Загрузка документа…
КЫРГЫЗ-АТА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Кыргыз-Ата айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги III сессиясы
2025-жылдын 17-январы № 01-4/5
Кыргыз-Ата айыл аймагынын Ак-Булак айылындагы Токмок-Булак бөлүмүндөгү № 369 контурдагы 1,0 га жер аянтына, мурдагы Тельман атындагы колхоздун малканасы (МТФ) жайгашкан жерине мектеп комплексин жана балдар бакчасын курууга 1,0 га жер тилкесин трансформациялоого макулдук берүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Жер кодексинин 21-беренесине, айылдык кеңешинин
агрардык маселелер, жер, муниципалдык менчик, жайыттарды пайдалануу, өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу, жаратылышты коргоо жана экология боюнча комиссиясынын 2025-жылдын 14-январындагы кезектеги отурумунун №1 протоколунун корутундусуна, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамынын 34-беренесине таянып, Кыргыз-Ата айылдык кеңеши токтом кылат:
1.Кыргыз-Ата айыл аймагынын Ак-Булак айылындагы Токмок-Булак
бөлүмүндөгү № 369 контурдагы 1,0 га жер аянтына, мурдагы Тельман атындагы колхоздун малканасы (МТФ) жайгашкан жерине мектеп комплексин жана балдар бакчасын курууга 1,0 га жер тилкесин трансформациялоо жөнүндө сунушка макулдук берилсин.
2.Бекитилген жер аянттын сарамжалдуу пайдалануу жана жердин санитардык, экологиялык абалына көзөмөл жүргүзүү, мыйзам чегинде иш алып баруу, тиешелүү документтерин даярдоо Кыргыз-Ата айыл өкмөтүнө милдеттендирилсин.
3.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеңешинин агрардык маселелер,
жер, муниципалдык менчик, жайыттарды пайдалануу, өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу, жаратылышты коргоо жана экология боюнча комиссиясына тапшырылсын
Төрага: | Б. Дуйшоев |