Загрузка документа…
КЫРГЫЗ-АТА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Кыргыз-Ата айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги III сессиясы
2025-жылдын 17-январы № 01-4/8
Кыргыз-Ата айыл өкмөтүнүн 2025-2027-жылдарга социалдык-экономикалык өнүгүү планына киргизилген Кыргыз-Ата айыл аймагындагы Борко айылындагы Т. Матраимов атындагы көчөгө асфальт төшөө долбооруна жергиликтүү бюджеттен өздүк салым үчүн акча каражатын ажыратуу жөнүндө
Кыргыз-Ата айыл өкмөтүнүн 2025-2027-жылдарга социалдык-экономикалык өнүгүү планына киргизилген Кыргыз-Ата айыл аймагындагы Борко айылындагы Т. Матраимов атындагы көчөгө асфальт төшөө долбооруна жергиликтүү бюджеттен өздүк салым үчүн акча каражатын ажыратуу жөнүндөгү маселени талкуулап, Кыргыз Республикасынын "Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө" Мыйзамынын 34-беренесине таянып, Кыргыз-Ата айылдык кеңеши токтом кылат:
1.Кыргыз-Ата айыл өкмөтүнүн 2025-2027-жылдарга социалдык-экономикалык өнүгүү планына киргизилген Кыргыз-Ата айыл аймагындагы Борко айылындагы Т. Матраимов атындагы көчөгө асфальт төшөөгө түзүлгөн Ош облустук өнүктүрүү фондуна долбоор даярдоо Кыргыз-Ата айыл өкмөтүнө милдеттендирилсин.
2.Кыргыз-Ата айыл өкмөтүнүн 2025-2027-жылдарга социалдык-экономикалык өнүгүү планына киргизилген Кыргыз-Ата айыл аймагындагы Борко айылындагы Т. Матраимов атындагы көчөгө асфальт төшөөгө даярдалган долбоорго айыл өкмөтүнүн 2025-жылдагы жергиликтүү бюджетинин эсебинен өздүк салымга 500 000 (беш жүз миң) сом акча каражатын кароо сунушталсын.
3.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеңешинин экономика, бюджет, салык жана ишкердүүлүктү колдоо боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын
Төрага: | Б. Дуйшоев |