Загрузка документа…
ЖАҢЫ-НООКАТ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН
ТОКТОМУ
2023-жылдын 19-январындагы № 18
Дөң-Кыштак айылынын тургуну Жалолов Турдали Ахмадалиевичке тиешелүү тамеки сарай багытындагы 494.0 чарчы метр жер тилкесинин максаттык багытын өзгөртүү жөнүндө
Дөң-Кыштак айылынын тургуну Жалолов Турдали Ахмадаливичке тиешелүү тамеки сарай багытындагы 494.0 чарчы метр жер аянтынын максаттык багытын өзгөртүп берүү жөнүндөгү маселени карап чыгып жана талкуулап, Жаңы-Ноокат айылдык кеңешинин “Айыл чарбасы, суу, жер, муниципалдык менчик, жайыттарды пайдалануу, өзгөчө кырдаалдарды алдын алуу, экология жана жаратылышты коргоо” боюнча туруктуу комиссиясынын 2023-жылдын 18-январындагы чогулушунун протоколуна негиз, Кыргыз Республикасынын Жер Кодексинин 13,18-статьясына жана Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 20-октябрындагы № 123 «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана жергиликтүү мамлекеттик администрациялар жөнүндөгү» Мыйзамынын 3-бөлүмүндөгү, 34-беренесинин, 2 бөлүгүнүн, 7-бөлүкчөсүнө ылайык, Жаңы-Ноокат айылдык кеңешинин 7-чакырылышындагы кезектеги сессиясынын отуруму
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жаңы-Ноокат айыл өкмөтүнө караштуу, Дөң-Кыштак айылынын тургуну Жалолов Турдали Ахмадалиевичке тиешелүү тамеки сарай багытындагы 494.0 чарчы метр жер тилкесин, максаттык багытын турак-жай багытына өзгөртүп берүү жөнүндөгү арызы канааттандырылсын.
2. Кыргыз Республикасынын Жер, Салык Кодекстеринин жана жер мамилелери боюнча мыйзамдарынын негизинде, ушул токтомдун аткарылышын Жаңы-Ноокат айыл өкмөтүнүн башчысына милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Жаңы-Ноокат айылдык кеңешинин “Айыл чарбасы, суу, жер, муниципалдык менчик, жайыттарды пайдалануу, өзгөчө кырдаалдарды алдын алуу,экология жана жаратылышты коргоо” боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы А.Коңурбаевге милдеттендирилсин.
Жаңы-Ноокат айылдык кеңешинин төрагасы | К. Сатторов |