Редакцияот 29.09.2025
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

БАЕТОВ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ 

VIII чакырылыштагы депутаттардын кезексиз XI сессиясы

2025-жылдын 29-сентябры  № 11/1

Баетов айылындагы “Керек-жарак” кооперативинин “Базар” деп аталган бош жер аянтын муниципалдык баланска алуу жөнүндө

 

Кыргыз Реcпубликасынын 2002-жылдын 15-мартындагы № 37 Мыйзамынын “Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө” №19-беренесине  ылайык, депутаттардын Баетов айылдык кеңешинин кезексиз ХI cессиясы

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1.    Баетов айылындагы “Керек-жарак” кооперативинин “Базар” деп аталган бош жер аянтын муниципалдык баланска алууга макулдук берилсин.

2.    Жер аянтынын өлчөмүн тактап, мыйзам чегинде иш алып баруу жана тийиштүү иш кагаздарын жүргүзүү Баетов айыл өкмөтүнүн башчысы А. Акиевге тапшырылсын.

3.    Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү өзүмө калтырамын.

 

 

Төраганын орун басары

И. Жакшылык уулу