Редакцияот 28.11.2025
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ

 

2025-жылдын 28-ноябры № 762

 

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 3-мартындагы № 115 “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин айрым ченем жаратуу ыйгарым укуктарын мамлекеттик органдарга жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдарына өткөрүп берүү жөнүндө” токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу

 

“Коомдук саламаттык сактоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 44-беренесинин 7-пунктун ишке ашыруу максатында, “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:

1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 3-мартындагы № 115 “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин айрым ченем жаратуу ыйгарым укуктарын мамлекеттик органдарга жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдарына өткөрүп берүү жөнүндө” токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:

жогоруда көрсөтүлгөн токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарына жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдарына өткөрүп берилген Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин айрым ченем жаратуу ыйгарым укуктарынын тизмесинде:

– 11-пункт төмөнкүдөй мазмундагы 19-пунктча менен толукталсын:

“19) Кыргыз Республикасынын аймагында инфекциялык эмес оорулардын жайылышына эпидемиологиялык көзөмөл жүргүзүүнүн тартибин жана ооруга чалдыгуунун, майыптуулуктун жана өлүмгө учуроонун көрсөткүчтөрүнүн өсүшүнө таасир этүү системасын;”.

2. Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги эки айлык мөөнөттө ушул токтомдон келип чыгуучу тиешелүү чараларды көрсүн.

3. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.

4. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

«Эркин-Тоо» мамлекеттик расмий гезитинин 2025-жылдын 2-декабрындагы № 95 (3752) саны менен жарыяланды

 

 

 

Кыргыз Республикасынын

Министрлер Кабинетинин

Төрагасы

 

 

 

А.А. Касымалиев