Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР
КАБИНЕТИНИН ТЕСКЕМЕСИ
2025-жылдын 26-ноябры № 1025-т
"Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 45-беренесинин 1-бөлүгүнө, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык:
1. Сатып алуучу уюмдардын/Агенттин чечимдери боюнча административдик даттанууларды жана сатып алуучу уюмдардын/Агенттин кайрылууларын кароо боюнча көз карандысыз комиссия тиркемеге ылайык курамда түзүлсүн.
2. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 16-сентябрындагы 487-т тескемеси күчүн жоготту деп таанылсын.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
|
А.А. Касымалиев |
Тиркеме
Сатып алуучу уюмдардын/Агенттин чечимдери боюнча административдик даттанууларды жана сатып алуучу уюмдардын/Агенттин кайрылууларын кароо
боюнча көз карандысыз комиссиянын курамы
Алымбеков Азиз Докторбекович | – | Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жер ресурстары, кадастр, геодезия жана картография боюнча мамлекеттик агенттиктин жетектөөчү адиси; |
Джумабаев Дайыр Эсенгулович | – | Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин Финансы академиясынын тренери; |
Дуйшеев Тимур Арстанбекович | – | Кыргыз Республикасынын Агартуу министрлигинин инвестициялар, мамлекеттик жеке өнөктөштүк, мамлекеттик сатып алуулар жана инфраструктура башкармалыгынын начальнигинин милдеттерин аткаруучу; |
Кочконова Анара Маматкасымовна | – | Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик салык кызматынын алдындагы “Салык сервис” мамлекеттик мекемесинин юристи; |
Купешов Курманбек Исагалыевич | – | Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасына караштуу “Кызмат” мамлекеттик мекемесинин IT-аналитиги; |
Сулайманбекова Наргис Арстанбековна | – | “Сапат” эл аралык билим берүү мекемесинин сатып алуулар жана логистика бөлүмүнүн начальниги; |
Токтомушев Манас Токтомушевич | – | Кыргыз Республикасынын Илим, жогорку билим берүү жана |
|
| инновациялар министрлигине караштуу Интеллектуалдык менчик мамлекеттик фондунун уюштуруу- укуктук иш бөлүмүнүн башкы адиси; |
Турдубекова Кундуз Аманакуновна | – | “А Плюс” камсыздандыруу компаниясы” жабык акционердик коомунун камсыздандыруу боюнча менеджери; |
Эсенбаева Жылдыз Алтымышевна | – | “Zhongda” China Petrol Company” (“Джунда” Чайна Петроль Компани”) жоопкерчилиги чектелген коомунун башкы директорунун кеңешчиси. |