Загрузка документа…
КЫРГЫЗ-АТА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Кыргыз-Ата айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги III сессиясы
2025-жылдын 17-январы № 01-4/2
Кыргыз-Ата айыл өкмөтүнүн 2025-жылга бюджети жана 2026-2027-жылдарга бюджеттин болжолун бекитүү жөнүндө
Кыргыз-Ата айыл өкмөтүнүн 2025-жылга бюджети жана 2026-2027-жылдарга бюджеттин болжолун бекитүү жөнүндөгү маселени карап чыгып, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамынын 34-беренесине таянып, Кыргыз-Ата айылдык кеңеши токтом кылат:
1.2025-жылда Кыргыз-Ата айыл өкмөтүнүн бюджетинин кирешелери жана чыгашалары 36 349 200,0 сом өлчөмүндө бекитилсин.
2.Кыргыз-Ата айыл өкмөтүнүн мектепке чейинки билим берүү мекемелеринин
тарбиялануучуларына тамак-аш сатып алууга 2025-жылга 4 300 000 (төрт млн үч жүз миң) сом акча каражаты биринчи жарым жылдыкка бекитилсин. Эгерде толуктоолор болбосо экинчи жарым жылдыкка да биринчи жарым жылдыкка бекитилген сумма каралсын.
3.2025-жылга жергиликтүү бюджеттин кирешелерин түзүүчү булактары жана
чыгашалары боюнча багыттар тиркемеге ылайык аныкталсын.
4.Кыргыз-Ата айыл өкмөтүнүн 2026-2027-жылдарга бюджеттин болжолунун негизги көрсөткүчтөрү төмөндөгүдөй болуп колдоого алынсын, кирешенин болжолу: 2026-жылга 39 228 100 сомго, 2027-жылга 42 856 100 сомго белгиленсин.
5.Атайын каражаттардын кирешесинин сметада бекитилген суммадан ашкан акча каражаттарын Финансы министирлигинин планына киргиздирип берүү жагы айыл өкмөтүнүн башчысына жана финансы-экономикалык бөлүмүнүн башчысына милдеттендирилсин.
Айылдык бюджеттик мекемелери казыналыктын регионалдык бөлүктөрүнөн
тышкары, мекеменин кассасы аркылуу атайын каражаттарын чыгымдоого тыюу салынсын.
6.2025-жылда жергиликтүү бюджеттин киреше бөлүгүнүн пландарынан ашыкча аткарылышынан түшкөн каражаттарды бөлүштүрүү жана өзгөртүү киргизүү айылдык кеңешине ыйгарылсын.
7.Токтомго карап жергиликтүү бюджетин мекеме-ишканалардын финансалык-экономикалык негиздерин чыңдоо, алардын финансалык мамлекеттик каражаттарды максаттуу, сарамжалдуу пайдалануусун камсыз кылуу жагы айыл өкмөткө жана финансы-экономикалык бөлүмүнүн башчысына милдеттендирилсин.
8. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө экономика, бюджет, салык жана ишкердүүлүктү колдоо комиссиясына тапшырылсын:
Төрага: | Б. Дуйшоев |