Загрузка документа…
КЫРГЫЗ-АТА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Кыргыз-Ата айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги IV сессиясы
2025-жылдын 21-февралы № 01-4/4
Кыргыз-Ата айыл аймагындагы Борко айылынын элинин 2025-жылдын 09-январындагы жалпы чогулушунун №1 протоколуна макулдук берүү жөнүндө
Кыргыз-Ата айыл аймагындагы Борко айылынын элинин 2025-жылдын 09-январында жалпы чогулушу болуп, анда “Кыргыз-Ата айыл өкмөтүнүн Борко клубуна эмгектин ардагери Акимов Тойчубайдын аты коюлсун” деген чечимди колдоп берүү жөнүндөгү маселени айылдык кеңешинин депутаттарынын талкуусун угуп, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамынын 34-беренесине таянып, Кыргыз-Ата айылдык кеңеши токтом кылат:
1.Кыргыз-Ата айыл аймагындагы Борко айылынын элинин 2025-жылдын 09-январындагы жалпы чогулушунун №1 протоколуна макулдук берилсин.
2.Кыргыз-Ата айыл өкмөтүнүн Борко клубуна эмгектин ардагери Акимов
Тойчубайдын аты коюлсун.
3.Кыргыз-Ата айыл өкмөтүнүн Борко клубуна эмгектин ардагери Акимов
Тойчубайдын аты коюуга тиешелүү иш кагаздарын мыйзам чегинде даярдоо Кыргыз-Ата айыл өкмөтүнүн башчысына милдеттендирилсин.
4.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеңешинин социалдык иштер, маданият, билим берүү, саламаттыкты сактоо, миграция, спорт жана туризмди өнүктүрүү боюнча комиссиясына тапшырылсын.
Төрага: | Б. Дуйшоев |