ЖАҢЫ-НООКАТ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН
ТОКТОМУ
Кыргыз Республикасы Ош облусу Ноокат районундагы Жаңы-Ноокат айылдык кеңешинин (жетинчи чакырылышынын) кезектеги № 14-сессиясы
2023-жылдын 19-январындагы № 16
Жаңы-Ноокат айылдык кеңешинин 2023-жылга карата иш планын бекитүү жөнүндө
Жаңы-Ноокат айылдык кеңешинин 2023-жылда аткарыла турган иштерин карап чыгып жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана жергиликтүү мамлекеттик администрациясы” жөнүндөгү мыйзамына таянып Жаңы-Ноокат айылдык кеңешинин 7-чакырылышындагы кезектеги отуруму
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жаңы-Ноокат айылдык кеңешинин 2023-жылдын иш планы №1 тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Бекитилген иш планга негиз, ишти алып баруу жагы айылдык кеңешинин төрагасынын орун басарына жана туруктуу комиссияларынын төрагаларына жүктөлсүн.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Жаңы-Ноокат айылдык кеңешинин төрагасынын орун басарына милдеттендирилсин.
Жаңы-Ноокат айылдык кеңешинин төрагасы | К. Сатторов |