С.ЮСУПОВА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН
ТОКТОМУ
С.Юсупова айылдык кеңешинин 6-чакырылышынын 23-сессиясы
2021-жылдын 15-октябрындагы № 23-3
С. Юсупова айылдык Кеңешинин аймагындагы социалдык-маданий обөектилердин, элге билим берүү, саламаттыкты сактоо мекемелерин жана калкты кышка даярдоонун абалы жөнүндө
С. Юсупова айыл ѳкмѳтүнүн башчысынын орун басары кышка даярдык кѳрүү боюнча уюштурулган штабтын башчысы И.Давидовдун билдирүүсүн угуп жана талкуулап депутаттардын сунуш пикирлерин эске алуу менен С. Юсупова айылдык Кеңеши токтом кылат
ТОКТОМ:
1. С. Юсупова айылдык Кенешинин аймагындагы социалдык-маданий обьектилерди жана калкты кышка даярдоонун абалы жѳнүндѳгү штабтын башчысы И.Давидовдун билдирүүсү канааттандырарлык деп табылсын.
2. 2014-жылдын 15-ноябрына чейин айылдык Кенештин аймагындагы социалдык-маданий обьектилерди жана калкты толук кышка даярдоонун камсыз кылуу жагы айыл ѳкмѳтү менен айыл башчы, маала комитеттерине тапшырылсын.
3. 2014-2015-жылдарда айыл Ѳкмѳтүнүн аймагындагы социалдык маданий обьектилеринде жылытуу үчүн иштетилүүчү кѳмүр, электр энергиясынан үнѳмдүү пайдаланууну уюштуруу жана кѳзѳмѳлгѳ алуу кышка даярдык кѳрүү боюнча штабка милдеттендирилсин.
4. Бул токтомдун аткарылышын кѳзѳмѳлгѳ алуу жагы айылдык окуругдук Кеңешинин социалдык-маданий, укук тартип, депутаттык этика маселелери боюнча туруктуу комиссиясына жүктѳлсүн.
С.Юсупова айылдык кеңешинин төрагасы: |
К. Нарматов |