыздандыруу бюджетине же бюджеттен тышкаркы фонддорго салыктарды, камсыздандыруу төгүмдөрүн жана башка төлөмдөрдү эсептөөгө жана төлөөгө байланышкан документтерди, бухгалтердик китептерди, отчетторду, пландарды, сметаларды, декларацияларды жана башка документтерди текшерет, ошондой эле зарыл болгон түшүндүрмөлөрдү сурайт;
– мекемелер жана уюмдар тарабынан мамлекеттик алымдарды жана башка салыктык эмес төлөмдөрдү төлөөдө алынуучу акча каражаттарын алуунун толуктугун жана тууралыгын, сакталышын камсыздоону контролдойт жана текшерет, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарын калктан салыктарды, камсыздандыруу төгүмдөрүн жана башка төлөмдөрдү төлөөнүн эсебине акча каражаттарын кабыл алууда белгиленген талаптардын сакталышы боюнча текшерет;
– калк менен акчалай эсептешүүлөрдү жүргүзүүдө контролдук-кассалык машиналардын колдонулушун контролдойт, чарбалык субъекттер тарабынан товарлардын жана акча каражаттарынын жүгүртүлүшүн толук эсепке алуу жана алар тарабынан Кыргыз Республикасынын салык мыйзамдарынын сакталышы, Кыргыз Республикасынын салык мыйзамдарына ылайык каттоосунун болушу, кирешелерди, зарыл болгон бухгалтердик жана салыктык документтерди эсепке алуунун жүргүзүлүшү, товарларда тийиштүү маркалоонун болушу жана аны колдонуунун тууралыгы максатында рейддик салыктык контролду, хронометраждык изилдөөлөрдү жүргүзөт, салык постторун орнотот;
– салык мыйзамдарына ылайык салык төлөөчүлөргө чечимдерди жана башка документтерди жиберет;
– Кыргыз Республикасынын мамлекеттик бюджетинин жана мамлекеттик социалдык камсыздандыруу бюджетинин алдындагы милдеттенмелерди бузгандыгы үчүн Кыргыз Республикасынын салык мыйзамдарында каралган салыктык жана финансылык санкцияларды, пайыздарды жана туумдарды, ошондой эле ишканалардын, мекемелердин, уюмдардын кызмат адамдары жана жарандар тарабынан жол берилген бул бузуулар үчүн айыптарды колдонуунун тууралыгын жана өз убагында өндүрүүнү камсыз кылат;
– этил спиртин, алкоголдук жана спирт камтыган продукцияны өндүрүүгө, жүгүртүүгө, алардын сапатына жана коопсуздугуна мамлекеттик контролду уюштурат жана ишке ашырат;
– этил спиртин, алкоголдук жана спирт камтыган продукцияны өндүрүү, импорттоо, сактоо жана жүгүртүү чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын жана лицензиялык талаптарда каралган шарттардын сакталышын контролдойт;
– лицензиялоо функцияларынын алкагында мамлекеттик алымдарды жана башка салыктык эмес төлөмдөрдү төлөөдө алынган акча каражаттарынын толук жана туура алынышын контролдойт жана текшерет;
– алкоголдук жана спирт камтыган продукцияны өндүрүүчү жана/же жүгүртүүчү чарбалык субъекттерге Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте текшерүү жүргүзөт;
– мамлекеттик органдар менен өз ара аракеттенүүдө этил спиртин, алкоголдук жана спирт камтыган продукцияны өндүрүү, импорттоо, сактоо жана жүгүртүү чөйрөсүндөгү техникалык-экономикалык көрсөткүчтөрдүн жана белгиленген максаттуу көрсөткүчтөрдүн аткарылышын белгиленген тартипте контролдойт;
– этил спиртин техникалык жана башка максаттарда колдонуучу атайын керектөөчүлөрдүн жана субъекттердин жыйынды тизмегин даярдайт;
– этил спиртин сатып алууга каттоо баракчаларын жана спирт камтыган продукцияларды сатып алууга уруксат документтерин берет;
– КНС боюнча экспорттук берүүлөрдү ырастоо жана эл аралык келишимдик базага ылайык ЕАЭБге мүчө мамлекеттердин аймагына товарларды экспорттоодо байкоо жүргүзүү максатында контролдоону камсыз кылат;
– импорттолуучу жана экспорттолуучу товарларды эсепке алат жана талдайт;
– чарбалык субъекттер тарабынан банктарда ачылган алыш-бериш, валюталык жана башка эсептер тууралуу маалыматтардын толук жана туура берилишин жана бул эсептер боюнча операциялардын чагылдырылышын контролдоо боюнча иштерди жүргүзөт;
– баалуу металлдар жана асыл таштар менен операциялар боюнча террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарынын жана баалуу металлдарды жана асыл таштарды өндүрүү, пайдалануу, жүгүртүү жана эсепке алуу жаатындагы Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларында белгиленген ченемдердин, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык күчүнө кирген эл аралык келишимдердин сакталышын камсыз кылат;
– террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү чөйрөсүндөгү баалуу металлдарды эсепке алуу боюнча Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын сакталышын камсыз кылат;
– баалуу металлдардан жасалган зер жана башка буюмдарды пробалоо жана эн тамга басуу боюнча Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарынын сакталышын камсыз кылат;
–.чет мамлекеттердин контролдоочу (көзөмөлдөөчү) органдарынын эл аралык суроо-талабынын негизинде баалуу металлдар жана асыл таштар, алардан жасалган зергердик буюмдар (жана мындай буюмдардын сыныктары) менен операцияларды (бүтүмдөрдү) жүзөгө ашыруучу адамдардын ишин текшерет жана зарыл болгон учурда террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык натыйжалуу контролдоо (көзөмөлдөө) ишин камсыз кылуу максатында аларга көмөк көрсөтөт;
– асыл таштарды аныктоо жана экспертиза жүргүзөт;
4) колдоо функциялары:
– салык төлөөчүлөрдүн жана салык органдарынын кызматкерлеринин арасында Кыргыз Республикасынын салык мыйзамдарын колдонуу маселелери боюнча түшүндүрүү иштерин уюштурат;
– жарандардын, юридикалык жана жеке жактардын салык салуу, камсыздандыруу төгүмдөрүн төлөө маселелери боюнча жана салык кызматынын органдарынын кызмат адамдарынын укук ченемсиз иш-аракеттерине арыздарын, сунуштарын жана даттанууларын белгиленген тартипте карайт;
– камсыздандыруу төгүмдөрүн өз убагында жана толук көлөмдө Социалдык фондго өткөрүп берүүнү ишке ашырат;
– иш менен камсыздоо жана эмгек акы жөнүндө билдирүүлөрдү Социалдык фондго электрондук алып жүрүүчүдө өткөрүп берет;
– мамлекеттик каттоодон өткөн салык төлөөчүлөр жөнүндө маалымат базасын жана экономикалык жана ишкердик жүргүзгөн салык төлөөчүлөр жөнүндө маалымат базасын статистика органдарына өткөрүп берет;
– салык органдарынын ишин уюштурат, жүргүзөт жана контролдойт;
– Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларына ылайык бардык деңгээлдеги салык органдарынын ишине комплекстүү (тематикалык) текшерүү жүргүзөт жана МСКнын компетенциясынын чегинде баалоонун жыйынтыгы боюнча сунуштамаларды иштеп чыгат;
– укук коргоо органдарынын, ошондой эле мыйзам чыгаруу, аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдарынын демилгеси боюнча түзүлгөн комиссиялардын жана жумушчу топтордун ишине катышуу үчүн салык эксперттери катары кызматкерлерди жиберет;
– жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, укук коргоо, финансы жана башка контролдоочу мамлекеттик органдар менен тыгыз өз ара аракеттенүү менен иштерди жүзөгө ашырат;
– эки тараптуу жана көп тараптуу макулдашууларда каралган чектерде чет мамлекеттердин салык жана башка компетенттүү органдары менен белгиленген тартипте кызматташууну жана өз ара аракеттенүүнү жүзөгө ашырат;
– салык кызматынын органдарынын бирдиктүү автоматташтырылган маалыматтык системасын түзүүнү, иштетүүнү жана өркүндөтүүнү камсыздайт;
– МСКнын системасында кадрларды тандоону жана жайгаштырууну жүзөгө ашырат, квалификациялуу кадрларга муктаждыкты аныктайт, адистерди даярдоону уюштурат, ошондой эле кызматкерлердин квалификациясын жогорулатуу боюнча иш жүргүзөт;
– Кыргыз Республикасынын салык кызматын өнүктүрүү боюнча иш-чараларды каржылоону жүзөгө ашырат;
– мамлекеттик органдар менен биргеликте техникалык жана гранттык жардамды, инвестицияларды тартуу жана этил спиртин, алкоголдук жана спирт камтыган продукцияны өндүрүү, импорттоо, сактоо жана жүгүртүү чөйрөсүндөгү инвестициялык долбоорлорду ишке ашыруу боюнча сүйлөшүүлөрдү уюштурат;
– этил спиртин, алкоголдук жана спиртти камтыган продукцияны өндүрүү, импорттоо, сактоо жана жүгүртүү чөйрөсүндө эл аралык кызматташтыкты жүзөгө ашырат;
– этил спиртин, алкоголдук жана спирт камтыган продукцияны өндүрүү, импорттоо, сактоо жана жүгүртүү чөйрөсүндөгү эл аралык келишимдерден келип чыккан Кыргыз Республикасынын милдеттенмелерин аткарууга багытталган иш-чараларды уюштурат;
– алкоголдук жана спирт камтыган продукцияны өндүрүүнү жүзөгө ашырган жаңы ишканаларды түзүү, болгон ишканаларды модернизациялоо жана техникалык жактан кайра жабдуу, өндүрүлгөн продукциянын сапатын ЕАЭБдин, Дүйнөлүк соода уюмунун жана Европа бирлигинин өлкөлөрүнүн техникалык регламенттеринин талаптарына ылайык жакшыртуу үчүн тышкы жана ички инвестицияларды тартууга көмөктөшөт;
– иштин маалыматтык чагылдырылышын уюштурат;
– тейлеген тармакка ылайык укуктук пропаганда боюнча иш-чараларды өткөрөт.
5) кызмат көрсөтүү функциялары:
– МСКнын карамагына кирген маселелер боюнча жарандардын жана юридикалык жактардын кайрылууларын, арыздарын, даттанууларын белгиленген тартипте карайт;
– МСКнын карамагына кирген маселелер боюнча жеке жана юридикалык жактарга маалыматтык-консультациялык көмөк көрсөтүүнү камсыз кылат;
– алкоголдук жана спирт камтыган продукцияны өндүрүү жана жүгүртүү жаатында Бажы бирлигинин/Евразия экономикалык бирлигинин техникалык регламенттеринин талаптарынын сакталышы боюнча консультацияларды берет жана түшүндүрүү иштерин жүргүзөт;
– Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык башка функцияларды аткарат.
5-глава. МСКнын укуктары
16. МСК төмөнкүдөй укуктарга ээ:
1) МСКнын компетенциясына кирген маселелер боюнча сунуштарды, ошондой эле ченемдик укуктук актыларды белгиленген тартипте Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине киргизүүгө;
2) МСКнын компетенциясына кирген маселелер боюнча эл аралык келишимдерди түзүү жөнүндө сунуштарды мыйзамдарда белгиленген тартипте Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине киргизүүгө, өз компетенциясынын чегинде тиешелүү эл аралык уюмдар менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүгө, көрсөтүлгөн келишимдерди түзүүгө жана кол коюуга;
3) чет мамлекеттер жана эл аралык уюмдар менен долбоорлорду иштеп чыгууга жана белгиленген тартипте эл аралык келишимдерге, макулдашууларга жана башка документтерге кол коюуга катышууга;
4) көргөзмөлөрдү, конкурстарды жана башка иш-чараларды, анын ичинде эл аралык мүнөздөгү иш-чараларды уюштурууга жана өткөрүүгө;
5) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте мамлекеттик сыйлыктарды ыйгаруу, мамлекеттик сыйлыктар менен сыйлоо жөнүндө сунуштарды Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине киргизүүгө;
6) мамлекеттик органдардан, менчигинин түрүнө карабастан башка юридикалык жана жеке жактардан өзүнүн функцияларын аткаруу үчүн керектүү маалыматты белгиленген тартипте суроого жана алууга;
7) башка мамлекеттик органдардан жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынан салык салуу объекттерине жана салык милдеттенмелерин, камсыздандыруу төгүмдөрү жана башка төлөмдөр боюнча милдеттенмелерди эсептөөгө байланышкан маалыматты суроого жана алууга;
8) Кыргыз Республикасынын салык мыйзамдарында жана мамлекеттик социалдык камсыздандыруу жөнүндө мыйзамдарында каралган учурларда жана тартипте баалоонун кыйыр методдорунун негизинде салыкты алдын ала кошуп эсептөөнү жүргүзүүгө, салык төлөөчүнүн салык милдеттенмесин жана камсыздандыруу төгүмдөрү боюнча милдеттенмесин аныктоого;
9) мамлекеттик бюджетке жана мамлекеттик социалдык камсыздандыруу бюджетине Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген мөөнөттөрдө төлөнбөгөн салыктардын, камсыздандыруу төгүмдөрүнүн суммаларына салыктык жана финансылык санкцияларды колдонууга жана айыптарды, туумдарды жана пайыздарды эсептөөгө;
10) Кыргыз Республикасынын салык мыйзамдарында жана мамлекеттик социалдык камсыздандыруу жөнүндө мыйзамдарында каралган салыктар, камсыздандыруу төгүмдөрү жана башка төлөмдөр, капиталдаштыруу боюнча карыз, ошондой эле салыктык жана финансылык санкциялар, айыптар, туумдар жана пайыздар боюнча белгиленген мөөнөттөрдө төлөнбөгөн суммаларды мамлекеттик бюджетке жана мамлекеттик социалдык камсыздандыруу бюджетине салыктык төлөм талаптарын коюу жолу менен өндүрүүгө, ошондой эле юридикалык жана жеке жактардын мүлкүн Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте өндүрүп алууга;
11) салык төлөөчүдөн салыкты, камсыздандыруу төгүмдөрүн бөлүп төлөө боюнча графигин көрсөтүүсүн же болбосо салыктын, камсыздандыруу төгүмдөрүнүн төлөнүшүн камсыз кылуучу башка чараларды көрүүсүн талап кылууга;
12) салык мыйзамдарына ылайык мамлекеттик бюджетке жана мамлекеттик социалдык камсыздандыруу бюджетине карызы бар салык төлөөчүнүн банктык, анын ичинде валюталык эсептерине салыктык төлөм талабын коюуга;
13) банктардан жана башка финансылык-кредиттик мекемелерден салык төлөөчүлөрдүн алыш-бериш, ссудалык, валюталык жана башка эсептери бар экендиги, ачылганы, өзгөртүлгөнү, жабылганы, белгилүү бир убакыт аралыгынын ичинде коммерциялык жана башка эсептер менен операциялары жөнүндө маалыматты, ошондой эле салык төлөөчүлөрдүн эсептеринде каражаттардын бар же жок экендиги жөнүндө маалыматты Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык суроого жана алууга;
14) камсыздандыруу төгүмдөрүн төлөө боюнча аныкталган бузууларды жоюу жөнүндө талаптар аткарылбаган, камсыздандыруу төгүмдөрүн эсептөөгө жана төлөөгө байланышкан документтер МСКнын кызмат адамдарына берилбеген учурларда камсыздандыруу төгүмдөрүн төлөөчүлөрдүн банктардагы жана башка финансы-кредиттик мекемелердеги эсептери боюнча операцияларын Кыргыз Республикасынын мамлекеттик социалдык камсыздандыруу жөнүндө мыйзамдарында белгиленген тартипте токтотуп турууга;
15) салыктык контролдоонун жүрүшүндө, салыктык текшерүүлөрдү, рейддик салык контролун, хронометраждык изилдөөлөрдү жүргүзүүдө жана салык постун орнотууда иш жүзүндөгү маалыматтардын салык төлөөчү берген документтерге шайкештигин аныктоо үчүн аймактарды, жайларды жана салык салынуучу объекттерди изилдөө максатында ишкердик ишти жүзөгө ашыруу үчүн пайдаланылуучу аймакка же жайга жазуу жүзүндө берилген ыйгарым укуктардын негизинде кирүүгө;
16) электрондук түрдө кызматтарды көрсөтүүчү салык төлөөчүгө салыктык текшерүү жүргүзүүдө мындай бүтүмдүн катышуучуларынан электрондук бүтүмгө карата маалыматты талап кылууга;
17) Кыргыз Республикасына ЕАЭБге мүчө мамлекеттерден товарларды ташып киргизүүдө (импорттоодо) кыйыр салыктардын толук түшүүсүн камсыз кылуу максатында транспорттук каражаттарды кароого;
18) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык салык салуу чөйрөсүндөгү укук бузууларга бөгөт коюуга;
19) мамлекеттин кызыкчылыктарына зыян келтирүүнүн алдын алуу, ошондой эле субъекттердин укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоо максатында салык салуу чөйрөсүндөгү укук бузуулар жөнүндө маалыматты чогултууга жана талдоо жүргүзүүгө;
20) салык салуу предметине тиешелүү документтерди алууга, көчүрмөсүн жасатууга;
21) салык контролун жүргүзүүдө салыктык каттоосуз жана/же патенттин негизиндеги салыкты же өзгөчө режимдеги соода зоналарындагы ишке салыкты төлөбөстөн иш жүргүзгөн учурда жана/же Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан аныкталган товардык-материалдык баалуулуктарга баштапкы эсептик документтери жок болгон учурда салык төлөөчүнүн ишкердик иши менен байланышкан мүлк объекттерин мөөр басып бекитүүгө/пломбалоого;
22) фискалдык программалык камсыздоонун ыйгарым укуктуу салык органы тарабынан аныкталуучу талаптарга шайкештигин текшерүүгө жана салык контролун жүргүзүүдө анда сакталган маалыматтарды пайдаланууга;
23) банктык төлөм карталарын, электрондук акчаны, улуттук стандарттагы штрих-коддун (QR-коддун) эки өлчөмдүү символдорун, анын ичинде башка жакка катталгандарды пайдалануу менен төлөмдөрдү жүргүзүүгө арналган жабдуулардын (программалык-техникалык түзүлүштөрдүн) болушуна жана колдонулушуна контроль жүргүзүүгө;
24) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан аныкталган учурларда жана тартипте товардык-материалдык баалуулуктардын калдыктарын алууга;
25) Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексине ылайык өз компетенциясынын алкагында кошумча укуктук натыйжаларды колдонууга;
26) укук бузуулар жөнүндө иштерди Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген компетенциясынын алкагында кароого;
27) зарыл учурларда укук коргоо органдарына жана башка органдарга укук коргоо органдарынын жана башка органдардын компетенциясына кирген маселелер боюнча материалдарды берүүгө, ошондой эле сотко доо арыз берүүгө, анын ичинде Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган негиздер боюнча уюмду жоюу жөнүндө кайрылууга;
28) белгиленген мөөнөттө төлөнбөгөн салыктарды, камсыздандыруу төгүмдөрүн жана башка төлөмдөрдү, айыптарды, пайыздарды, туумдарды жана башка санкцияларды бюджеттин кирешесине өндүрүү жөнүндө юридикалык жана жеке жактарга, ошондой эле жарандарга карата сотто доо коюуга;
29) салык төлөөчүлөрдү каттоочу органдарга Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамдарында белгиленген тартипте мажбурлап жоюу жөнүндө арыз менен кайрылууга;
30) жүктөлгөн функцияларга ылайык башка органдар менен салыктарды башкаруу, анын ичинде импорт боюнча кыйыр салыктарды, камсыздандыруу төгүмдөрүн жана башка төлөмдөр боюнча өз ара аракеттенүү жөнүндө келишимдерди жана макулдашууларды түзүүгө;
31) белгиленген тартипте IT-адистер менен контракттык негизде эмгек келишимдерин түзүүгө;
32) салыктык текшерүүнүн жыйынтыгына кызыкдар эмес эксперттерди атайын билимдерди жана көндүмдөрдү талап кылган айрым маселелер боюнча изилдөө жүргүзүү жана консультация алуу үчүн ишке тартууга;
33) МСКнын компетенциясына кирүүчү буйруктарды өз алдынча же башка мамлекеттик органдар менен биргеликте чыгарууга;
34) салык органдарынын жана алардын кызмат адамдарынын чечимдерин жокко чыгарууга (колдонулушун токтотууга);
35) кызыктыруучу лотереялардын байге фондун түзүүнү, анын ичинде Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сатып алуулар чөйрөсүндөгү мыйзамдарына ылайык товарларды, кызмат көрсөтүүлөрдү жана жумуштарды сатып алуу жолу менен лотереянын жеңүүчүлөрүнө андан ары акысыз негизде өткөрүп берүүнү жүзөгө ашырууга;
36) салык органдарынын кызмат адамдары өз ишин жүзөгө ашырууда мыйзамдуулукту сактагандыгын контролдоого, салык кызматынын кызматкерлери тарабынан Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген талаптарды бузуу фактыларынын алдын алуу жана болтурбоо боюнча алдын алуучу иштерди жүргүзүүгө;
37) комплекстүү (тематикалык) текшерүүлөрдү жүргүзүү үчүн керектүү болгон документтерди (анын ичинде электрондук форматта) текшерүүгө, комплекстүү (тематикалык) текшерүүлөр объектинин кызматкерлеринен комплекстүү (тематикалык) текшерүүлөргө тиешелүү зарыл болгон документтердин көчүрмөлөрүн жана керектүү түшүндүрмөлөрдү алууга;
38) белгиленген тартипте салык, камсыздандыруу төгүмдөрү жана салыктык эмес кирешелер чөйрөсүндө маалыматтык иштерди жүргүзүүгө;
39) Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сатып алуулар чөйрөсүндөгү мыйзамдарына ылайык товарларды, кызмат көрсөтүүлөрдү жана жумуштарды сатып алууну жүзөгө ашырууга;
40) маалыматтык-презентациялык материалдардын, видеофильмдердин, картографиялык иштердин жана маалымдама адабияттардын, илимий-изилдөө иштеринин заказчысы катары чыгууга;
41) этил спиртин, алкоголдук жана спирт камтыган продукцияны өндүрүүгө, импорттоого, сактоого жана жүгүртүүгө байланыштуу маселелерди чечүү үчүн келишимдик негизде ата мекендик жана чет өлкөлүк адистерди жана/же юридикалык жактарды тартууга;
42) кеңешүүчү жана башка жумушчу органдарды түзүүгө;
43) МСКнын кызмат адамдарын мыйзамдарда белгиленген тартипте кесиптик даярдоону, аларды кайра даярдоону, квалификациясын жогорулатууну жана стажировкадан өтүүсүн камсыз кылууга;
44).этил спиртин, алкоголдук продукцияны мыйзамсыз өндүрүүгө жана жүгүртүүгө бөгөт коюу боюнча рейддик иш-чараларды жүргүзүү, ошондой эле каалагандай түрдөгү транспорт каражатын кароону, башкача айтканда транспорт каражатын анын конструкциялык бүтүндүгүн бузбастан жүргүзүлүүчү текшерүүнү жүзөгө ашыруу контрабандалык же болбосо мыйзамсыз жүгүртүүдөгү алкоголдук, спирт камтыган продукцияны аныктоо максатында жүзөгө ашырылат;
45) алкоголдук продукциянын түрлөрү жана ишканалар боюнча этил спиртин жана алкоголдук продукцияны өндүрүүнүн экономикалык болжолдорунун долбоорлорун иштеп чыгууга;
46) этил спиртин жана алкоголдук продукцияны өндүрүү жана жүгүртүү жаатында ченемдик-техникалык документтерди иштеп чыгууга, кайра карап чыгууга жана макулдашууга;
47) МСКнын демилгеси боюнча укук коргоо органдары, ошондой эле жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен биргелешкен иш-чараларды жүргүзүүгө;
48) этил спиртин жана алкоголдук продукцияны өндүрүү боюнча технологиялык нускамалардын сакталышын контролдоого;
49) ишканалардын өндүрүштүк базасынын мыйзамдардын талаптарына, технологиялык ченемдерге жана эрежелерге шайкеш келүүсүнө изилдөө жүргүзүүгө;
50) спирт жана алкоголдук тармактагы ишканалардын өндүрүштүк ишине талдоо жана мониторинг жүргүзүүгө;
51) бекитилген ставкаларга ылайык баалуу металлдардан жасалган зер буюмдарды, башка буюмдарды пробалоо, талдоо, мамлекеттик пробалык эн белги менен эн тамга басуу үчүн пробалык жыйымын алууга;
52) соттордо, укук коргоо органдарында, мамлекеттик бийлик органдарында жана башка уюмдарда өз кызыкчылыктарын коргоого;
53) так отчеттуулук бланктарынын заказчысы катары чыгууга;
54) укук бузуунун куралы же түздөн-түз объекти болгон предметтерди Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык алып коюуну жүзөгө ашырууга;
55) Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөр жөнүндө мыйзамдарына ылайык мамлекеттик кызматтарды көрсөтүүгө;
56) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык башка укуктарга.
6-глава. МСКнын милдеттери жана жоопкерчилиги
17. МСКнын бардык деңгээлдеги органдарынын укуктары, милдеттери жана жоопкерчиликтери, ошондой эле кызмат адамдарынын аракеттерине даттануу тартиби Кыргыз Республикасынын салык мыйзамдары жана Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актылары менен жөнгө салынат.
18. МСК органдарынын кызмат адамдары Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын, юридикалык жана жеке жактардын мыйзам менен корголуучу укуктарын жана кызыкчылыктарын так сактоого, ошондой эле кызматтык милдеттерин аткаруу учурунда алынган конкреттүү салык төлөөчү жөнүндө маалыматты кызматтык максатта гана пайдаланууга, салык төлөөчү жөнүндө мыйзамда белгиленген салыктык сырды сактоого, жеке, коммерциялык жана мамлекеттик сырды түзгөн маалыматтардын сакталышын өзүнүн компетенциясынын чегинде камсыздоого милдеттүү.
19. МСК бюджеттик-финансылык жана пенсиялык саясатты талдоо жана иштеп чыгуу үчүн талап кылынуучу отчетторду Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине жана Социалдык фондго мыйзамда белгиленген салыктык сырды сактоо шартында өз убагында берүүгө милдеттүү.
20. МСК органдары салык кызматы органынын кызмат адамынын салыкты эсептөөсүнө же башка чечимине канааттанбаган салык төлөөчүлөрдүн жана камсыздандыруу төгүмдөрүн төлөөчүлөрдүн, спирт, алкоголдук жана спирт камтыган продукцияны өндүрүүчүлөрдүн, сатуучулардын жана керектөөчүлөрдүн жазуу жүзүндөгү даттанууларын кароого жана чечим чыгарууга, ошондой эле өзүнүн чечими жөнүндө себебин көрсөтүү менен жазуу жүзүндө кабарлоо аркылуу аларга маалымдоого милдеттүү.
21. МСКнын жетекчилиги карамагындагы кызматкерлердин аракети (аракетсиздиги) үчүн коррупциянын алдын алуунун ички системасын түзүү, мыйзамдардын сакталышын, кызматтык тартиптин абалын үзгүлтүксүз контролдоону камсыз кылуу аркылуу жоопкерчилик тартат.
22. МСКнын аймактык бөлүмдөрү салык төлөөчүлөрдүн Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган тартипте берилген арызы боюнча Кыргыз Республикасынын салык жана банк мыйзамдарында жана Кыргыз Республикасынын мамлекеттик социалдык камсыздандыруу жөнүндө, ошондой эле юридикалык жактарды, филиалдарды (өкүлчүлүктөрдү) мамлекеттик каттоо жөнүндө мыйзамдарында белгиленген учурларда салыктык каттоо, салыктар жана мамлекеттик социалдык камсыздандырууга карата камсыздандыруу төгүмдөрү боюнча карызы жөнүндө маалымкаттарды берүүгө милдеттүү.
23. МСК органдарынын кызмат адамдары өз милдеттерин аткарбаган же талаптагыдай аткарбаган, салык төлөөчү жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген салыктык сырды жана камсыздандырылган адамдардын жеке камсыздандыруу эсебинде камтылган купуя маалыматтарды сактабаганы үчүн Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык тартиптик, мүлктүк жана кылмыш-жаза жоопкерчилигине тартылышат.
24. Салык кызматынын органдары жана алардын кызматкерлери өз милдеттерин талаптагыдай аткарбагандыктан салык төлөөчүгө келтирилген тикелей чыгымдардын орду (алынбай калган пайданы кошкондогу зыян) Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамдарында белгиленген тартипте толтурулууга тийиш.
7-глава. МСКнын ишин уюштуруу
25. МСКны төрага жетектейт, ал Кыргыз Республикасынын Президенти тарабынан кызмат ордуна дайындалат жана кызмат ордунан бошотулат.
26. МСКнын төрагасынын орун басарлары болот, алар МСКнын төрагасынын сунушу боюнча Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы тарабынан кызмат ордуна дайындалат жана кызмат ордунан бошотулат.
МСКнын төрагасынын орун басарлары МСКнын төрагасына түздөн-түз баш иет жана өз ишин аларга жүктөлгөн милдеттердин чегинде жүзөгө ашырат.
МСКнын төрагасы жок болгон учурда анын милдеттерин аткаруу анын орун басарларынын бирине жүктөлөт.
27. МСКнын төрагасы:
1) МСК органдарынын, анын ичинде аймактык бөлүмдөрүнүн ишин жетектейт, МСКга жүктөлгөн милдеттердин жана тапшырмалардын аткарылышы үчүн жеке жоопкерчилик тартат;
2) МСКнын атынан чыгат жана өз компетенциясынын чегинде Кыргыз Республикасынын башка мамлекеттик органдары менен өз ара аракеттенүүсүн камсыздайт;
3) төраганын орун басарларынын арасында функциялык милдеттерди бөлүштүрөт;
4) МСКнын борбордук аппаратынын, аймактык жана функционалдык бөлүмдөрүнүн түзүмүн бекитет, анын өзгөрүүсү МСКнын милдеттеринин жана функцияларынын өзгөрүүсүнө байланыштуу гана болушу мүмкүн. Мында жаңы төраганы дайындоо МСКнын түзүмүн өзгөртүү үчүн негиз болуп эсептелбейт;
5) МСКнын борбордук аппаратынын, аймактык жана функционалдык бөлүмдөрүнүн штаттык расписаниесин белгиленген чектүү штаттык сандын чегинде бекитет;
6) МСКнын борбордук аппаратынын, аймактык жана функционалдык бөлүмдөрүнүн түзүмдүк бөлүмдөрү жөнүндө жоболорду бекитет;
7) МСКнын кызматкерлерин белгиленген тартипте кызмат ордуна дайындайт жана кызмат ордунан бошотот, аларды жылдыруу жана ротациялоону ишке ашырат, аларга карата сыйлоо жана тартиптик жаза чараларын колдонот;
8) МСКнын аймактык жана функционалдык бөлүмдөрүнүн жетекчилерине айрым ыйгарым укуктарды өткөрүп берет;
9) МСКнын жылдык иш планын бекитет;
10) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине МСКнын иши жөнүндө отчетторду берет;
11).эмгек тартибинин сакталышын контролдойт жана эмгек шарттарын андан ары жакшыртуу боюнча иш-чаралардын жүргүзүлүшүн камсыз кылат;
12) биринчи кол коюу укугу менен акча каражаттарынын башкы тескөөчүсү болуп эсептелет;
13) белгиленген тартипте МСКнын кызматкерлерине атайын наамдарды ыйгарат, ошондой эле атайын жогорку наамдарды ыйгаруу жөнүндө сунуштарды киргизет;
14) МСКнын кызматкерлерин, ошондой эле МСКнын милдеттерин аткарууга көмөк көрсөткөн жарандарды сыйлоо үчүн МСКнын төш белгилерин (сыйлыктарын) жана башка ведомстволук сыйлыктарын белгиленген тартипте түзөт жана бекитет, ушул төш белгилер (сыйлыктар) жөнүндө жоболорду жана алардын баяндалышын белгиленген тартипте бекитет, аталган адамдарды төш белгилер (сыйлыктар), МСКнын грамоталары менен сыйлайт жана аларга карата Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган сыйлоонун башка түрлөрүн колдонот;
15) МСКнын аймактык жана функционалдык бөлүмдөрүнүн Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына каршы келген чечимдерин жокко чыгарат;
16) МСКнын алдына коюлган маселелерди чечүү үчүн башка ыйгарым укуктарды жүзөгө ашырат.
28. МСКда курамына МСКнын төрагасы, МСКнын төрагасынын орун басарлары, Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын өкүлү, мамлекеттик салык саясатын иштеп чыгуу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын, бюджетти болжолдоо жана аткаруу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын өкүлү, ошондой эле МСКнын борбордук аппаратынын түзүмдүк бөлүмдөрүнүн жетекчилери кирген 11 адамдан турган коллегия түзүлөт.
Коллегия мүчөлөрүнүн жеке курамы МСКнын төрагасы тарабынан бекитилет.
МСКнын коллегиясы жөнүндө жобо МСКнын төрагасы тарабынан бекитилет.
29. МСКнын аймактык жана функционалдык бөлүмдөрү өз ишин МСКнын төрагасы тарабынан бекитилген жоболорго ылайык жүзөгө ашырат.
30. МСКда мамлекеттик кызматчылардын этикасы боюнча комиссия иштейт.
31. МСКны каржылоо республикалык бюджеттин жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына каршы келбеген башка каржылоо булактарынын эсебинен ишке ашырылат.
32. МСК өзүнө бекитип берилген мүлккө карата Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамдарына ылайык ээлик кылуу, пайдалануу жана тескөө укугун жүзөгө ашырат.
33. МСК өз ишинде Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин алдында отчет берет.
8-глава. Корутунду жоболор
34. МСКнын ишин кайра уюштуруу жана токтотуу Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамдарына ылайык жүзөгө ашырылат.
35. МСКнын иши токтотулган учурда МСКнын документтери “Кыргыз Республикасынын Улуттук архив фонду жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык сакталат жана пайдаланылат.