Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ШАЙЛОО ЖАНА РЕФЕРЕНДУМ ӨТКӨРҮҮ БОЮНЧА БОРБОРДУК КОМИССИЯСЫНЫН ТОКТОМУ
2025-жылдын 30 - сентябры № 83
2025-жылдын 30-ноябрына дайындалган Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоону даярдоо жана өткөрүү боюнча негизги уюштуруу-практикалык иш-чараларынын календардык планы жөнүндө
"Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 3, 4, 8-беренелерин жетекчиликке алып, "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоону дайындоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Президентинин 2025-жылдын 30-сентябрындагы № 272 Жарлыгы менен дайындалган Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоону даярдоону жана өткөрүүнү уюштуруу максатында, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. 2025-жылдын 30-ноябрына дайындалган Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоону даярдоо жана өткөрүү боюнча негизги уюштуруу-практикалык иш-чараларынын календардык планы тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Бул токтом "Эркин-Тоо" гезитине жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.
3. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары А.С.Жупуевага жүктөлсүн.
4. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
“Эркин-Тоо” мамлекетик расмий газетасынын 2025-жылдын 3-октябрындагы № 75 (3731) саны менен жарыяланган.
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасы |
| Т.Шайназаров |
|
| Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2025-жылдын 30-сентябрындагы № 83 токтому менен бекитилген |
2025-жылдын 30-ноябрына дайындалган Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоону даярдоо жана өткөрүү боюнча негизги уюштуруу-практикалык иш-чараларынын
КАЛЕНДАРДЫК ПЛАНЫ
Шайлоо күнү - Жекшемби, 2025-жылдын 30-ноябры
№ | Иш-чаралардын мазмуну | Аткаруу мөөнөттөрү | Аткарууга жооптуулар |
| Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын жарандарга, саясий партияларга, жалпыга маалымдоо каражаттарына (мындан ары - ЖМК), шайлоо комиссияларына жана шайлоо процессинин катышуучуларына кайрылуусу | Шайлоо дайындалгандан кийин | Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы (мындан ары - БШК) Маалыматтык камсыз кылуу сектору |
| БШКнын Жумушчу топторун түзүү | Шайлоо дайындалгандан кийин | БШК Укуктук камсыздоо бөлүмү |
Шайлоону маалыматтык жактан камсыздоо | |||
1 | БШКга ЖМК, интернет-басылмалар тарабынан эфир убактысын, басылма аянтын бергендиги үчүн төлөө өлчөмү же интернет-басылмада жарыялоо укугу жана башка шарттары жөнүндө маалыматтарды берүү | Шайлоону дайындоо жөнүндө чечим расмий жарыяланган күндөн тартып 13 календардык күндөн кечиктирбестен (2025-жылдын 12-октябрына чейин (кошуп алганда) | БШКнын жумушчу тобу, маалыматтык камсыз кылуу сектору, ЖМК, интернет-басылмалар "Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө" конституциялык Мыйзамдын 22-беренесинин 20-бөлүгү (мындан ары - Мыйзам) |
2 | БШК расмий сайтында эфир убактысын, басылма аянтты төлөө өлчөмү же интернет-басылмада жарыялоо укугу жана башка шарттар жөнүндө берилген маалыматтарды жарыялоосу | Шайлоону дайындоо жөнүндө чечим расмий жарыяланган күндөн тартып 17 күндөн кечиктирбестен (2025-жылдын 17-октябрына чейин) | Маалыматтык камсыз кылуу сектору Мыйзамдын 22-беренесинин 20-бөлүгү |
3 | Коомдук пикирди сурамжылоонун натыйжаларын, шайлоонун натыйжаларынын божомолдорун, шайлоого байланышкан башка изилдөөлөрдү жалпыга маалымдоо каражаттарында, интернет-басылмаларда жарыялоого (чагылдырууга) тыюу салуу | Добуш берүүгө чейинки акыркы 3 календардык күндүн ичинде, ошондой эле добуш берүү күнүн жарыялоо (чагылдыруу) (2025-жылдын 27-ноябрынан) | БШКнын жумушчу тобу Мыйзамдын 22-беренесинин 6-бөлүгү |
Көп мандаттуу шайлоо округдарын түзүү, округдук шайлоо комиссияларын түзүү | |||
4 | Көп мандаттуу шайлоо округдарын түзүү үчүн калкты каттоо жана документтештирүү, жерге жайгаштыруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар жана ЖӨБО тарабынан маалыматтарды берүү | Шайлоо күнү дайындалгандан кийин 2 календардык күндөн кечиктирбестен (2025-жылдын 2-октябрына чейин (кошуп алганда) | БШКнын жумушчу тобу Мыйзамдын 13-беренесинин 3-бөлүгү |
5 | Шайлоо округдарынын схемасын жана чек араларын түзүү жана бекитүү | Шайлоо күнү дайындалгандан кийин 5 календардык күндөн кечиктирбестен (2025-жылдын 6-октябрына чейин) | БШК Мыйзамдын 13-беренесинин 4-бөлүгү |
6 | Шайлоо округдарынын тизмесин БШК расмий сайтында жана ЖМКда жарыялоо | Округдар бекитилгенден кийин 3 календардык күндүн ичинде | БШК Мыйзамдын 13-беренесинин 7-бөлүгү |
7 | Округдук шайлоо комиссияларын түзүү | Шайлоо округдары түзүлгөндөн кийин | БШК Мыйзамдын 12-беренесинин 5-бөлүгү |
Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары жерлерде шайлоо участокторун түзүү | |||
8 | Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары жерлерде шайлоо участкаларын түзүү | КРнын ТИМнин сунушу боюнча | |
9 | БШКнын, Кыргыз Республикасынын дипломатиялык өкүлчүлүктөрүнүн, консулдук мекемелеринин жана аккредитацияланган чет өлкөдөгү Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын өкүлчүлүктөрүнүн сайттарында шайлоо участоктору жөнүндө маалыматтарды жайгаштыруу | Бекитилген күндөн тартып 3 календардык күндөн кечиктирбестен | ТИМ, БШК, Мыйзамдын 13-1-беренесинин 5-бөлүгү |
Добуш берүү үчүн жай | |||
10 | Майыптыгы бар шайлоочулардын муктаждык картасын түзүү | Добуш берүү күнүнө чейин 40 календардык күндөн кечиктирбестен (2025-жылдын 20-октябрына чейин (кошуп алганда) | ОШК, УШК, ЖӨБО Мыйзамдын 29-беренесинин 6-бөлүгү |
11 | Добуш берүүчү жайды майыптыгы бар шайлоочулардын муктаждык картасында көрсөтүлгөн керектөөлөрүнө ылайык келишин текшерүү | Добуш берүү күнүнө чейин 33 календардык күндөн кечиктирбестен (2025-жылдын 28-октябрына чейин) | ОШК, УШК, ЖӨБО Мыйзамдын 29-беренесинин 6-бөлүгү |
12 | ЖӨБОлорго майыптыгы бар адамдар үчүн добуш берүүчү жайдын жеткиликтүүлүгүн камсыз кылуу боюнча чараларды көрүү боюнча кайрылуу жөнөтүү | Шайлоо күнүнө чейин 27 календардык күндөн кечиктирбестен (2025-жылдын 3-ноябрына чейин) | ОШК, УШК, Мыйзамдын 29-беренесинин 6-бөлүгү |
Эл аралык жана коомдук байкоочулар | |||
13 | Эл аралык уюмдарга жана чет мамлекеттердин шайлоо органдарына шайлоого байкоо жүргүзүүгө катышууга чакыруу жөнөтүү | КР Президентинин Жарлыгы расмий жарыялангандан кийин | Президент, Жогорку Кеңеш, Министрлер Кабинети, БШК Мыйзамдын 10-беренесинин 1-бөлүгү |
14 | КРнын Президенти, КРнын ЖКи, КРнын Министрлер Кабинети, БШК тарабынан жиберилген чакыруулардын негизинде байкоочуларды аккредитациялоо | Шайлоо дайындалгандыгы жөнүндө чечим расмий жарыялангандан кийин | БШК Мыйзамдын 10-беренесинин 1-бөлүгү |
15 | Шайлоо комиссияларынын алдында коомдук байкоочуларды каттоонун шарттарын жана тартибин, каттоо жөнүндө документтин формасын белгилөө | Шайлоо дайындалгандан кийин | БШК Мыйзамдын 10-1-беренесинин 3-бөлүгү |
16 | Коомдук байкоочуларды каттоо | Коомдук байкоочуларды каттоо үчүн коммерциялык эмес уюмдар тарабынан тиешелүү документтерди бергенде | БШК Мыйзамдын 10-1-беренеси |
Шайлоочулардын тизмеси | |||
17 | Округдар, участоктор, боюнча түзүлгөн шайлоочулардын алдын ала тизмесин tizme.gov.kg мамлекеттик порталга жайгаштыруу | Добуш берүү күнүнө 53 календардык күнгө чейин (2025-жылдын 8-октябрына чейин) | Санариптик өнүктүрүү министрлиги, БШК Мыйзамдын 14-беренесинин 4-бөлүгү |
18 | Шайлоочулардын алдын ала тизмелерин участкалык шайлоо комиссияларына өткөрүп берүү | Добуш берүү күнүнө 50 календардык күн калганда (2025-жылдын 11-октябрына чейин) | БШК, ОШК, УШК Мыйзамдын 14-беренесинин 7-бөлүгү |
19 | УШКларда шайлоочулардын алдын ала тизмесин шайлоочулардын таанышуусу үчүн илүү | Добуш берүү күнүнө 47 календардык күн калганда (2025-жылдын 14-октябрына чейин) | УШК Мыйзамдын 15-беренесинин 1-бөлүгү |
20 | Шайлоочулардын арыздарын (шайлоочу жөнүндө ката же так эместик аныкталган учурда) тактоо үчүн кабыл алуу | Добуш берүү күнүнө чейин 10 календардык күндөн кечиктирбестен 2025-жылдын 8-октябрынан 19-ноябрына чейин (кошуп алганда) | УШК Мыйзамдын 15-беренесинин 2-бөлүгү |
21 | Шайлоочулардын таанышып чыгуусу үчүн УШКларда шайлоочулардын контролдук тизмесин илүү | Добуш берүүгө чейин 20 календардык күн калганда (2025-жылдын 10-ноябрына чейин) | УШК Мыйзамдын 15-беренесинин 4-бөлүгү |
22 | Шайлоочулардын электрондук түрдөгү биротоло тизмелерин ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга өткөрүп берүү | Добуш берүү күнүнө 7 календардык күн калганда (2025-жылдын 23-ноябрына чейин) | БШК, Санариптик өнүктүрүү министрлиги Мыйзамдын 15-беренесинин 5-бөлүгү |
23 | УШКларда шайлоочулардын биротоло тизмелеринин экинчи нускасын илүү | Добуш берүү күнүнө чейин 5 календардык күндөн кечиктирбестен (2025-жылдын 25-ноябрына чейин) | УШК Мыйзамдын 15-беренесинин 5-бөлүгү |
24 | Шайлоого катышкан шайлоочулардын тизмелерин БШКнын расмий сайтына жарыялоо жана участкалык шайлоо комиссияларынын орун-жайларынын алдындагы такталарга илүү | Добуш берүү күнүнөн кийин 5 календардык күндөн кечиктирбестен (2025-жылдын 6-декабрына чейин) | БШК, ОШК, УШК Мыйзамдын 35-беренесинин 23-бөлүгү |
Шайлоо комиссияларынын мүчөлөрүн жана шайлоо процессинин башка катышуучуларын окутуу | |||
25 | Саясий партиялардын ыйгарым укуктуу өкүлдөрү, талапкерлер, ЖМК, укук коргоо органдары жана шайлоо процессинин башка катышуучулары үчүн окуу семинарларын өткөрүү | Шайлоо дайындалгандан кийин өзүнчө план боюнча | БШК |
26 | ОШК, УШК мүчөлөрү, АЭУ жана шайлоочуларды идентификациялоо операторлору үчүн тренингдерди өткөрүү | Шайлоо дайындалгандан кийин өзүнчө план боюнча | БШК |
Көп мандаттуу шайлоо округдары боюнча талапкерлерди көрсөтүү жана каттоо | |||
27 | Шайлоого катышууну каалаган саясий партиялардын шайлоого катышары тууралуу БШКга жазуу жүзүндө билдирме жиберүүлөрү | Шайлоо дайындалгандан кийин 3 календардык күндүн ичинде (2025-жылдын 3-октябрына чейин (кошуп алганда) | Саясий партиялар Мыйзамдын 60-беренесинин 4-бөлүгү |
28 | Көп мандаттуу шайлоо округдары боюнча Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкерлерди көрсөтүү | Шайлоо округдарынын тизмеси расмий жарыяланган күндөн тартып жана шайлоо күнүнө 30 календардык күн калганда, жергиликтүү убакыт саат 18.00гө чейин аяктайт (2025-жылдын 30-октябрына чейин (кошкондо) | Саясий партиялар, жарандар өзүн-өзү көрсөтүү жолу менен Мыйзамдын 60-беренесинин 1-бөлүгү, 60-1-беренесинин 1-бөлүгү |
29 | Талапкердин, саясий партиянын ыйгарым укуктуу өкүлдөрүн каттоо жана аларга каттоо ырастамаларын же каттоодон баш тартуу тууралуу жүйөлүү чечимин берүү | Керектүү документтер түшкөн күндөн тартып 2 календардык күндүн ичинде | БШК Мыйзамдын 19-беренесинин 4-бөлүгү |
30 | Талапкердин жазуу жүзүндөгү арызынын же болбосо саясий партиянын сунуштамасынын жана ишенимдүү адам болууга макулдугу жөнүндө жарандын арызынын негизинде ишенимдүү адамдарды каттоо | Бардык талапкерлерди каттоонун акыркы мөөнөтү аяктагандан кийин, бирок добуш берүү күнүнө эки календардык күндөн кечиктирбестен жергиликтүү убакыт боюнча саат 18.00гө чейин (2025-жылдын 27-ноябрында) | БШК Мыйзамдын 20-беренесинин 2-бөлүгү |
31 | Көп мандаттуу шайлоо округу боюнча депутаттыкка талапкерди каттоо үчүн талапкер же анын ыйгарым укуктуу өкүлү, саясий партиялардын ыйгарым укуктуу өкүлдөрү тиешелүү документтерди берүүсү | Шайлоо күнүнө чейин 27 календардык күн калганда аяктайт (2025-жылдын 2-ноябры саат 18.00гө чейин) | БШК Мыйзамдын 61-беренесинин 1, 5-бөлүктөрү |
32 | Көп мандаттуу шайлоо округдары боюнча Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкерлерди каттоо | Добуш берүү күнүнө чейин 20 календардык күн калганда (2025-жылдын 10-ноябрына чейин) | БШК Мыйзамдын 61-беренесинин 9-бөлүгү |
33 | Талапкер тарабынан өз алдынча же ыйгарым укуктуу адам аркылуу нотариалдык жактан күбөлөндүрүлгөн түрдө, же болбосо саясий партия тарабынан талапкерлерди кайтарып алуу жана шайлоого мындан ары катышуудан баш тартуу тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясына жазуу түрүндө билдирүү берүүсү | Добуш берүү күнүнө чейин 7 календардык күндөн кечиктирбестен (2025-жылдын 22-ноябрын кошуп алганда) | Саясий партиялар, талапкер, ыйгарым укуктуу адам Мыйзамдын 61-беренесинин 13, 14-бөлүктөрү |
Шайлоо алдындагы үгүт | |||
34 | Шайлоо алдында үгүт жүргүзүү | Баардык талапкерлерди каттоо мөөнөтү аяктаган күндөн тартып, добуш берүү башталганга чейин 24 саат калганда аяктайт (2025-жылдын 10-ноябрынан тартып 29-ноябрында саат 08.00нө чейин) | Талапкерлер, саясий партиялар, Кыргыз Республикасынын жарандары Мыйзамдын 23-беренесинин 1-бөлүгү |
35 | Кыргыз Республикасынын жарандарына, талапкерлерге, саясий партияларга үгүт иштерин жүргүзүү жана шайлоочулар менен жолугушуу укугун камсыздоо | Талапкерлерди каттоо мөөнөтү аяктагандан кийин (2025-жылдын 10-ноябрынан 29-ноябры саат 08.00нө чейин) | АШК, Кыргыз Республикасынын БШКсынын атайын өкүлдөрү, мамлекеттик органдар, ЖӨБО Мыйзамдын 22-беренесинин 8, 9-бөлүктөрү |
36 | Ар бир шайлоо участогунун аймагында маалымат жана үгүт материалдарын илүү үчүн атайын орундарды берүү | Шайлоо дайындалган күндөн тартып 7 календардык күндүн ичинде (2025-жылдын 7-октябрына чейин) | ЖӨБО Мыйзамдын 27-беренесинин 3-бөлүгү |
Шайлоону каржылоо | |||
37 | Шайлоо фондун түзүү: - Өз шайлоо фондун түзүү үчүн банк мекемесинде атайын эсеп ачууга арыз берүү; | Шайлоого катышуу жөнүндө БШКга/ОШКга жазуу жүзүндө билдирме берүү менен кошо | Талапкер, саясий партия Мыйзамдын 41-беренесинин 5-бөлүгү, "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоону өткөрүүдө талапкердин, саясий партиянын шайлоо фондун түзүү, акча каражаттарынын келип түшүшүн жана чыгымдалышын эсепке алуу тартиби жөнүндө" жобонун (мындан ары - Жобо) 15-пункту |
- банк мекемесинде атайын эсеп ачууга уруксат алуу | Атайын эсеп ачууга БШКдан/ОШКдан жазуу жүзүндө уруксат (маалымдама) алгандан кийин | Талапкер, Каржы маселеси боюнча ыйгарым укуктуу өкүл Мыйзамдын 41-беренесинин 5-бөлүгү, Жобонун 17-пункту | |
38 | Банк мекемесинде атайын эсеп ачуу: - каржы маселеси боюнча ыйгарым укуктуу өкүлдү дайындабаган бир мандаттуу шайлоо округу боюнча талапкерлер тарабынан; | Аларды талапкер катары көрсөткөн учурдан тартып каттоо үчүн документтерди бергенге чейин | Талапкер, Мыйзамдын 41-беренесинин 1, 5-бөлүктөрү |
- каржы маселеси боюнча ыйгарым укуктуу өкүлдү дайындаган көп мандаттуу шайлоо округу боюнча талапкерлер тарабынан | Шайлоо комиссиясы тарабынан каржы маселеси боюнча ыйгарым укуктуу өкүл катталгандан кийин | ||
- талапкерлердин тизмесин көрсөткөн саясий партиялар тарабынан | Шайлоо комиссиясы тарабынан каржы маселеси боюнча ыйгарым укуктуу өкүл катталгандан кийин 3 календардык күндүн ичинде | Каржы маселеси боюнча ыйгарым укуктуу өкүл Мыйзамдын 19-беренесинин 41-беренесинин 1-бөлүгү | |
39 | Шайлоо төгүмүн төгүү: - талапкерлерди көрсөткөн саясий партиялар үчүн - ар бир талапкер үчүн мыйзамда белгиленген эсептик көрсөткүчтүн үч миң эселенген өлчөмүнөн | Шайлоо күнүнө чейин 27 календардык күндөн кечиктирбестен, жергиликтүү убакыт боюнча саат 18ге чейин (2025-жылдын 2-ноябры, саат 18.00гө чейин) | Талапкерлер, саясий партиялар, Көзөмөлдөө-текшерүү тобу Мыйзамдын 60-1-беренесинин 2-бөлүгү 61-беренесинин 1, 4, 5-бөлүктөрү |
40 | Талапкердин, саясий партиянын атайын эсебинде турган каражаттын келип түшүүсү жана чыгымдалышы жөнүндө маалымат берүү | Жума сайын, ал эми КР БШКнын талабы боюнча - 24 сааттын ичинде | Банк же башка мекемелер, БШК Мыйзамдын 41-беренесинин 12-бөлүгү |
41 | Талапкердин, саясий партиянын шайлоо фонддорунун келип түшүүсү жана чыгымдалышы жөнүндө финансылык отчетторду БШКга тапшыруусу | Биринчи финансылык отчет - добуш берүү күнүнө чейин 7 күндөн кечиктирбестен (2025-жылдын 22-ноябрына чейин (кошуп алганда) Экинчи жыйынтыктоочу финансылык отчет - шайлоодон кийин 7 күндөн кечиктирбестен (2025-жылдын 7-декабрына чейин (кошуп алганда) | Көзөмөлдөө-текшерүү тобу Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоону өткөрүүдө талапкердин, саясий партиянын шайлоо фондун түзүү, акча каражаттарынын келип түшүшүн жана чыгымдалышын эсепке алуу тартиби жөнүндө жобосунун 58-пункту |
42 | Жеке жана юридикалык жактар менен эсептешүүлөр боюнча, ошондой эле атайын эсепте турган, чыгымдалбаган акча каражаттарын кайра кайтаруу боюнча бардык финансылык операцияларды токтотуу | Добуш берүү күнүнө чейин 3 календардык күндөн кечиктирбестен (2025-жылдын 3-декабрына чейин (кошуп алганда) | Көзөмөлдөө-текшерүү тобу Мыйзамдын 41-беренесинин 14-бөлүгү |
Шайлоо бюллетендери | |||
43 | Шайлоо бюллетендерин текстин бекитүү | Добуш берүү күнүнө чейин 17 календардык күндөн кечиктирбестен (2025-жылдын 13-ноябрына чейин) | БШК Мыйзамдын 30-беренесинин 2-бөлүгү |
Добуш берүү тартиби | |||
44 | Добуш берүүчү жайдан тышкары жерде добуш берүү мүмкүнчүлүгү жөнүндө шайлоочулардан арыздарды кабыл алуу | Добуш берүү күнүнө чейин 2 календардык күндөн кечиктирбестен (2025-жылдын 28-ноябрына чейин) | УШК Мыйзамдын 33-беренесинин 2-бөлүгү |
45 | Добуш берүүчү жайдан тышкары жерде добуш берүүнү уюштуруу жана өткөрүү | Добуш берүү күнүнө чейин 1 календардык күн калганда саат 08.00дөн 20.00гө чейин (2025-жылдын 29-ноябры) | УШК Мыйзамдын 33-беренесинин 2-бөлүгү |
46 | Добуш берүүнү өткөрүү | 2025-жылдын 30-ноябры (саат 08.00дөн 20.00гө чейин) | УШК Мыйзамдын 31-беренесинин 1-бөлүгү |
Добуш берүүнүн жыйынтыктарын жана шайлоонун натыйжаларын белгилөө | |||
47 | Шайлоочулардын добуштарын саноо | Добуш берүү аяктагандан кийин дароо башталат жана добуш берүүнүн жыйынтыктарын белгилегенге чейин тынымсыз жүргүзүлөт | УШК Мыйзамдын 35-беренесинин 3-1-бөлүгү |
48 | Юридикалык мааниге ээ болбогон, алдын ала маалымат болуп саналган ар бир шайлоо участкасы боюнча добуш берүүнүн жыйынтыктарын БШК расмий сайтына жайгаштыруу | Келип түшкөнүнө жараша | БШК Мыйзамдын 37-1-беренесинин 1-бөлүгү |
49 | Ар бир шайлоо участогу боюнча добуш берүүнүн жыйынтыктары жөнүндө протоколдорду БШКнын расмий сайтына жайгаштыруу | Добуш берүү күнүнөн тартып 12 календардык күндөн кечиктирбестен (2025-жылдын 13-декабрына чейин) | БШК, ОШК, УШК Мыйзамдын 37-1-беренесинин 2-бөлүгү, 23-бөлүгү |
50 | Добуш берүүнүн жыйынтыктары жөнүндө округдук шайлоо комиссияларынын протоколдорун БШКнын расмий сайтына жайгаштыруу | Добуш берүү күнүнөн тартып 13 календардык күндөн кечиктирбестен (2025-жылдын 14-декабрына чейин) | БШК, ОШК, Мыйзамдын 37-1-беренесинин 4-бөлүгү |
51 | Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоонун натыйжаларын аныктоо | Добуш берүү күнүнөн тартып 13 календардык күндөн кечиктирбестен (2025-жылдын 14-декабрына чейин) | БШК Мыйзамдын 37-беренесинин 1-бөлүгү |
52 | Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоонун натыйжалары жөнүндө жалпыга маалымдоо каражаттарында расмий жарыялоо | Шайлоонун натыйжалары аныкталган күндөн тартып эки жуманын ичинде | БШК Мыйзамдын 64-беренесинин 8-бөлүгү |
(*) конституциялык Мыйзамдын 59-беренесине ылайык, шайлоо аракеттеринин мөөнөттөрү үчтөн бирине кыскарат.