Загрузка документа…
ЖАҢЫ-НООКАТ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН
ТОКТОМУ
2023-жылдын 2-матрындагы № 1
Жаңы-Ноокат айыл өкмөтүнүн 2023-жылдын 02-мартындагы № 68 сандуу катына негиз, Ош-Баткен-Раззаков эл аралык маанидеги жолдун курулушуна шагал алуу үчүн карьер ажыратып берүү жөнүндө
Ош-Баткен-Раззаков унаа жолунун 28-75 чакырым аралыгын реаблитациядан өткөрүүгө көмөк көрсөтүү, автоунаалардын кыймылына ынгайлуу шарттарды түзүү максатында, Ноокат райондук мамлекеттик администрациясынын 2023-жылдын 02-мартындагы № 01-25/566 сандуу катына негиз, Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 20-октябрындагы № 123 сандуу "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана жергиликтүү мамлекеттик администрациясы жөнүндөгү" мыйзамынын 3-бөлүмүндөгү, 34-беренесинин, 2-бөлүгүнүн 17-бөлүкчөлөрүнө ылайык, Жаңы-Ноокат айылдык кеңешинин 7-чакырылышындагы кезектеги сессиясынын отуруму
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Эл аралык маанидеги Ош-Баткен-Раззаков автоунаа жолунун курулушуна жакындан көмөк көрсөтүү максатында, Жаңы-Ноокат айыл өкмөтүнө караштуу “Күнгөй-Хасана” айылындагы Адыр участкасына өтүчүү Аулгаз бөлүмүндөгү айыл чарбасына ыңгайсыз таштуу жайыт болуп эсептелген жерден 10.0 га жер аянтын убактылуу шагал алуу үчүн, пайдаланууга берүү боюнча Жаңы-Ноокат айыл өкмөтүнүн 2023-жылдын 02-мартындагы № 68 сандуу каты канаатандырылсын.
2. Айыл чарбасына ыңгайсыз таштуу жайыт болуп эсептелген жерди, убактылуу пайдаланууга берүү боюнча иш-аракеттерди Кыргыз Республикасынын Жер Кодекси жана башка жер мамилелери боюнча мыйзамдарынын чегинде, тактап, аткарууга алуу жагы айыл өкмөтүнүн жер адиси М.Хайдаралиевге милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Жаңы-Ноокат айылдык кеңешинин “Айыл чарбасы, суу, жер, муниципалдык менчик, жайыттарды пайдалануу, өзгөчө кырдаалдарды алдын алуу, экология жана жаратылышты коргоо” боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы А.Коңурбаевге тапшырылсын.
Жаңы-Ноокат айылдык кеңешинин төрагасы | К. Сатторов |