Загрузка документа…
КЫРГЫЗ-АТА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Кыргыз-Ата айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги IV сессиясы
2025-жылдын 21-февралы № 01-4/8
Кыргыз-Ата айыл өкмөтүнүн административдик имаратынын 1-кабатындагы каананы “Кыргыз Почтасы” ачык акционердик коомуна өткөрүп берүү жөнүндө
Кыргыз-Ата айыл өкмөтүнүн административдик имаратынын 1-кабатындагы каананы “Кыргыз Почтасы” ачык акционердик коомуна өткөрүп берүүгө айыл өкмөтүнүн 2025-жылдын 20-февралындагы № 01-19/32-сандуу катын айылдык кеңешинин депутаттарынын туруктуу комиссияларынын отурумунда карап жана депутаттардын талкуусун угуп, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамынын 34-беренесине таянып, Кыргыз-Ата айылдык кеңеши токтом кылат:
1.Кыргыз-Ата айыл өкмөтүнүн административдик имаратынын 1-кабатындагы каананы “Кыргыз Почтасы” ачык акционердик коомуна өткөрүп берүүгө айыл өкмөтүнүн 2025-жылдын 20-февралындагы № 01-19/32-сандуу катына макулдук берилсин.
2.Кыргыз-Ата айыл өкмөтүнүн административдик имаратынын 1-кабатындагыкаананы “Кыргыз Почтасы” ачык акционердик коомуна өткөрүп берүү үчүн тиешелүү иш кагаздарын бүткөрүү Кыргыз-Ата айыл өкмөтүнүн башчысына милдеттендирилсин.
3.Токтомду көзөмөлдөө айылдык кеңешинин агрардык маселелер, жер,
муниципалдык менчик, жайыттарды пайдалануу, өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу, жаратылышты коргоо жана экология боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын
Төрага: | Б. Дуйшоев |