Загрузка документа…
ЖАҢЫ-НООКАТ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН
ТОКТОМУ
2023-жылдын 19-январындагы № 15
Жаңы-Ноокат айыл өкмөтүнө караштуу Күнгөй-Хасана айылындагы 2019-жылдан баштап курулуп жаткан Социалдык комплекстин курулуш иштерин улантуу боюнча долбоорунун кош каржылоосу жөнүндө
Жаңы-Ноокат айыл өкмөтүнө караштуу Күнгөй-Хасана айылында жайгашкан Социалдык комплекс: мектеп, бала-бакча, ФАП, мечит жана ашкана курулуштарынын долбоорун ишке ашырууда кош каржылоону камсыз кылуу жөнүндөгү маселени карап чыгып жана талкуулап, курулуш материалдардын баасы кескин түрдө көтөрүлүп кеткендиги, акча каражаты жетиштүү болбой калгандыгынан жана жергиликтүү бюджетте акча каражатын таңкыстыгына байланыштуу Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 20-октябрындагы № 123 «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана жергиликтүү мамлекеттик администрациялар жөнүндөгү» мыйзамынын 3-бөлүмүндөгү, 34-беренесинин, 2 бөлүгүнүн, 17-бөлүкчөсүнө ылайык, Жаңы-Ноокат айылдык кеңешинин 7-чакырылышындагы кезектеги сессиясынын отуруму
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жаңы-Ноокат айыл өкмөтүнө караштуу Күнгөй-Хасана айылында жайгашкан, Социалдык комплекстин (мектеп, бала-бакча, ФАП, мечит жана ашкана) курулуштарынын долбоорун ишке ашырууда жергиликтүү бюджетте акча каражатын танкыстыгына байланыштуу кош каржылоону камсыз кылуу, 12 190 568 (он эки миллион жүз токсон миң беш жүз алтымыш сегиз) сомдук долбоор боюнча 2023-жылдагы курулуш иштерин улантуу максатында, Жергиликтүү бюджеттин жана жергиликтүү калктын эсебинен, Ош областык жана Ноокат райондук мамлекеттик администрацияларын өнүктүүрү фонддорунан төмөнкү көлөмдөгү акча каражаттары кош каржылоо үчүн суралсын:
Ош областык Өнүктүүрү фонду эсебинен- 6 000 000 (алты миллион ) сом акча каражаты,
Ноокат райондук Өнүктүүрү фонду эсебинен -3 000 000 (үч миллион) сом акча каражаты жана калган-3 190 568 (үч миллион жүз токсон миң беш жүз алтымыш сегиз) сом акча каражаты, жергиликтүү бюджеттин жана жергиликтүү калктын эсебинен камсыз кылынсын.
2. Ушул токтомдун аткарылышын Жаңы-Ноокат айыл өкмөтүнүн башчысына милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Жаңы-Ноокат айылдык кеңешинин “Экономика, бюджет, салык, ишкердүүлүктү өнүктүрүү, инвестиция тартуу жана тышкы экономикалык байланыш” боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Жаңы-Ноокат айылдык кеңешинин төрагасы | К. Сатторов |