Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2025-жылдын 25- ноябры № 754
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 17-февралындагы № 99 “Кыргыз Республикасынын Стратегиялык объектилеринин тизмегин бекитүү жөнүндө” токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
Айрым стратегиялык объекттердин коопсуздугун камсыз кылуу максатында, “Кыргыз Республикасынын стратегиялык объектилери жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 2-беренесинин 3-пунктуна, “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17 беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 17-февралындагы № 99 “Кыргыз Республикасынын Стратегиялык объектилеринин тизмегин бекитүү жөнүндө” токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Стратегиялык объектилеринин тизмегинде:
– “А” категориясы (өтө маанилүү объектилер)” бөлүмүнүн “Экономика үчүн мааниси бар объектилер жана жогорку кооптуулуктагы объектилер” графасы төмөнкүдөй мазмундагы 4-пункт менен толукталсын:
“4. “Учкун” ААК.”;
– “Б” категориясы (маанилүү объектилер)” бөлүмүнүн “Экономика үчүн мааниси бар объектилер жана жогорку кооптуулуктагы объектилер” графасынын 15-пункту күчүн жоготту деп таанылсын.
2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
|
А.А. Касымалиев |