С.ЮСУПОВА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН
ТОКТОМУ
С.Юсупова айылдык кеңешинин 6-чакырылышынын 21-сессиясы
2021-жылдын 4-августундагы № 21-2
С. Юсупова айыл өкмөтүнүн базасында “Араван шаары” макамын алуу жөнүндө
“Кыргыз Республикасынын администрациялык-аймактык түзүлүшү жөнүндө” жана “Кыргыз Республикасынын географиялык аталыштар жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын, С. Юсупова айыл өкмөтүнүн базасында “Араван шаары” макамын алуу боюнча 2021-жылдын 9-августунуна чейин “Араван”, “Октярь”, “Суткор”, “Каррак”, “Эрке-Кашка” айылдарында өткөрүлгөн жыйындардын 1,2,3,4,5-протоколдорун, айылдык Кеңештин социалдык, жер жана агрардык маселелер боюнча туруктуу комиссияларынын корутундуларынын жана айылдык Кеңештин депутаттарынын сунуш пикирлерин эске алып, С. Юсупова айылдык Кеңеши токтом кылат:
ТОКТОМ
1. С. Юсупова айыл Өкмөтүнүн базасында “Араван шаары” макамын алуу боюнча 2021-жылдын 9-августунуна чейин “Араван”, “Октярь”, “Суткор”, “Каррак”, “Эрке-Кашка” айылдарында өткөрүлгөн жыйындардын 1,2,3,4,5-протоколдору бекитилсин.
2. С. Юсупова айыл Өкмөтүнүн базасында “Араван шаары” макамын алуу боюнча С. Юсупова айыл караштуу беш айыл 5 айыл “Араван”, “Октярь”, “Суткор”, “Каррак”, “Эрке-Кашка” айылдары толугу менен айыл чарба жана үлүш жерлери менен шаар аймагына кирүүсү сунушталсын.
3. “Кыргыз Республикасынын админитсрациялык-аймактык түзүлүшү жөнүндө” жана “Кыргыз Республикасынын географиялык аталыштар жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын негизинде С. Юсупова айыл Өкмөтүнүн базасында “Араван шаары” макамын берүү Кыргыз Республикасынын Министрлер кабинетинен суралсын.
4. “Араван шаары” макамын алуу үчүн керек болгон документтер даярдалып, Кыргыз Республикасынын администрациялык-аймактык түзүлүштүн маселелерин жана географиялык аталыштарын кароо боюнча ведмостволор аралык комиссиясына сунуштоо С. Юсупова айыл өкмөтү тарабынан аткарууга алынсын.
5. Тотомду аткарууга алуу жагы С. Юсупова айыл өкмөтүнүн башчысы Ш. Файзуллаевге милдеттендирилсин.
6. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү өзүмө калтырамын.
С.Юсупова айылдык кеңешинин төрагасы: |
К. Нарматов |