Редакцияот 02.03.2021
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

С.ЮСУПОВА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН

ТОКТОМУ

С.Юсупова айылдык кеңешинин 6-чакырык 18-сессиясы

 

 

2021-жылдын 02-мартындагы № 18-4

Юсупова айыл өкмөтүнүн 2021-жылга карата штаттык бирдиги жана түзүмүн бекитүү жөнүндө

С. Юсупова айыл Өкмөтүнүн 2021-жылга карата штаттык бирдиги жана түзүмү боюнча айыл Өкмөтүнүн башчысы Ш. Файзуллаевдин сунушун негизинде КРнын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» Мыйзамынын 31-беренесинин 13-пунктун жана КРнын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 08-июлундагы «КРнын жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун аткаруу органынын типтүү түзүмүн жана штаттык санын бекитүү жөнүндө» 403-токтомунун жетекчиликке алып, С. Юсупова айылдык Кеңеши токтом кылат;

 

ТОКТОМ:

 

1. С. Юсупова айыл Өкмөтүнүн штаттык бирдиги 2021-жылга карата 28 бирдиктен турушу белгиленсин. (штаттык бирдик тиркелет)

2. Айылдык Кеңешитин аймагында жайгашкан калктуу конуштардагы жергиликтүү маанидеги маселелерди ыкчам чечүүнү уюштуруу максатында КРнын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» Мыйзамынын 52-беренесинин жетекчиликке алып, төмөнкү Октябрь, Нооруз, Бирлик, Кызыл-Тепа айылдарында 4 (төрт) айыл башчысы кызматы киргизилсин.

3. Айылдык Кеңештин аймагындагы жалпы аскердик милдеттердин талаптарын аткарууну камсыздоо, персоналдык аскердик эсепке алууну уюштуруу жана калкты паспорт алуу, алмаштыруу, каттоого алуу, чыгаруу иштерин уюштуруу үчүн 4 (үч) аскердик эсепке алуу столунун инспектору жана 1(бир) паспорттук эсепке алуу столунун инспектор кызмат оруну киргизилсин.

4. Бул токтомдун аткарылышынын камсыз кылуу жагы С. Юсупова айыл Өкмөтүнө тапшырылсын.

5. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы С. Юсупова айылдык Кеңешинин социалдык-маданий, укук тартип, депутаттык этика маселелери боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

 

 

С.Юсупова айылдык кеңешинин төрагасы:

К. Нарматов