Загрузка документа…
С.ЮСУПОВА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН
ТОКТОМУ
2021-жылдын 29-январындагы № 17-3
С. Юсупова айыл өкмөтүндө элдин жана кожолуктардын санын 2021-жылдан 2025-жылга карата каттоону уюштуруу жөнүндө
С. Юсупова айыл өкмөтүндө элдин жана кожолуктардын санын 2021-жылдан 2025-жылга карата катоону уюштуруу жөнүндө айылдык кеңештин депутаттарынын сунуш-талаптарык карап чыгып, С. Юсупова айылдык кеңеши токтом кылат:
ТОКТОМ
1. С. Юсупова айыл өкмөтүндө элдин жана кожолуктардын санын 2021-жылдан 2025-жылга карата каттоо уюшкандыкта өткөрүлсүн.
2. Айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысы жана айыл башчылар ар бир көчөлөр жашаган элдин жана кожолуктардын санын тактап, электрондук санарип аймак бирдиктүү тутумуна түшүрүшсүн.
3. С. Юсупова айыл өкмөтүндө элдин жана кожолуктардын санын 2021-жылдан 2025-жылга карата каттоону өткөрүү үчүн айыл өкмөтүнүн бюджетинин эсебинен 100000 (жүз миң) сом акча каражат ажыратылсын.
4. Ажыратылган каражаттын өз убагында берилишин жана максаттуу сарпталашын көзөмөлгө алуу айыл өкмөтүнүн ФЭБнө тапшырылсын.
5. Токтомдун аткарылышын камсыз кылуу айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысы Г. Мамитовага жүктөлсүн.
С.Юсупова айылдык кеңешинин төрагасы: | К. Нарматов |