Загрузка документа…
КЫРГЫЗ-АТА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Кыргыз-Ата айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги IV сессиясы
2025-жылдын 21-февралы № 01-4/5
ККыргыз-Ата айыл аймагындагы Айыл чарба департаментине өткөрүлүп берилген айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фондунун жерлерине ижара салыктын базалык өлчөмүн бекитип берүү тууралуу
Кыргыз-Ата айыл аймагындагы айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фондунун жерлерине ижара салыктын базалык өлчөмүн бекитип берүү тууралуу сунушун угуп жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлигинин 2022-жылдын 19-сентябрындагы №329-НИ буйругуна өзгөртүүлөр болгондуктан 2023-жылдын 28-мартындагы №120-НИ буйругунун негизинде бекитилген Жобонун 9-пунктундагы айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фондунун жерлерине, ижара акысынын өлчөмүн бекитүү жөнүндөгү маселени талкуулап, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамынын 34-беренесине таянып, Кыргыз-Ата айылдык кеңеши токтом кылат:
1.Кыргыз-Ата айыл аймагындагы Айыл чарба департаментине өткөрүлүп берилген айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фондунун жерлерине ижара салыктын базалык өлчөмүнүн коэффициенти:
К- барабар коэффициент 10-сугаруунун жоктугу = 4130 сом
К- барабар коэффициент 20-жерди сугаруу кыйын = 8260 сом
К- барабар коэффициент 30-чындыгында сугарылган жер = 12 390 сом деп белгиленсин.
2.Токтомду аткаруу Кыргыз-Ата айыл өкмөтүнө милдеттендирилсин.
3.Токтомду көзөмөлдөө айылдык кеңешинин агрардык маселелер, жер,
муниципалдык менчик, жайыттарды пайдалануу, өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу, жаратылышты коргоо жана экология боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын:
Төрага: | Б. Дуйшоев |