Редакцияот 19.08.2025
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

УЧКУН АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

9-кезектүү сессиясы

 

2025-жылдын 19-августу  №3

 

 

Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармалыгына караштуу “Кызмат” мамлекеттик мекемеси  менен жергиликтүү  өз алдынча башкаруу органдарына айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүү жөнүндө келишимди бекитүү жөнүндө

 

         Кыргыз Республикасынын Президентинин 2024-жылдын 25-октябрындагы №304 Жарлыгына  ылайык жана Учкун айыл өкмөтүнүн башчысы А.Ө.Ботояровдун “Кызмат” мамлекеттик мекемеси тууралуу билдиръъсън угуп жана талкуулап, Учкун айылдык кенеши токтом кылат:

1.            Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармалыгына караштуу “Кызмат” мамлекеттик мекемеси менен жергиликтъъ өз алдынча башкаруу органдарына айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды беръъ жөнүндү келишимди бекитип берүүгө макулдук берилсин.

2. Айыл өкмөтүнүн башчысына токтомдун негизинде келип чыгуучу тиешелүү  аракеттерди алып баруу жагы милдеттендирилсин.

3.  Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы жана калкка маалымдоо жагы Социалдык маселелер, жарандардын укугун жана кызыкчылыгын коргоо, жаштар иштери, спорт жана маданият, мыйзамдуулукту жана жалпы укуктук негиздерди сактоо, регламент, этика жана мандат боюнчатуруктуу комиссиясына  тапшырылсын.

4. Бул токтом ченемдик укуктук актылардын талаптарына ылайык жарыялансын жана Мамлекеттик реестрге киргизилсин.

 

5. Токтом айыл аймактын сайтында расмий жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.

 

Төрага

К. Мамырбаев