Загрузка документа…
КЫРГЫЗ-АТА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Кыргыз-Ата айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги III сессиясы
2025-жылдын 17-январы № 01-4/4
Кыргыз-Ата айыл аймагындагы Көтөрмө айылынын А.Эгембердиев атындагы маданият сарайынын имаратынын түштүк тарабында жайгашкан 0,073 га жер аянтына Кыргыз-Ата айыл аймагынын калкын тейлөө үчүн атайын имарат курууга “Ошэлектр” тармактар ишканасынын Ноокат электр тармактары башкармалыгына пайдаланууга макулдук берүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Жер кодексинин 21-беренесине, айылдык кеңешинин
агрардык маселелер, жер, муниципалдык менчик, жайыттарды пайдалануу, өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу, жаратылышты коргоо жана экология боюнча комиссиясынын 2025-жылдын 14-январындагы кезектеги отурумунун №1 протоколунун корутундусуна, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамынын 34-беренесине таянып, Кыргыз-Ата айылдык кеңеши токтом кылат:
1.Кыргыз-Ата айыл аймагындагы Көтөрмө айылынын А. Эгембердиев атындагы маданият сарайынын имаратынын түштүк тарабында жайгашкан 0,073 га жер аянтына Кыргыз-Ата айыл аймагынын калкын тейлөө үчүн атайын имарат курууга “Ошэлектр” тармактар ишканасынын Ноокат электр тармактары башкармалыгына пайдаланууга берүү жөнүндөгү сунушка макулдук берилсин.
2.Бекитилген жер аянттарын сарамжалдуу пайдалануу жана жердин санитардык, экологиялык абалына көзөмөл жүргүзүү, мыйзам чегинде иш алып баруу, тиешелүү документтерин даярдоо Кыргыз-Ата айыл өкмөтүнө милдеттендирилсин.
3.Кыргыз-Ата айыл аймагындагы Көтөрмө айылынын А. Эгембердиев атындагы маданият сарайынын имаратынын түштүк тарабында жайгашкан 0,073га жер аянтына Кыргыз-Ата айыл аймагынын калкын тейлөө үчүн атайын имарат 2 жылдык мөөнөт ичинде курулуш башталбаса “токтом күчүн жоготту” деп табылсын.
4.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеңешинин агрардык маселелер, жер, муниципалдык менчик, жайыттарды пайдалануу, өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу, жаратылышты коргоо жана экология боюнча комиссиясына тапшырылсын.
Төрага: | Б. Дуйшоев |