Загрузка документа…
КЫРГЫЗ-АТА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Кыргыз-Ата айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги IV сессиясы
2025-жылдын 21-февралы № 01-4/3
Кыргыз-Ата айыл аймагынын “Ардактуу атуулу” наамын берүү жөнүндө
Кыргыз-Ата айыл аймагынын социалдык-экономикалык жактан өсүүсүнө зор салым кошкон, элге билим берүүдө чоң эмгек жасаган билим берүүнүн мыктылары, Кыргыз-Ата айыл аймагынын “Ардактуу атуулу” наамын берүү жөнүндөгү маселени айылдык кеңешинин депутаттарынын талкуусун угуп, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамынын 34-беренесине таянып, Кыргыз-Ата айылдык кеңеши токтом кылат:
1.Кыргыз-Ата айыл аймагынын социалдык-экономикалык жактан өсүүсүнө зор салым кошкон, элге билим берүүдө чоң эмгек жасаган билим берүүнүн мыктылары:
- Жунусов Кимсан,
- Ашимова Карамат Ташматовна,
- Аскаров Ирайимжан,
- Алимов Абдыашым Аматовичке Кыргыз-Ата айыл аймагынын “Ардактуу атуулу” наамы берилсин.
2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеңешинин социалдык иштер, маданият, билим берүү, саламаттыкты сактоо, миграция, спорт жана туризмди өнүктүрүү боюнча комиссиясына тапшырылсын.
Төрага: | Б. Дуйшоев |