Загрузка документа…
КЫРГЫЗ-АТА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Кыргыз-Ата айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги III сессиясы
2025-жылдын 17-январы № 01-4/11
Кыргыз-Ата айыл аймагынын Кыргыз-Ата айылындагы Ж. Жээнбаев атындагы көчөгө тротуар ачуу жөнүндө
Кыргыз-Ата айыл аймагынын Кыргыз-Ата айылынын тургундары арыз менен кайрылышкан, Ж. Жээнбаев атындагы көчөсүндө А. Парпиев жана Т. Темиралиев атындагы орто мектептери, К. Ашимова атындагы мектепке чейинки билим берүү мекемеси жайгашып, окуучулардын жана жөө жүрүүчүлөрдүн коопсуздугун сактоо, анткени ушул көчө менен Кара-Кой жайлоосуна жана Кыргыз-Ата улуттук жаратылыш паркына баруучулардын саны арбын, автоунаалардын каттамы көп болуп, жалпы жарандарыбыздын коопсуздугун сактоо үчүн Ж. Жээнбаев атындагы көчөгө тротуар ачуу жөнүндө суранышкан. Маселени карап, талкуулап, Кыргыз Республикасынын "Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө" Мыйзамынын 34-беренесине таянып, Кыргыз-Ата айылдык кеңеши токтом кылат:
1.Кыргыз-Ата айыл аймагынын Кыргыз-Ата айылындагы Ж. Жээнбаев атындагы көчөгө тротуар ачууга макулдук берилсин.
2.Кыргыз-Ата айылдык кеңешинин 2024-жылдын 30-ноябрындагы кезектеги сессиясынын №1-7 сандуу токтомун аткарууга алуу Кыргыз-Ата айыл өкмөтүнө милдеттендирилсин.
3.Кыргыз-Ата айыл аймагынын Кыргыз-Ата айылындагы Ж. Жээнбаев атындагы көчөгө тротуар ачууга тиешелүү иштерди жүргүзүү жагы Кыргыз-Ата айыл өкмөтүнө тапшырылсын.
4.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеңешинин айылдын
инфраструктурасын өнүктүрүү, инвестиция, курулуш, жол, транспорт жана комуникация, таза суу жана электр энергиясы боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага: | Б. Дуйшоев |