Загрузка документа…
С.ЮСУПОВА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН
ТОКТОМУ
2021-жылдын 19-июнундагы № 20-3
С. Юсупова айыл аймагындагы жалпы билим берүү мекемелеринде окуу тарбия иштинин жана мектеп окуучулардын арасында зордук зомбулуктун алдын алуу боюнча алып барып жаткан иштердин абалы жөнүндө
С. Юсупова айыл аймагындагы жалпы билим берүү мекемелеринде окуу тарбия иштинин жана мектеп окуучулардын арасында зордук зомбулуктун алдын алуу боюнча алып барып жаткан иштердин абалы жөнүндө айыл өкмөтүнүн жаштар маселеси боюнча адиси С. Юлдашованын маалыматын угуп жана талкуулап чыгып, депутаттардын сунуш-пикирлерин эске алуу менен С. Юсупова айылдык Кеңеши токтом кылат:
ТОКТОМ:
1. С. Юсупова айылдык Кеңешинин аймагындагы жалпы билим берүү мекемелеринде окуу тарбия иштинин жана мектеп окуучулардын арасында зордук зомбулуктун алдын алуу боюнча алып барып жаткан иштердин абалы жөнүндө айыл өкмөтүнүн жаштар маселеси боюнча адиси С. Юлдашованын маалыматы эске алынып, кемчиликтер бар экендиги белгиленсин..
2. С. Юсупова айылдык Кеңешинин аймагындагы жалпы билим берүү мекемелеринде мамлекеттик тилди окутуу менен, мамлекеттик программаларда белгиленген иш чараларды аткаруу, жаңы инновациалык ыкмаларды колдонуу, окуучуларды ар тараптан гармониялык өнүктүрүү, патриоттуулукка жана мекенди сүйүүгө тарбиялоону колго алуу айыл Өкмөтүндөгү мектептердин директорлоруна тапшырылсын.
3. Предметтер боюнча мектеп окуучулары арасында өткөрүлүүчү райондук, областык, республикалык олимпиадаларга окуучуларды катышуусун камсыз кылуу жана окуучуларды олимпиадаларда алдыңкы орундарды ээлешине жетиштирүү боюнча мектептердин мугалимдери бардык иш чараларды көрүүсү белгиленсин.
4. С. Юсупова айылдык Кеңешинин аймагындагы жаш өспүрүмдөрдүн арасында кылмыштуулуктун, укук бузуулардын жана үй-бүлөлүк зордук-зомбулуктардын алдын алуу боюнча мындан ары да жаштар комитети, КААБ мүчөлөрү, ИДН инспекторлору, мектеп директорлору, соцпедогогтор, ата-энелер комитеттери менен биргеликте иш дайыма алып барылсын.
5. Айыл аймагында ата-энесиз жакындарынын колунда багылып жаткан балдардын абалы дайыма көзөмөлгө алынсын.
6. Жашы жете элек кыздардын турмушка чыгуусунун кесепеттери боюнча түшүндүрүүлөр жүргүзүлсүн.
7. Айылдык молдолор коомчулук менен бирдикте кыз ала качуу фактыларын болтурбоо боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзсүн.
8. Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу айылдык Кеңешинин социалдык-маданий, укук-тартип, депутаттык этика маселелери боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
С.Юсупова айылдык кеңешинин төрагасы: |
К. Нарматов |