Загрузка документа…
КЫРГЫЗ-АТА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Кыргыз-Ата айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги IV сессиясы
2025-жылдын 21-февралы № 01-4/1
Кыргыз-Ата айыл өкмөтүнүн 2024-жылдагы аткарган иштери боюнча отчётун бекитүү жөнүндө
Кыргыз-Ата айыл өкмөтүнүн 2024-жылдагы аткарган иштери боюнча отчётун бекитүү жөнүндөгү маселени айылдык кеңешинин депутаттарынын туруктуу комиссияларынын отурумунда карап жана депутаттардын талкуусун угуп, “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамынын 34-беренесинин 2-пунктуна таянып, Кыргыз-Ата айылдык кеңеши токтом кылат:
1.Кыргыз-Ата айыл өкмөтүнүн 2024-жылдагы аткарган иштери боюнча отчёту сунуштарды эске алуу менен “канааттандырарлык” деп белгиленсин.
2.Кыргыз-Ата айыл өкмөтүнүн социалдык-экономикалык өнүгүү планында көрсөтүлгөн иш чараларды өз убагында аткарууну камсыз кылуу айыл өкмөтүнө милдеттендирилсин.
3.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеңешинин экономика, бюджет, салык жана ишкердүүлүктү колдоо боюнча комиссиясына тапшырылсын
Төрага: | Б. Дуйшоев |