Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2025-жылдын 18-ноябры № 744
Ээлегенде толук жекече, жамааттык (бригадалык) материалдык жоопкерчилик жөнүндө жазуу жүзүндөгү келишимдер түзүлүшү мүмкүн болгон кызмат орундарынын жана иштердин болжолдуу тизмегин бекитүү жөнүндө
Кызматкерлер толук материалдык жоопкерчиликке тартылышы мүмкүн болгон шарттарды натыйжалуу жөнгө салуу, эмгек мамилелери чөйрөсүндө мыйзамдуулукту, дисциплинаны жана тартипти камсыз кылуу максатында, Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексинин 132-беренесине, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Ээлегенде толук жекече, жамааттык (бригадалык) материалдык жоопкерчилик жөнүндө жазуу жүзүндөгү келишимдер түзүлүшү мүмкүн болгон кызмат орундарынын жана иштердин болжолдуу тизмеги тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Менчигинин түрүнө карабастан ишканалар, мекемелер, уюмдар бул токтомдун 1-пунктунда көрсөтүлгөн Болжолдуу тизмекти эске алуу менен толук жекече, жамааттык (бригадалык) материалдык жоопкерчилик жөнүндө жазуу жүзүндөгү келишимдер түзүлүшү мүмкүн болгон кызматкерлер ээлеген же аткарган кызмат орундарынын жана иштердин тизмектерин өз алдынча бекитүүгө укуктуу деп белгиленсин.
3. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп таанылсын:
1) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2001-жылдын 27-декабрындагы № 820 "Иштөөдө толук жекече, жамааттык (бригадалык) материалдык жоопкерчилик жөнүндө жазуу жүзүндө келишимдер түзүлүшү мүмкүн болгон кызматтар менен жумуштардын болжолдуу тизмесин бекитүү жөнүндө" токтому;
2) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 9-февралындагы № 82 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү жана толуктоо киргизүү жөнүндө" токтомунун 2-пункту.
4. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
“Эркин-Тоо” мамлекеттик расмий гезитинин 2025-жылдын 21-ноябрындагы № 92 (3748) саны менен жарыяланды.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
| А.А. Касымалиев |