Загрузка документа…
КЫРГЫЗ-АТА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Кыргыз-Ата айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги IV сессиясы
2025-жылдын 21-февралы № 01-4/6
Кыргыз-Ата айыл аймагындагы Кыргыз-Ата айылынын айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчиктеги аянты 0,04 га болгон эски имаратынын максатуу багытына өзгөртүүгө макулдук берүү жөнүндө
Кыргыз-Ата айыл аймагындагы Кыргыз-Ата айылынын айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчиктеги аянты 0,04 га болгон эски имаратынын максатуу багытына өзгөртүүгө макулдук берүү жөнүндөгү маселени айылдык кеңешинин депутаттарынын туруктуу комиссияларынын отурумунда карап жана депутаттардын талкуусун угуп, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамынын 34-беренесине таянып, Кыргыз-Ата айылдык кеңеши токтом кылат:
1.Кыргыз-Ата айыл аймагынын Кыргыз-Ата айылындагы Ж. Жээнбаев атындагы көчөсүнүн жол боюндагы, А. Парпиев атындагы мектеп-гимназиянын кире беришиндеги айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчиктеги аянты 0,04 га болгон эски имаратынын максатуу багытына өзгөртүүгө макулдук берилсин.
2.Кыргыз-Ата айыл аймагынын Кыргыз-Ата айылындагы Ж. Жээнбаев атындагы көчөсүнүн жол боюндагы, А. Парпиев атындагы мектеп-гимназиянын кире беришиндеги айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчиктеги аянты 0,04 га болгон эски имаратынын максатуу багытына өзгөртүүгө тиешелүү документтерин даярдоо Кыргыз-Ата айыл өкмөтүнө милдеттендирилсин.
3.Токтомду көзөмөлдөө айылдык кеңешинин агрардык маселелер, жер, муниципалдык менчик, жайыттарды пайдалануу, өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу, жаратылышты коргоо жана экология боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага: | Б. Дуйшоев |