Редакцияот 02.03.2021
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

С.ЮСУПОВА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН

ТОКТОМУ

С.Юсупова айылдык кеңешинин 6-чакырык 18-сессиясы

 

 

2021-жылдын 02-мартындагы № 18-9

“С. Юсупова айыл өкмөтүнүн балансындагы көмөк чордонду өткөрүп берүү жөнүндө”

С. Юсупова айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басары, кышка даярдык көрүү боюнча уюштурулган штабтын башчысы И.Давидовдун айыл өкмөтүнүн балансындагы трансформаторлорду “Ош электро” ААКнын балансына өткөрүп берүү жөнүндөгү билдирүүсүн угуп жана талкуулап депутаттардын сунуш пикирлерин эске алуу менен С. Юсупова айылдык кеңеши токтом кылат:

 

ТОКТОМ

 

1. С. Юсупова айыл өкмөтүнүн балансындагы көмөк чордондун абалы жөнүндөгү айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басары И. Довидовдун билдирүүсү көңүлгө алынсын, аны иш жүзүндө ашыруу жагы И. Довидовдун өзүнө тапшырылсын.

2. Айыл өкмөтүнүн балансындагы төмөнкү көмөк чордондор “Ош электро” ААКнын балансына кайтарымсыз өткөрүп берүүгө макулдук берилсин.

 

№

Көмөк чордондун номери

Көмөк чордондун жайгашкан дареги

Көмөк чордондун кубаттуулугу

Көмөк чордондун баасы (сом)

1.

КТП- номери жок

С. Юлдашев

160

159500

2.

КТП- номери жок

А. Садахматов

160

159500

3.

КТП- номери жок

Х.Абдуллаев

160

180000

4.

КТП-288

Х.Абдуллаев

100

 

5.

КТП- номери жок

Жаннат

160

 

 

3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл өкмөтүнүн ФЭБ башчысы Р. Базарбаевге жүктөлсүн.

 

 

С.Юсупова айылдык кеңешинин төрагасы:

К. Нарматов