Загрузка документа…
КЫРГЫЗ-АТА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Кыргыз-Ата айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги III сессиясы
2025-жылдын 17-январы № 01-4/3
Кыргыз-Ата айыл аймагындагы калктуу конуштардын көчөлөрүнө, эс алуучу жайларга (маданият үйү, клуб ж.б.), мекеме ишканаларына, жалпы билим берүүчү, мектепке чейинки билим берүү мекемелерине ысым ыйгаруунун жана Кыргыз-Ата айыл аймагынын “Ардактуу атуулу” наамын ыйгаруунун тартиби жөнүндө Жобону бекитүү жөнүндө
Кыргыз-Ата айыл аймагындагы калктуу конуштардын көчөлөрүнө, эс алуучу жайларга (маданият үйү, клуб ж.б.), мекеме ишканаларына, жалпы билим берүүчү, мектепке чейинки билим берүү мекемелерине ысым ыйгаруунун жана Кыргыз-Ата айыл аймагынын “Ардактуу атуулу” наамын ыйгаруунун тартиби жөнүндө Жобону бекитүү жөнүндөгү маселени карап чыгып, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамынын 34-беренесине таянып, Кыргыз-Ата айылдык кеңеши токтом кылат:
1.Кыргыз-Ата айыл аймагындагы калктуу конуштардын көчөлөрүнө, эс алуучу жайларга (маданият үйү, клуб ж.б.), мекеме ишканаларына, жалпы билим берүүчү, мектепке чейинки билим берүү мекемелерине ысым ыйгаруунун жана Кыргыз-Ата айыл аймагынын “Ардактуу атуулу” наамын ыйгаруунун тартиби жөнүндө Жобону бекитүүгө макулдук берилсин.
2.Кабыл алынган жобого толуктоолор жана өзгөртүү киргизүү айылдык кеңешине ыйгарылсын.
3.Жобонун негизинде иш алып баруу жагы Кыргыз-Ата айыл өкмөтүнө
милдеттендирилсин.
4.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеңешинин социалдык иштер, маданият, билим берүү, саламаттыкты сактоо, миграция, спорт жана туризмди өнүктүрүү боюнча комиссиясына тапшырылсын.
Төрага: | Б. Дуйшоев |