Загрузка документа…
С.ЮСУПОВА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН
ТОКТОМУ
2021-жылдын 29-январындагы № 17-2
“CASA-1000” долбоорунун ишке ашыруу үчүн жер участокторун “Айыл чарба багытындагы” жерлер категориясынан “Өнөр жайынын, транспорттун, байланыштын, энергетиканын, коргонуунун жерлери жана башка багыттагы жерлер” категориясына которуу (трансформациялоо) жөнүнүндө
“CASA-1000” долбоорун ишке ашыруу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 20-февралындагы №105 токтомунун негизинде, Кыргыз Республикасынын 2020-жылдын 26-декабрындагы №12 “Инвестицияларды колдоо маселелери боюнча айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндөгү” Мыйзамына ылайык С. Юсупова айылдык Кеңеши токтом кылат
ТОКТОМ:
1. С. Юсупова айыл аймагынан өтүүчү “CASA-1000” долбоорун ишке ашыруу үчүн 3 даана тирөөчтөрүн орнотуу үчүн №301, 287 контурларында жайгашкан жалпы 685 чарчы метр мамлекеттик менчикте турган жайыт жер участокторун, №305а контурундагы жалпы 441 чарчы метр мамлекеттик менчикте турган башка жерлер (чопо) “Айыл чарба багытындагы жерлер” категориясынан “Өнөр жайынын, транспорттун, байланыштын, энергетиканын, коргонуунун жерлери жана башка багыттагы жерлер” категориясына которууга (трансформациялоого) макулдук берилсин.
2. С. Юсупова айыл өкмөтүнүн жер адиси А. Мамаджанов долбоордун алкагында мыйзамдуу иштерди алып баруу жагы милдеттендирилсин.
3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы С. Юсупова айыл өкмөтүнүн башчысы Ш. Файзуллаевга тапшырылсын.”
С.Юсупова айылдык кеңешинин төрагасы: | К. Нарматов |