Загрузка документа…
КЫРГЫЗ-АТА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Кыргыз-Ата айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги IV сессиясы
2025-жылдын 21-февралы № 01-4/2
Кыргыз-Ата айыл аймагында тамарка салыгын зоналык коэффициентин жана айыл аймагындагы калктуу конуштардын аймагынан таштандыларды чыгаруу үчүн жыйымдын өлчөмүн бекитип берүү жөнүндө
Кыргыз-Ата айыл аймагындагы кожолуктардын жер салыгынын зоналык коэффициентин бекитип берүү жана тамарка салыгынан жеңилдиктерди берүү жана айыл аймагындагы калктуу конуштардын аймагынан таштандыларды чыгаруу үчүн жыйымдын өлчөмүн бекитип берүү боюнча Кыргыз-Ата айыл өкмөтүнүн сунушун карап чыгып, Кыргыз Республикасынын Салык Кодексинин 76-беренесинин, 401-жана 404-беренелеринин жана Жер салыгынын базалык чендери жөнүндөгү укуктук актыларынын негизинде Кыргыз-Ата айылдык кеңеши токтом кылат:
1.Кыргыз-Ата айыл аймагындагы кожолуктардан алынуучу тамарка үчүн жер салыгынын зоналык коэффиценти 2025-жылга К-1,2 кылып белгиленсин.
2.Айыл аймагындагы кожолуктардын тамарка боюнча жер салыгынан берилүүчү жеңилдиктери 0,10-0,20 га өлчөмүндө белгиленсин.
3.Кыргыз-Ата айыл аймагындагы юридикалык жактарга жана жеке ишкердик жүргүзгөн тараптардын иштегендердин санына карата (ар бир иштеген кишиге) жана ар бир кожолукка таштанды жыйымы бир жылга 100 сом өлчөмүндө бекитилсин.
4.Таштанды жыйымын жыйноону, кожолуктардан алынуучу тамарка үчүн жер салыгынын зоналык коэффиценти , айыл аймагындагы кожолуктардын тамарка боюнча жер салыгынан берилүүчү жеңилдиктери мыйзам чегинде иш алып баруу Кыргыз-Ата айыл өкмөтүнө милдеттендирилсин.
5. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин экономика, бюджет, салык жана ишкердүүлүктү колдоо комиссиясына тапшырылсын.:
Төрага: | Б. Дуйшоев |