ЖАҢЫ-НООКАТ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН
ТОКТОМУ
Кыргыз Республикасы Ош облусу Ноокат районундагы Жаңы-Ноокат айылдык кеңешинин (жетинчи чакырылышынын) кезектеги № 14-сессиясы
2023-жылдын 19-январындагы № 17
Жаңы-Ноокат айыл өкмөтүнүн 2022-жылдын 20-декабрындагы № 325 сандуу Сунуш катына негиз
Жаңы-Ноокат айылдык кеңешинин “Экономика, бюджет, салык, ишкердүүлүктү өнүктүрүү, инвестиция тартуу жана тышкы экономикалык байланыш” боюнча туруктуу комиссиясынын 2023-жылдын 17-январындагы чогулушунун протоколуна негиз, Кыргыз Республикасынын 2022-жылдын 18-январындагы “Салык кодексин колдонууга киргизүү жөнүндөгү” № 4 мыйзамынын 3-беренесинин 2-бөлүмүнө ылайык, мүлк салыгы (1-2-4 топтогу ), тамарка салыгы, айыл-чарба багытындагы жана айыл чарба багытында эмес жер салыктары, 2023-жылга таштандыларды чыгаруу салык эмес жыйымдарынын ставкасы, мүлк жана жер салыктарынын зооналдык коэфиценттерин 2023-жылдын 1-январынан жогорулатуу жөнүндөгү маселени карап чыгып жана талкуулап, туруктуу комиссиясынын берген сунушунун негизинде, сессиянын отурумундагы депутаттардын сын-пикирлери менен сунуштарын эске алып,, Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 20-октябрындагы № 123 сандуу "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана жергиликтүү мамлекеттик администрациясы жөнүндөгү" Мыйзамынын 3-бөлүмүндөгү, 34-беренесинин, 2-бөлүгүнүн 4-бөлүкчөсүнө ылайык, Жаңы-Ноокат айылдык кеңешинин 7-чакырылышындагы кезектеги сессиясынын отуруму
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. 2023-жылдын 1-январынан баштап, Жаңы-Ноокат айыл аймагында, таштандыларды чыгаруу салык эмес жыйымдарын, мүлк жана жер салыктарынын зооналдык коэфиценттери, өткөн жылкы ставкалар өлчөмүндө калтырылсын.
2. Токтомдун аткарылышы Жаңы-Ноокат айыл өкмөтүнүн ФЭБ башчысы М. Махмудовго жүктөлсүн.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Жаңы-Ноокат айылдык кеңешинин “Экономика, бюджет, салык, ишкердүүлүктү өнүктүрүү, инвестиция тартуу жана тышкы экономикалык байланыш”боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Жаңы-Ноокат айылдык кеңешинин төрагасы | К. Сатторов |