Загрузка документа…
КЫРГЫЗ-АТА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Кыргыз-Ата айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги IV сессиясы
2025-жылдын 21-февралы № 01-4/9
Кыргыз-Ата айыл аймагындагы Кара-Таш калктуу конушуна айыл статусун берүү жөнүндө
Кыргыз-Ата айыл аймагындагы Кара-Таш калктуу конушуна айыл статусун берүү жөнүндө Кыргыз-Ата айыл өкмөтүнүн башчысынын билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамынын 34-беренесине таянып, Кыргыз-Ата айылдык кеңеши токтом кылат:
1.Кыргыз-Ата айыл аймагындагы Кара-Таш калктуу конушунда жашаган
кожолуктун саны көбөйгөндүгүнө жана айыл өкмөтүнүн борборунан алыс жайгашкандыгын эске алуу менен айылдын социалдык маселелерин чечүү учур талабы болгондуктан бул калктуу конушка айыл статусу берилсин.
2.Статус алуу үчүн тиешелүү иш кагаздарын даярдоо жана керектүү
маалыматтарды топтоо Кыргыз-Ата айыл өкмөтүнө милдеттендирилсин.
3.Токтомду көзөмөлдөө айылдык кеңешинин агрардык маселелер, жер, муниципалдык менчик, жайыттарды пайдалануу, өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу, жаратылышты коргоо жана экология боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага: | Б. Дуйшоев |