Загрузка документа…
КЫРГЫЗ-АТА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Кыргыз-Ата айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги III сессиясы
2025-жылдын 17-январы № 01-4/10
Кыргыз-Ата айыл аймагынын Көтөрмө айылындагы А.Тойгонбаев атындагы спорт комплексин “Кыргыз-Ата” футбол клубуна акысыз ижарага берүүгө макулдук берүү жөнүндө
“Кыргыз-Ата” футбол клубунун президенти Назаров Аким Маманович кайрылуу кат менен кайрылган, анда Кыргыз-Ата айыл аймагынын Көтөрмө айылындагы А.Тойгонбаев атындагы спорт комплексин “Кыргыз-Ата” футбол клубуна акысыз ижарага берүүгө макулдук берүү жөнүндө маселени карап, талкуулап, Кыргыз Республикасынын "Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө" Мыйзамынын 34-беренесине таянып, Кыргыз-Ата айылдык кеңеши токтом кылат:
1.Кыргыз-Ата айыл аймагынын Көтөрмө айылындагы А.Тойгонбаев атындагы спорт комплексин 5(беш) жылдык мөөнөткө “Кыргыз-Ата” футбол клубуна акысыз ижарага берүүгө макулдук берилсин.
2.Сунуштарды эске алуу менен мыйзам чегинде иш алып баруу, келишимди түзүү жагы Кыргыз-Ата айыл өкмөтүнө милдеттендирилсин.
3.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеңешинин экономика, бюджет, салык жана ишкердүүлүктү колдоо боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага: | Б. Дуйшоев |