Сравнение редакций…
| 3-тиркеме |
| (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 19-сентябрындагы № 592 токтому менен бекитилди) |
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине
караштуу Мамлекеттик бажы кызматы жөнүндө
жобо
1-глава. Жалпы жоболор
1. Ушул Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик бажы кызматы жөнүндө жобо (мындан ары – Жобо) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик бажы кызматынын (мындан ары – МБК) ишинин укуктук жана уюштуруучулук негиздерин аныктайт.
2. МБК Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик бажы кызматынын укук улантуучусу болуп эсептелет.
3. МБК Кыргыз Республикасында бажы ишине түздөн-түз жетекчилик кылуучу жана бажы иши чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын функцияларына жана аскерлештирилген укук коргоо органынын статусуна ээ болгон Кыргыз Республикасынын аткаруу бийлигинин мамлекеттик органы болуп саналат.
4. МБК өз ишинде Кыргыз Республикасынын Конституциясын жана мыйзамдарын, Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларын, эл аралык укуктун жалпы таанылган принциптерин жана ченемдерин, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык күчүнө кирген эл аралык келишимдерди жана ушул Жобону жетекчиликке алат.
5. МБК Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин чечими боюнча уставдык капиталында мамлекетке таандык акциялар (үлүштөр) бар чарбалык коомдордо уюштуруучунун, акционердин (катышуучунун) ыйгарым укуктарын ишке ашырат.
6. МБК өз ишин мамлекеттик органдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, юридикалык жана жеке жактар менен өз ара аракеттенүү аркылуу жүргүзөт.
7. МБК юридикалык жак болуп саналат, өз алдынча балансы, обочолонгон мүлкү, Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик гербинин сүрөтү түшүрүлгөн жана мамлекеттик жана расмий тилдерде өзүнүн аталышы жазылган мөөрү, ошондой эле белгиленген тартипте ачылган эсептери бар.
Уюштуруучулук-укуктук формасы – оперативдүү башкаруу укугунда түзүлгөн мамлекеттик мекеме.
8. Толук фирмалык аталышы:
1) мамлекеттик тилде: “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик бажы кызматы”;
2).расмий тилде: “Государственная таможенная служба при Кабинете Министров Кыргызской Республики”.
9. Кыскартылган аталышы:
1) мамлекеттик тилде: “МБК”;
2) расмий тилде: “ГТС”.
10. МБКнын юридикалык дареги: 720020, Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары, Байтик баатыр көчөсү, 4а.
2-глава. МБКнын ишинин максаты
11. МБКнын ишинин максаты болуп бажы укуктук мамилелерин жөнгө салуучу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык күчүнө кирген эл аралык келишимдердин, Евразия экономикалык бирлигинин укугун түзүүчү актылардын, ошондой эле Кыргыз Республикасынын бажылык жөнгө салуу жөнүндө мыйзамдарынын сакталышын камсыз кылуу эсептелет.
3-глава. МБКнын милдеттери
12. МБКнын негизги милдеттери болуп төмөнкүлөр эсептелет:
1) Евразия экономикалык бирлигинин бажы чек арасындагы өткөрмө пункттары аркылуу товарларды жана транспорт каражаттарын өткөрүүдө тышкы экономикалык иштин субъекттери (мындан ары – жактар) үчүн жагымдуу шарттарды түзүү;
2) мамлекеттин экономикасына инвестицияларды көбөйтүү максатында бажылык жөнгө салуунун сапатын жогорулатуу;
3) бажы мыйзамдарын өркүндөтүү жана аларды ишке ашырууну камсыздоо боюнча сунуштарды иштеп чыгуу;
4) товарларды Евразия экономикалык бирлигинин бажы аймагына ташып келүүдө мамлекеттик коопсуздукту, жарандардын өмүрүн жана ден соолугун коргоо, жаныбарларды жана өсүмдүктөрдү коргоо, айлана-чөйрөнү коргоо, ата мекендик керектөөчүлөрдүн кызыкчылыктарын коргоо боюнча чараларды ишке ашырууга көмөктөшүү;
5) Кыргыз Республикасынын бажы ишине тиешелүү бөлүгүндө эл аралык милдеттенмелеринин аткарылышын камсыз кылуу.
4-глава. МБКнын функциялары
13. МБК өзүнүн милдеттерин аткаруу үчүн төмөнкүдөй функцияларды ишке ашырат:
1) товарларды жана транспорт каражаттарын бажы чек арасы аркылуу өткөрүүгө байланышкан мамилелерди жөнгө салуу функциялары:
– Евразия экономикалык бирлигинин бажы чек арасындагы өткөрмө пункттары аркылуу өткөрүлүүчү, анын ичинде эркин экономикалык зоналардын чек аралары аркылуу өткөрүлүүчү товарларга жана транспорт каражаттарына карата Евразия экономикалык бирлигинин Бажы кодексинин, бажы укуктук мамилелерин жөнгө салуучу башка эл аралык келишимдердин жана Евразия экономикалык бирлигинин укугун түзүүчү актылардын ченемдерин колдонууну камсыз кылат;
– Евразия экономикалык бирлигинин бажы чек арасындагы өткөрмө пункттары аркылуу өткөрүлүүчү, анын ичинде эркин экономикалык зоналардын чек аралары аркылуу өткөрүлүүчү товарларга карата бажы иши чөйрөсүндө чараларды иштеп чыгууга катышат жана өзүнүн компетенциясынын алкагында бул чараларды ишке ашырууну уюштурат;
– Евразия экономикалык бирлигинин бажы чек арасы аркылуу товарларды өткөрүүдө бажы органдары тарабынан бажы төлөмдөрүн алууну уюштурат;
– өткөрмө пункттарында жана бажылык тариздөө жерлеринде функциялардын кайталануусун жоюу боюнча мамлекеттик контролдоочу органдардын функцияларын координациялайт;
– бажы инфраструктурасын өнүктүрүү үчүн чараларды иштеп чыгат жана шарттарды түзөт;
– бажы иши чөйрөсүндө иш жүргүзгөн жактардын, ыйгарым укуктуу экономикалык операторлордун ишин жөнгө салат;
– Евразия экономикалык бирлигинин Бажы кодексинин, бажы укуктук мамилелерин жөнгө салуучу башка эл аралык келишимдердин жана Евразия экономикалык бирлигинин укугун түзүүчү актылардын жана Кыргыз Республикасынын бажы иши чөйрөсүндөгү мыйзамдарынын ченемдерин бирдей колдонуунун сакталышын контролдойт;
– товарларды Евразия экономикалык бирлигинин бажы аймагына ташып келүүдө жарандардын өмүрүн жана ден соолугун, айлана-чөйрөнү коргоо, ата мекендик керектөөчүлөрдүн кызыкчылыктарын коргоо боюнча чараларды ишке ашырууга бажы органдарынын катышуусун камсыз кылат;
– Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык Евразия экономикалык бирлигинин бажы чек арасындагы өткөрмө пункттарында радиациялык контролду жүргүзөт;
– Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык Евразия экономикалык бирлигинин бажы чек арасындагы өткөрмө пункттарында транспорттук контролду жүргүзөт;
– мамлекеттик органдар менен кызматташат жана өз ара аракеттенет;
– бажы иши чөйрөсүндө, анын ичинде бажылык укук бузууларды жана кылмыштарды аныктоо жана болтурбоо жаатында чет мамлекеттердин бажы жана башка компетенттүү органдары менен белгиленген тартипте кызматташат жана өз ара аракеттенет;
– Кыргыз Республикасынын бажы ишине тиешелүү бөлүгүндөгү эл аралык милдеттенмелеринин аткарылышын камсыз кылат;
– Кыргыз Республикасынын бажы иши чөйрөсүндөгү мыйзамдарын колдонуу практикасын жалпылайт жана талдайт;
– чарбалык субъект тарабынан таризделген, бажы операцияларын жүргүзүү үчүн зарыл болгон санариптик документтерди авторизациялайт жана алардын Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген талаптарга шайкештигин жана эл аралык макулдашууларга ылайык электрондук кол тамганы чарбалык субъекттин колдонуусунун укук ченемдүүлүгүн ырастайт;
– уставдык капиталында мамлекеттик катышуу үлүшү бар чарбалык коомдордо уюштуруучунун, катышуучунун (акционердин) ыйгарым укуктарын жүзөгө ашырат;
2) бажы статистикасын түзүү жана жүргүзүү функциялары:
– бажы иши жаатындагы статистикалык маалыматтарды жыйнайт, иштеп чыгат жана талдайт;
– Евразия экономикалык бирлигинин Бажы кодексинин, бажы укуктук мамилелерин жөнгө салуучу башка эл аралык келишимдердин жана Евразия экономикалык бирлигинин укугун түзүүчү актылардын методологиясына ылайык тышкы сооданын бажы статистикасын жана Кыргыз Республикасынын атайын бажы статистикасын жүргүзөт;
– тышкы сооданын бажы статистикасынын маалыматтарын расмий жарыялоону жүзөгө ашырат;
3) бажылык укук бузуулардын жана кылмыштардын алдын алуу жана бөгөт коюу функциялары:
– Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында аныкталган тартипте, анын ичинде башка укук коргоо органдары менен биргеликте чаралардын системасын иштеп чыгуу жана ишке ашыруу жолу менен бажы иши чөйрөсүндөгү укук бузууларга бөгөт коюуну жүзөгө ашырат;
– мамлекеттин кызыкчылыктарына зыян келтирүүнүн алдын алуу, ошондой эле субъекттердин укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоо максатында бажылык укук бузуулар жана кылмыштар боюнча маалыматтарды чогултат жана талдайт;
– бажылык укук бузуулар жана кылмыштар чөйрөсүндөгү иштердин өндүрүшүндө бажы органдары тарабынан Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын ченемдеринин сакталышын контролдойт;
– бажы органдары тарабынан Кыргыз Республикасынын ыкчам-иликтөө иши жөнүндө мыйзамдарынын ченемдеринин сакталышын контролдойт;
–.бажылык укук бузуулар жана кылмыштар чөйрөсүндөгү иштердин өндүрүшү боюнча методологияны жүргүзөт;
– чет мамлекеттердин бажы жана башка компетенттүү органдары менен бажылык укук бузууларды жана кылмыштарды аныктоо жана бөгөт коюу жаатында кызматташууну жана өз ара аракеттенүүнү жүзөгө ашырат;
– тейлеген тармагындагы чөйрөдө укуктук пропагандалоо боюнча иш-чараларды өткөрөт;
4) колдоо функциялары:
– Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык бажы маселелери боюнча маалымат менен камсыздоо системасын түзөт жана тышкы экономикалык иштин субъекттери жана алардын кесиптик бирикмелери (ассоциациялары) менен консультативдик мүнөздөгү расмий мамилелерди түзөт;
– тышкы экономикалык иштин субъекттерине жана алардын кесиптик бирикмелерине (ассоциацияларына), бажы иши чөйрөсүндө иш жүргүзгөн жактарга, ыйгарым укуктуу экономикалык операторлорго бажы маселелери боюнча, анын ичинде алдынкы тажрыйбаны жайылтуу, инновациялык методдорду жана технологияларды ишке киргизүү, бажы маселелери боюнча семинарларды, тренингдерди, окуу курстарын, конференцияларды жана башка иш-чараларды уюштуруу жана өткөрүү боюнча маалыматтык-методикалык колдоо көрсөтөт;
– Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте жактардын даттанууларын жана кайрылууларын өз убагында жана толук кароону камсыз кылат;
– Кыргыз Республикасынын бажы органдарынын бирдиктүү автоматташтырылган маалыматтык системасын түзүүнү, иштетүүнү жана өркүндөтүүнү камсыз кылат;
– башка мамлекеттик бийлик органдары менен маалыматтык өз ара аракеттенүү жаатында кызматташат;
– бажы органдарынын материалдык-техникалык жана социалдык базасын түзөт жана өнүктүрөт;
– бажы органдарынын кадрдык ресурстарга болгон, анын ичинде айкалыштырып иштөө шартында окуу-методикалык процесс үчүн профессордук-окутуучу курамды тартуу боюнча керектөөлөрүн болжолдоону жүргүзөт;
– ички контролдоо системасынын натыйжалуулугун жана финансылык-чарбалык иштин натыйжалуулугун баалайт, МБКнын компетенциясынын чегинде баалоонун жыйынтыгы боюнча сунуштамаларды иштеп чыгат;
– Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында МБКга жүктөлгөн башка функцияларды аткарат.
5-глава. МБКнын укуктары
14. МБК төмөнкүдөй укуктарга ээ:
1) мамлекеттик органдардан жана менчигинин түрүнө карабастан башка юридикалык жана жеке жактардан өзүнө жүктөлгөн милдеттерди жана функцияларды аткаруу үчүн зарыл болгон документтерди жана маалыматтарды суроого жана алууга;
2) менчигинин түрүнө карабастан юридикалык жана жеке жактар жөнүндө маалыматты, анын ичинде МБКнын жумушчуларына жана кызматкерлерине карата ага жүктөлгөн милдеттерди жана функцияларды аткаруу үчүн зарыл болгон жеке мүнөздөгү маалыматты Кыргыз Республикасынын жеке маалыматтар чөйрөсүндөгү мыйзамдарына ылайык суроого, чогултууга, иштеп чыгууга, сактоого, пайдаланууга, берүүгө жана коргоого;
3) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык бажы иши маселелери боюнча тышкы экономикалык иштин катышуучуларын текшерүүгө;
4) мамлекеттин атынан юридикалык жактардын уюштуруучусу катары чыгууга, уставдык капиталында мамлекеттик үлүшү бар чарбакер коомдордо акционердин (катышуучунун) укуктарын жүргүзүүгө;
5) бажы иши чөйрөсүндө уруксат берүү тартиби бөлүгүндө иш-чараларды жүргүзүүгө;
6) белгиленген тартипте:
– бажы иши чөйрөсүндө иш жүргүзгөн жактарды, ыйгарым укуктуу экономикалык операторлорду реестрлерге киргизүүгө жана чыгарууга; квалификациялык күбөлүктү берүүгө, колдонулушун токтото турууга жана чакыртып алууга;
– бажы иши чөйрөсүндө ыкчам-издөө ишин жүргүзүүгө;
– эл аралык терроризмге каршы күрөшүүгө көмөк көрсөтүүгө;
– бажы органдарынын тергөөсүнө караштуу кылмыштар жөнүндө кылмыш иштери боюнча тергөө жүргүзүүгө;
7) бажы ишине тийиштүү маселелер боюнча мамлекеттер аралык интеграциялык бирикмелердин ишине катышууга;
8) бажы ишине тийиштүү маселелерди чечүү үчүн Кыргыз Республикасына келген чет өлкөлүк делегацияларды белгиленген тартипте кабыл алууга;
9) Кыргыз Республикасында бажы ишин өнүктүрүү боюнча иш-чараларды каржылоого, мүлктү, анын ичинде бажы органдарынын мүлкүн МБКны өнүктүрүү фонду тарабынан белгиленген тартипте башкарууга жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган башка булактар менен тескөөгө;
10) Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сатып алуулар чөйрөсүндөгү мыйзамдарына ылайык товарларды, жумуштарды жана кызмат көрсөтүүлөрдү сатып алууга;
11) бажы иши маселелери боюнча консультациялык, координациялык жана эксперттик кеңештерди, убактылуу чыгармачыл жамааттарды жана жумушчу топторду түзүүгө;
12) бажы ишинин проблемаларын чечүүгө илимий мекемелерди, окумуштууларды жана адистерди келишимдик негизде тартууга;
13) өзүнүн ыйгарым укуктарынын чегинде Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдары, юридикалык жана жеке жактары, чет мамлекеттердин бажы кызматтары, бажы иши чөйрөсүндөгү чет өлкөлүк мекемелер жана эл аралык уюмдар менен өз ара аракеттенүүгө жана кызматташууга;
14) бажы иши жаатында илимий жана изилдөө иштерин, кызыкдар министрликтердин, ведомстволордун жана эл аралык уюмдардын катышуусу менен семинарларды өткөрүүнү уюштурууга, ошондой эле башка өлкөлөрдө өткөрүлүүчү семинарларга катышууга; өзүнүн системасында илимий-изилдөө мекемелеринин жана кесиптик жана кошумча билим берүү окуу жайларынын иштөөсүн камсыз кылууга;
15) белгиленген штаттык сандын чегинде борбордук аппараттын жана ведомстволук бажы органдарынын түзүмүн түзүүгө, белгиленген тартипте аларды кайра уюштурууга;
16) МБКнын системасынын кызмат адамдарын (мындан ары – кызматкерлер) жана жумушчуларын укуктук жана социалдык коргоо чараларын ишке ашырууга;
17) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген акы төлөнүүчү кызматтарды (жумуштарды) көрсөтүүгө, ошондой эле белгиленген тартипте кызмат көрсөтүүлөргө тарифтердин прейскурантын аныктоого жана бекитүүгө;
18) белгиленген тартипте кызматкерлерди даярдоону, кайра даярдоону жана квалификациясын жогорулатууну уюштурууга жана жүргүзүүгө;
19) кызматтык максаттарда маалыматтык системаларды, байланыш системаларын жана маалыматтарды берүү системаларын, ошондой эле маалыматты коргоо каражаттарын пайдаланууга;
20) контракттык негизде IT-адистер менен эмгек келишимдерин түзүүгө;
21) ички контролдоо системасынын натыйжалуулугун жана анын МБКнын максаттарына шайкештигин баалоого;
22) МБКнын компетенциясынын чегинде чет мамлекеттер жана эл аралык уюмдар менен долбоорлорду иштеп чыгууга жана белгиленген тартипте эл аралык келишимдерге жана макулдашууларга, башка документтерге кол коюуга;
23) МБКнын компетенциясынын чегинде ченемдик укуктук актылардын долбоорлорун иштеп чыгууга;
24) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган башка укуктарды жүргүзүүгө.
6-глава. Ишти уюштуруу
15. МБК төмөнкүлөрдөн турган борборлоштурулган системаны (бажы органдары) билдирет:
1) борбордук аппараттан;
2) МБКнын башкаруу схемасында аныкталган ведомстволук бажы органдарынан.
16. МБКны төрага башкарат, ал Кыргыз Республикасынын Президенти тарабынан кызмат ордуна дайындалат жана кызмат ордунан бошотулат.
17. МБКда төмөнкү кызмат орундары уюштурулат:
1) төраганын биринчи орун басары, төраганын орун басарлары, алар МБКнын төрагасынын сунушу боюнча Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы тарабынан кызмат ордуна дайындалат жана кызмат ордунан бошотулат;
2) чет мамлекеттердин бажы кызматтарындагы Кыргыз Республикасынын бажы кызматынын өкүлдөрү, алар чет мамлекеттердин тийиштүү бажы кызматтары менен макулдашуу боюнча МБКнын төрагасы тарабынан кызмат ордуна дайындалат жана кызмат ордунан бошотулат.
18. МБКнын төрагасы:
1) МБКнын жана бажы органдарынын ишин жеке башчылык принцибинде жетектейт;
2) МБКга жүктөлгөн милдеттердин жана функциялардын аткарылышы үчүн жеке жоопкерчилик тартат;
3) МБКнын атынан чыгат жана анын Кыргыз Республикасынын башка мамлекеттик органдары жана эл аралык уюмдар менен өз ара аракеттенүүсүн камсыз кылат;
4) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин тапшырмасы боюнча өзүнүн компетенциясынын чегинде ведомстволор аралык эл аралык келишимдерге жана макулдашууларга, ошондой эле башка документтерге кол коет;
5) төраганын орун басарларынын ортосунда милдеттерди жана функцияларды бөлүштүрөт;
6) белгиленген жалпы сандын жана эмгек акы төлөө фондунун чегинде төмөнкүлөрдү бекитет:
– МБКнын борбордук аппаратынын түзүмүн жана штаттык расписаниесин, ошондой эле борбордук аппараттын бөлүмдөрүнүн жоболорун, жетекчилеринин жана кызматкерлеринин функциялык (кызматтык) милдеттерин;
– ведомстволук бажы органдарынын түзүмүн жана штаттык расписаниесин жана алар жөнүндө жоболорду;
– МБКнын борбордук аппаратынын жана ведомстволук бажы органдарынын кирешелеринин жана чыгашаларынын сметасын;
7) борбордук аппараттын бөлүмдөрүнүн жетекчилерин жана кызматкерлерин, ведомстволук бажы органдарынын жетекчилерин жана кызматкерлерин кызмат ордуна дайындайт жана кызмат ордунан бошотот;
8) МБКнын системасында аткаруу үчүн милдеттүү болгон буйруктарды чыгарат, алардын аткарылышын текшерүүнү уюштурат;
9) МБКнын материалдык-техникалык жана социалдык базасын өнүктүрүүгө жана чыңдоого, анын ичинде кызматтык имараттарды, дарылоо-ден соолукту чыңдоо жана спорттук объекттерди курууну каржылоону аныктайт;
10) өзүнүн ыйгарым укуктарынын чегинде бажы органдарынын кызматкерлерине атайын наамдарды ыйгарат, белгиленген тартипте бажы органдарынын кызмат адамдарына жогорку атайын наамдарды ыйгаруу жөнүндө сунуштарды киргизет;
11) бажы органдарынын, ведомстволук бажы органдарынын өздүк курамын натыйжалуу пайдалануу максатында кызматкерлерди ротациялоону жүргүзөт;
12) белгиленген тартипте ведомстволук сыйлыктарды уюштурат жана бажы органдарынын кызматкерлерин жана жумушчуларын, эл аралык уюмдардын жана чет мамлекеттердин бажы органдарынын өкүлдөрүн сыйлайт;
13) МБКнын кызматкерлерине Кыргыз Республикасынын ардак наамдарын ыйгарууга жана мамлекеттик сыйлыктары менен сыйлоого белгиленген тартипте сунуш киргизет;
14) МБКнын кызматкерлерин аттестациядан өткөрүү мөөнөтүн белгилейт;
15) белгиленген тартипте МБКнын системасындагы кызматкерлерге жана жумушчуларга карата сыйлоонун жана тартиптик жазалардын түрлөрүн колдонот;
16) белгиленген тартипте транзит боюнча улуттук координатордун милдеттерин аткарат;
17) төраганын орун басарларына жана ведомстволук бажы органдарынын начальниктерине айрым ыйгарым укуктарды берүүгө укуктуу;
18) эмгек мыйзамдарына ылайык борбордук аппараттын жумушчуларын жалдайт жана бошотот;
19) коррупциянын алдын алуунун ички системасын түзүү, мыйзамдардын сакталышын, кызматтык тартиптин абалын үзгүлтүксүз контролдоону камсыз кылуу аркылуу МБКнын кызматкерлеринин аракеттери (аракетсиздиги) үчүн жоопкерчилик тартат;
20) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык башка укуктарды жүргүзөт.
19. МБКда 11 адамдан турган, курамына МБКнын төрагасы, төраганын орун басарлары, Россия Федерациясынын бажы кызматынын Кыргыз Республикасынын бажы кызматындагы өкүлү, Казакстан Республикасынын бажы кызматынын Кыргыз Республикасынын бажы кызматындагы өкүлү, Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын өкүлү, мамлекеттик бажы саясатын иштеп чыгуу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын, бюджетти болжолдоо жана аткаруу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын өкүлү, ошондой эле МБКнын борбордук аппаратынын жана ведомстволук бажы органдарынын түзүмдүк бөлүмдөрүнүн жетекчилери кирген коллегия түзүлөт.
Коллегиянын мүчөлөрүнүн жеке курамын, МБКнын коллегиясы жөнүндө жобону МБКнын төрагасы бекитет.
20. МБКнын алдында бажы иши боюнча консультативдик кеңеш иштейт, анын курамы жана ал жөнүндө жобо МБКнын буйругу менен бекитилет.
21. МБКны каржылоо Кыргыз Республикасынын бюджеттик мыйзамдарында каралган булактардын жана каражаттардын эсебинен жүргүзүлөт.
22. МБКнын иш планы МБКнын төрагасы тарабынан бекитилет.
7-глава. Корутунду жоболор
23. МБКны кайра уюштуруу же жоюу Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамдарына ылайык жүргүзүлөт.
24. МБКнын иши токтотулган учурда МБКнын документтери “Кыргыз Республикасынын Улуттук архив фонду жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык сакталат жана пайдаланылат.

(КР Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 17-июлундагы № 496 токтомунун редакциясына ылайык)

71) Кыргыз Республикасынын жарандарын, чет мамлекеттердин жарандарын иши МБКнын төрагасы тарабынан бекитилген жобо менен жөнгө салынуучу төраганын коомдук башталыштагы кеңешчилеринин кызмат ордуна дайындоого жана аларды кызмат ордунан бошотууга укуктуу;