Загрузка документа…
КЫРГЫЗ-АТА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Кыргыз-Ата айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги III сессиясы
2025-жылдын 17-январы № 01-4/7
Кыргыз-Ата айыл өкмөтүнүн аймагындагы Айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фондусундагы суулуу, кайрак айдоо жердеги, көп жылдык бактагы жерди ижарага берүү боюнча жер комиссиясын түзүү тууралуу Кыргыз-Ата айыл өкмөтүнүн 2025-жылдын 10-январындагы №01-10/03 сандуу токтомуна макулдук берүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Жер кодексинин 21-беренесине, айылдык кеңешинин агрардык маселелер, жер, муниципалдык менчик, жайыттарды пайдалануу, өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу, жаратылышты коргоо жана экология боюнча комиссиясынын 2025-жылдын 14-январындагы кезектеги отурумунун №1 протоколунун корутундусуна, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамынын 34-беренесине таянып, Кыргыз-Ата айылдык кеңеши токтом кылат:
1.Кыргыз-Ата айыл өкмөтүнүн аймагындагы Айыл чарба жерлеринин
мамлекеттик фондусундагы суулуу, кайрак айдоо жердеги, көп жылдык бактагы жерди ижарага берүү боюнча жер комиссиясын түзүү тууралуу Кыргыз-Ата айыл өкмөтүнүн 2025-жылдын 10-январындагы №01-10/03 сандуу токтомуна макулдук берилсин.
2.Кыргыз-Ата айыл өкмөтүнүн аймагындагы айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фондусунун жерлерин (суулуу айдоодогу, кайрак айдоодогу, бактагы) жерлерин 2025-2030-жылдарга ижарага берүү боюнча жер комиссиясынын отурумунун №1 протоколуна макулдук берилсин.
3. Кыргыз-Ата айыл аймагындагы кайра бөлүштүрүү жерлерди жана жерди аукционго сатуу-сатып алуу боюнча мыйзам чегинде ишти аткаруу Кыргыз-Ата айыл өкмөтүнүн жер, жерди ижарага берүү, аукциондо сатуу-сатып алуу жана менчик укугуна бекитип берүү боюнча жер комиссиясынын курамына милдеттендирилсин.
4.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеңешинин агрардык маселелер, жер, муниципалдык менчик, жайыттарды пайдалануу, өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу, жаратылышты коргоо жана экология боюнча комиссиясына тапшырылсын.
Төрага: | Б. Дуйшоев |