Загрузка документа…
КЫРГЫЗ-АТА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Кыргыз-Ата айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги IV сессиясы
2025-жылдын 21-февралы № 01-4/7
Кыргыз-Ата айыл аймагындагы муниципалдык менчикте турган жер участокторун ижарага берүү өлчөмүн белгилөө жөнүндө
Кыргыз-Ата айыл аймагындагы муниципалдык менчикте турган жер участокторун ижарага берүү өлчөмүн белгилеп берүүгө Кыргыз-Ата айыл өкмөтүнүн 2025-жылдын 14-февралындагы № 01-19/25-сандуу катын айылдык кеңешинин депутаттарынын туруктуу комиссияларынын отурумунда карап жана депутаттардын талкуусун угуп, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамынын 34-беренесине таянып, Кыргыз-Ата айылдык кеңеши токтом кылат:
1.Кыргыз-Ата айыл аймагындагы муниципалдык менчикте турган жер
участокторун ижарага берүү өлчөмүн белгилеп берүүгө Кыргыз-Ата айыл өкмөтүнүн 2025-жылдын 14-февралындагы № 01-19/25-сандуу катына макулдук берилсин.
2.Сунуштарды эске алуу менен мыйзам чегинде иш алып баруу Кыргыз-Ата айыл өкмөтүнүн башчысына милдеттендирилсин.
3.Токтомду көзөмөлдөө айылдык кеңешинин агрардык маселелер, жер,
муниципалдык менчик, жайыттарды пайдалануу, өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу, жаратылышты коргоо жана экология боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага: | Б. Дуйшоев |