Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН ЖАРЛЫГЫ
2025-жылдын 28-ноябры ПЖ № 331
Кыргыз Республикасынын мамлекеттик саламаттык сактоо уюмдарынын потенциалын жана атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн жогорулатуу боюнча чаралар жөнүндө
Башкаруучулук жана финансылык өз алдынчалыктын чектелгендиги, кадр саясатында ийкемдүүлүктүн жана кызматкерлерге дем берүүнүн жетишсиздиги, ошондой эле жеке секторго салыштырмалуу атаандаштыкка жөндөмдүүлүктүн төмөндүгү менен мүнөздөлгөн Кыргыз Республикасынын мамлекеттик саламаттык сактоо уюмдарынын ишинде сакталып келе жаткан системалык проблемалардын шарттарында алардын ишин жөнгө салуу боюнча жаңы ыкмаларды апробациялоо зарылдыгы бышып жетилди.
Колдонуудагы башкаруу модели саламаттык сактоо уюмдарынын өздүк кирешелерин натыйжалуу пайдалануу, кошумча ресурстарды тартуу жана заманбап башкаруу методдорун киргизүү боюнча мүмкүнчүлүктөрүн чектейт. Бул көрсөтүлүүчү медициналык-санитардык жардамдын сапатына, инновациялык технологиялардын жеткиликтүүлүгүнө жана медицина кызматкерлеринин мотивациясына терс таасирин тийгизүүдө.
Финансылык туруктуулукту, уюштуруучулук ийкемдүүлүктү жана медициналык-санитардык жардамдын сапатын жогорулатууну камсыз кылууга мүмкүндүк берген оптималдуу чечимдерди издөө үчүн айрым мамлекеттик саламаттык сактоо уюмдарына Жарандарды медициналык-санитардык жардам менен камсыздоо боюнча мамлекеттик кепилдиктер программасын аткаруу боюнча милдеттенмелерди бир эле учурда сактоо менен башкаруучулук жана финансылык автономия берүү боюнча апробациялык режим демилгеленет.
Мамлекеттик саламаттык сактоо уюмдарынын ишинин натыйжалуулугун жогорулатуу, алардын потенциалын жана атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн өнүктүрүү, көрсөтүлүүчү медициналык-санитардык жардамдын сапатын жакшыртуу үчүн шарттарды түзүү максатында, “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 311-беренесине ылайык, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 66, 71-беренелерин жетекчиликке алып, токтом кылам:
1. Кыргыз Республикасынын мамлекеттик саламаттык сактоо уюмдарынын ишин убактылуу жөнгө салуу боюнча апробациялык режим 2026-жылдын 1-январынан тартып 31-декабрына чейин киргизилсин.
2. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети ушул Жарлыктын 1-пунктунда көрсөтүлгөн апробациялык режимди ишке ашыруу максатында:
1) апробациялык режим киргизиле турган медициналык-санитардык жардам көрсөтүүнүн бардык деңгээлдеринде Кыргыз Республикасынын мамлекеттик саламаттык сактоо уюмдарынын тизмегин аныктасын;
2) калкка медициналык кызмат көрсөтүүлөрдүн сапатын жана жеткиликтүүлүгүн төмөндөтпөстөн төмөнкүдөй ыйгарым укуктарды берүү менен мамлекеттик саламаттык сактоо уюмдарынын ишин апробациялык режимде жана 2026-жылга саламаттык сактоо секторуна каралган каражаттардын алкагында жөнгө салуунун убактылуу тартибин бекитсин:
– түзүмдүк бөлүмдөрдүн жана кызмат орундарынын бирдейлештирилген номенклатурасына ылайык уюштуруу түзүмүн түзүү боюнча чечимдерди кабыл алуу;
– түзүмдүк бөлүмдөрдүн жана кызмат орундарынын жаңыланган штаттык ченемдерине жана бирдейлештирилген номенклатурасына ылайык штаттык санды түзүү боюнча чечимдерди кабыл алуу;
– кызматкерлердин бардык категорияларына эмгек акы төлөөнүн, материалдык дем берүүнүн жана материалдык жардамдын формаларын жана өлчөмдөрүн эмгек акы төлөө фондунун алкагында жана бюджетте каралган каражаттардын чегинде белгилөө;
– түзүмдүк жана функционалдык оптималдаштыруунун натыйжасында алынган өздүк кирешелерди жана бошогон финансылык ресурстарды өз алдынча башкаруу жана апробациялык режимдин натыйжалары боюнча иш процесстерин автоматташтыруу үчүн сунуштарды даярдоо;
– акы төлөнүүчү медициналык кызмат көрсөтүүлөрдөн алынган каражаттарды чегерүү үчүн “Элдик Банк” ачык акционердик коомунда эсептешүүлөрдү жүргүзүү үчүн банктык эсептерди ачуу укугун зарылдыгына жараша берүү;
– калктын социалдык аялуу катмары үчүн милдеттүү жеңилдетилген тарифтерди эске алуу менен Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги тарабынан бекитилген тартипке ылайык жана анын чегинде акы төлөнүүчү медициналык кызмат көрсөтүүлөргө тарифтерди өз алдынча түзүү жана бекитүү.
3. Төмөнкүлөр белгиленсин:
1) мамлекеттик саламаттык сактоо уюмдары үчүн колдонуудагы жана жаңы медициналык жана башка кызмат көрсөтүүлөргө баа түзүү механизмдерин апробациялык режимде киргизүү мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөр жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен жөнгө салынбайт деп;
2) бухгалтердик эсепти жүргүзүү жана бухгалтердик (финансылык) отчеттуулукту түзүү “Борбордук бухгалтердик эсеп” автоматташтырылган маалыматтык системасын пайдалануу менен ишке ашырылат деп.
4. Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги:
1) Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлиги менен биргеликте акы төлөнүүчү кызмат көрсөтүүлөргө тарифтерди түзүү методологиясын иштеп чыксын;
2) эки айлык мөөнөттө мамлекеттик саламаттык сактоо уюмдарынын ишин апробациялык режимде жөнгө салуунун убактылуу тартибин иштеп чыксын жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине бекитүүгө киргизсин;
3) айрым мамлекеттик саламаттык сактоо уюмдарына башкаруучулук жана финансылык автономия берүү боюнча апробациялык режим ийгиликтүү ишке ашырылган учурда Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларына тиешелүү өзгөртүүлөрдү демилгелесин.
5. Бул Жарлыктын аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
6. Бул Жарлык расмий жарыяланган күндөн тартып жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
“Эркин-Тоо” мамлекетик расмий газетасынын 2025-жылдын 2-декабрындагы № 95 (3752) саны менен жарыяланган.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
|
С.Н. Жапаров |