Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2025-жылдын 14-ноябры № 259
Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына
(Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексине, Кыргыз Республикасынын
Кылмыш-жаза процессуалдык кодексине) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
1-берене
Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексине ("Эркин-Тоо" гезити, 2021-жылдын 16-ноябры, № 122-133) төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
97-берене төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"97-берене. Мыйзам менен келишпестикке барган баланы кылмыш-жаза сот өндүрүшүнүн тутумунан чыгаруу боюнча ага карата чараларды колдонууга байланыштуу кылмыш-жаза жоопкерчилигинен бошотуу
1. Коркунучтуулугу аз жана анча оор эмес кылмышты биринчи жолу жасаган, кылмыш жасагандыгын мойнуна алган, соттуулугу жок жана кылмыш-жаза сот өндүрүшүнүн тутумунан баланы чыгаруу программасына мурда катышпаган бала сотко чейинки өндүрүштүн жүрүшүндө Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза-процессуалдык кодексинде аныкталган тартипте кылмыш-жаза сот өндүрүшүнүн тутумунан баланы чыгаруу боюнча чараларды колдонуу менен кылмыш-жаза жоопкерчилигинен бошотулууга жатат.
2. Кылмыш-жаза сот өндүрүшүнүн тутумунан баланы чыгаруу жөнүндө келишим боюнча милдеттенмелерди бала атайылап аткарбаган учурда, прокурор колдонулуучу чараларды өзгөртүүгө, келишимдин колдонуу мөөнөтүн узартууга же кылмыш-жаза сот өндүрүшүнүн тутумунан баланы чыгаруу жөнүндө чечимди жокко чыгарууга укуктуу.".
2-берене
Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык кодексине ("Эркин-Тоо" гезити, 2021-жылдын 16-ноябры, № 122-133) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 5-берененин 38-пунктунда "соттолуучу," деген сөз алып салынсын;
2) 27-беренеде:
а) 2-бөлүк төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"2. Ушул Кодекстин 467-беренесинде каралган учурларда балага карата кылмыш иши козголушу мүмкүн эмес, ал эми козголгон кылмыш иши кыскартылууга жатат.";
б) 6-бөлүк "14-пункттарында" деген сөздөрдөн кийин "жана 2-бөлүгүндө" деген сөздөр менен толукталсын;
3) 35-берененин 1-бөлүгүнүн 15-пунктунда мамлекеттик тилдеги текстте "өндүрүш" деген сөз "өндүрүшүнүн" деген сөзгө алмаштырылсын;
4) 37-берененин 1-бөлүгүнүн 22-пункту мамлекеттик тилдеги текст "сот" деген сөздөн кийин "өндүрүшүнүн" деген сөз менен толукталсын;
5) 54-беренеде:
а) 3-бөлүк төмөнкүдөй мазмундагы 5-пункт менен толукталсын:
"5) ушул Кодекстин 473-беренесинин негизинде, корутундуну жана баланын социалдык-психологиялык мүнөздөмөсүн эске алуу менен кылмыш-жаза сот өндүрүшүнүн тутумунан баланы чыгаруу жөнүндө келишимдин алкагында аткарылуусу талап кылынган милдеттердин тизмесин түзүүгө жана аларды аткаруу мөөнөтү боюнча сунуш киргизүүгө.
Мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары балдарды коргоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын кызматкерине ушул бөлүктө каралган милдеттерди аткаруусуна өз компетенциясынын алкагында көмөк көрсөтүүгө милдеттүү.";
б) 6-бөлүктө "жана баланы кылмыш-жаза сот өндүрүшү тутумунан чыгаруу жөнүндө келишимдин аткарылышын контролдойт" деген сөздөр "жана ички иштер органдары менен бирдикте кылмыш-жаза сот өндүрүшүнүн тутумунан баланы чыгаруу жөнүндө келишим боюнча милдеттенмелердин бала тарабынан аткарылышына контролдук жүргүзөт" деген сөздөргө алмаштырылсын;
6) 153-берененин 3-бөлүгү төмөнкүдөй мазмундагы 3-абзац менен менен толукталсын:
"3) кылмыш-жаза сот өндүрүшүнүн тутумунан баланы чыгаруу жөнүндө чечим кабыл алынган учурда.";
Эскертүү: Ушул Мыйзамдын 2-беренесинин 6-пунктунда мамлекеттик жана расмий тилдеги айырмачылыктар бар
7) 154-берененин 1-бөлүгүндө "1-бөлүгүндө" деген сөздөр "1 жана 2-бөлүктөрүндө" деген сөздөргө алмаштырылсын;
8) 257-берененин 1-бөлүгүнүн биринчи сүйлөмү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: "Кылмыш иши ушул Кодекстин 27-беренесинин 1 жана 2-бөлүктөрүндө көрсөтүлгөн негиздер болгондо, ушул Кодекстин 27-беренесинин 3-бөлүгүндө белгиленген жагдайлар жок болгон шартта тергөөчү тарабынан кыскартылат.";
9) 459-берене төмөнкүдөй мазмундагы үчүнчү сүйлөм менен толукталсын: "Кылмыш-жаза сот өндүрүшүнүн тутумунан баланы чыгаруу болжолдонуп жаткан иш өзүнчө өндүрүшкө бөлүнүүгө тийиш.";
10) 467 жана 468-беренелер төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"467-берене. Кылмыш-жаза сот өндүрүшүнүн тутумунан баланы чыгаруу
1. Эгерде бала коркунучтуулугу аз же анча оор эмес кылмышты биринчи жолу жасаган деп эсептөөгө негиз бар болсо, тергөөчү ушул главанын эрежелери боюнча баланы кылмыш-жаза сот өндүрүшүнүн тутумунан чыгаруу жол-жобосун баштайт.
2. Кылмыш-жаза кодексинин 97-беренесинде каралган негиздердин жыйындысы жана мыйзамдуу өкүлүнүн катышуусунда кылмыш-жаза сот өндүрүшүнүн тутумунан чыгарууга баланын макулдугу болгондо балага карата кылмыш-жаза сот өндүрүшүнүн тутумунан чыгаруу жол-жобосу башталышы керек.
3. Кылмыш-жаза сот өндүрүшүнүн тутумунан баланы чыгаруу жол-жобосу төмөнкүлөрдү караштырат:
1) тергөөчүнүн кылмыш-жаза сот өндүрүшүнүн тутумунан баланы чыгаруу жөнүндө токтом чыгаруусун;
2) кылмыш-жаза сот өндүрүшүнүн тутумунан баланы чыгаруу жөнүндө келишимди түзүүнү;
3) жазуу жүзүндө эскертүү берүүнү;
4) тергөөчүнүн кылмыш ишин козгоодон баш тартуу же болбосо кылмыш ишин кыскартуу жөнүндө токтом чыгаруусун;
5) кылмыш-жаза сот өндүрүшүнүн тутумунан баланы чыгаруу жөнүндө келишим боюнча милдеттенмелердин бала тарабынан аткарылышына контролдук жүргүзүүнү;
6) кылмыш-жаза сот өндүрүшүнүн тутумунан баланы чыгаруу программасынын аяктагандыгы жөнүндө маалыматтарды Кылмыштардын бирдиктүү реестрине киргизүүнү.
4. Кылмыш-жаза сот өндүрүшүнүн тутумунан баланы чыгаруу жөнүндө келишим мамлекеттин атынан тергөөчүнүн жана прокурордун, жана биринчи жолу кылмыш жасаган баланын, ошондой эле анын мыйзамдуу өкүлүнүн ортосундагы бала ага жүктөлгөн милдеттенмелерди аткаргандыгы үчүн кылмыш куугунтугун токтотуунун кепилдиктери жөнүндө жазуу жүзүндөгү макулдашууну билдирет.
Кылмыш-жаза сот өндүрүшүнүн тутумунан баланы чыгаруу жөнүндө келишим төмөнкүлөрдү камтыйт:
- бала, ошондой эле келишим боюнча милдеттенмелерди аткарууда балага көмөк көрсөтүүчү анын мыйзамдуу өкүлдөрү жөнүндө маалыматтарды;
- ал боюнча инкримизацияланган жосун квалификациялануучу кылмыш-жаза мыйзамынын так беренесин, бөлүгүн жана пунктун;
- колдонулуучу чаралардын түрлөрүн жана жүктөлүүчү милдеттенмелерди;
- келишимдин колдонуу мөөнөтүн.
Кылмыш-жаза сот өндүрүшүнүн тутумунан баланы чыгаруу жөнүндө келишимдин колдонуу мөөнөтү ага кол коюлган күндөн тартып 3 айдан 6 айга чейинки мөөнөттү түзүшү мүмкүн.
5. Кылмыш-жаза сот өндүрүшүнүн тутумунан баланы чыгаруу жабырлануучуну андан кылмыш аркылуу келтирилген мүлктүк зыяндын жана (же) моралдык залалдын ордун толтуртуп алуу укугунан ажыратпайт.
468-берене. Кылмыш-жаза сот өндүрүшүнүн тутумунан баланы чыгаруу тартиби
1. Ушул Кодекстин 467-беренесинин 2-бөлүгүндө көрсөтүлгөн шарттар болгондо, тергөөчү кылмыш-жаза сот өндүрүшүнүн тутумунан баланы чыгаруу жөнүндө токтомду токтоосуз чыгарат жана бекитүү үчүн аны прокурорго жиберет.
Прокурор кылмыш-жаза сот өндүрүшүнүн тутумунан баланы чыгаруу жөнүндө токтом келип түшкөн учурдан тартып 24 сааттан кечиктирбестен аны бекитет же ушул Кодекстин 459 жана 467-беренелери менен жол берилген бузууларды четтетүү үчүн кайтарат.
2. Тергөөчү токтом бекитилгенден кийин ишке катышып жаткан балдарды коргоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын кызматкерине ушул Кодекстин 54-беренесинин 3-бөлүгүнүн 5-пунктуна ылайык 5 сутканын ичинде сунуш киргизүү зарылчылыгы жөнүндө токтоосуз билдирет.
3. Тергөөчү ишке катышкан балдарды коргоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын кызматкеринин сунуштарын эске алуу менен кылмыш-жаза сот өндүрүшүнүн тутумунан баланы чыгаруу жөнүндө келишимди түзөт.
Кылмыш-жаза сот өндүрүшүнүн тутумунан баланы чыгаруу жөнүндө келишимге тергөөчү, бала, анын мыйзамдуу өкүлдөрү, адвокат жана балдарды коргоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын кызматкери кол коюшат. Келишимге ушул Кодекстин 474-беренесинин 2-бөлүгүндө көрсөтүлгөн адамдар тарабынан кошумча кол коюлушу мүмкүн.
4. Прокурор кылмыш-жаза сот өндүрүшүнүн тутумунан баланы чыгаруу жөнүндө келишимди ал келип түшкөн күндөн тартып 2 сутканын ичинде бекитет.
5. Тергөөчү келишим бекитилгенден кийин ушул Кодекстин 154 жана 257-беренелеринде белгиленген тартипте кылмыш ишин козгоодон баш тартуу же болбосо кылмыш ишин кыскартуу жөнүндө токтом чыгарат.
6. Кылмыш-жаза сот өндүрүшүнүн тутумунан баланы чыгаруу жөнүндө келишим боюнча милдеттенмелердин бала тарабынан аткарылышын контролдоону ички иштер органдары жана балдарды коргоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган жүзөгө ашырышат.
Көрсөтүлгөн мамлекеттик органдардын ишинин жана өз ара аракетинин тартиби Министрлер Кабинети тарабынан аныкталат.
7. Тергөөчүнүн же болбосо прокурордун баланы кылмыш-жаза сот өндүрүшүнүн тутумунан чыгаруудан баш тартуусу жогору турган прокурорго же болбосо тергөө судьясына даттанылышы мүмкүн.
8. Кылмыш-жаза сот өндүрүшүнүн тутумунан баланы чыгаруу жөнүндө токтом жана келишим жабырлануучу тарабынан жогору турган прокурорго же болбосо тергөөчү судьяга даттанылышы мүмкүн.
9. Тергөө судьясынын кылмыш-жаза сот өндүрүшүнүн тутумунан баланы чыгаруу маселелери боюнча актылары даттанылбайт.
10. Кылмыш-жаза сот өндүрүшүнүн тутумунан баланы чыгаруу жөнүндө келишимдин аткарылышын көзөмөлдөөнү аны бекиткен прокурор жүзөгө ашырат.";
11) 469-берененин 4-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"4. Ушул Кодекстин 468-беренесинин 6-бөлүгүндө көрсөтүлгөн органдардын кылмыш-жаза сот өндүрүшүнүн тутумунан баланы чыгаруу жөнүндө келишим боюнча милдеттенмелерди бала аткаргандыгы жөнүндө билдирүүсүнүн негизинде, тергөөчү баланы кылмыш-жаза сот өндүрүшүнүн тутумунан чыгаруу программасынын аяктагандыгы жөнүндө маалыматтарды Кылмыштардын бирдиктүү реестрине токтоосуз киргизет.";
12) 470-беренеде:
а) 1-бөлүк төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"1. Балага карата баланы кылмыш-жаза сот өндүрүшүнүн тутумунан чыгаруу боюнча төмөнкүдөй чаралар колдонулушу мүмкүн.
1) келтирилген зыяндын ордун толук же жарым-жартылай толтуруу;
2) милдеттенме коюу;
3) кепилдикке өткөрүп берүү.";
б) 2-бөлүктүн биринчи сүйлөмү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: "Тергөөчү жасалган кылмыштын мүнөзүн жана оордугун, баланын жаш курагын, анын күнөөсүнүн, келтирилген зыяндын даражаларын, ошондой эле анын кылмыш жасагандан кийинки жүрүм-турумун эске алуу менен кылмыш-жаза сот өндүрүшүнүн тутумунан баланы чыгаруу боюнча бир учурда бир нече чара колдонушу мүмкүн.";
13) 471-берене төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"471-берене. Жазуу жүзүндө эскертүү
Жазуу жүзүндө эскертүү - бала кайрадан кылмыш жасаган жана кылмыш-жаза сот өндүрүшүнүн тутумунан баланы чыгаруу жөнүндө келишим боюнча милдеттенмелерди аткарбаган учурларда келип чыга турган кесепеттер тууралуу балага жазуу жүзүндө билдирүү.
Жазуу жүзүндө эскертүү ошондой эле балага кылмыштуу жосундун натыйжасында келтирилген зыянды жана бул кылмыштуу жосун үчүн белгиленген жоопкерчиликтин түрү жана жаза чаралары жөнүндө түшүндүрмөнү камтыйт.
Жазуу жүзүндө эскертүү балага же анын мыйзамдуу өкүлдөрүнө кылмыш-жаза сот өндүрүшүнүн тутумунан баланы чыгаруу жөнүндө келишим менен бир убакта берилет.";
14) 473-берененин 2-бөлүгү төмөнкүдөй мазмундагы абзац менен толукталсын:
"Баланын милдеттерин аткарууга көмөк көрсөтүү анын ата-энесине же аларды алмаштырган адамдарга, балдар иштери боюнча комиссияга, ички иштер, билим берүү, саламаттык сактоо, пробация, ишке орноштуруу органдарына, балдарды коргоо боюнча органдарга жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына Министрлер Кабинети тарабынан аныкталуучу тартипте жана шарттарда жүктөлөт.";
15) 475-берене төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"475-берене. Кылмыш-жаза сот өндүрүшүнүн тутумунан баланы чыгаруу жөнүндө келишим боюнча милдеттенмелерди аткарбоо
1. Кылмыш-жаза сот өндүрүшүнүн тутумунан баланы чыгаруу жөнүндө келишим боюнча милдеттенмелерди бала аткарбаган учурда ушул Кодекстин 468-беренесинин 6-бөлүгүндө көрсөтүлгөн мамлекеттик органдар аткарбоонун себептерин аныктоого жана баланын аларды аткаруусу боюнча толук чараларды колдонууга милдеттүү.
2. Келишим боюнча милдеттенмелерди бала атайылап аткарбаган учурда, ушул Кодекстин 468-беренесинин 6-бөлүгүндө көрсөтүлгөн мамлекеттик органдар бул тууралуу прокурорго жазуу жүзүндө маалымдайт.
3. Прокурор баланын жана ушул Кодекстин 468-беренесинин 3-бөлүгүндө көрсөтүлгөн жактардын түшүндүрмөлөрүн угууга милдеттүү. Сүйлөшүүнүн жыйынтыгы боюнча прокурор кылмыш-жаза сот өндүрүшүнүн тутумунан баланы чыгаруу жөнүндө чечимди күчүндө калтырууга же жокко чыгарууга укуктуу.
4. Колдонулуучу чараларды өзгөртүү же кылмыш-жаза сот өндүрүшүнүн тутумунан баланы чыгаруу жөнүндө келишимдин колдонуу мөөнөтүн узартуу прокурордун көрсөтмөсүнүн негизинде тергөөчүнүн токтому менен жүргүзүлөт.
5. Колдонулуучу чаралар өзгөртүлгөн же кылмыш-жаза сот өндүрүшүнүн тутумунан баланы чыгаруу жөнүндө келишимдин мөөнөтү узартылган учурда тергөөчү кошумча макулдашууну түзөт.
6. Кылмыш-жаза сот өндүрүшүнүн тутумунан баланы чыгаруу жөнүндө чечим жокко чыгарылган учурда балага карата сотко чейинки өндүрүш жалпы тартипте жүргүзүлөт.
7. Кылмыш-жаза сот өндүрүшүнүн тутумунан баланы чыгаруу жөнүндө чечим жокко чыгарылган учурда аны кылмыш-жаза сот өндүрүшүнүн тутумунан чыгаруу боюнча чараларды аткаруу боюнча бала тарабынан көрүлгөн иш-аракеттер өкүм чыгаруу процессинде эске алынат.";
16) 476-берененин расмий тилдеги текстинде "подсудимого," деген сөз алып салынсын.
3-берене
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
“Эркин-Тоо” мамлекеттик расмий гезитинин 2025-жылдын 21-ноябрындагы № 92 (3748) саны менен жарыяланды
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети эки айлык мөөнөттө өзүнүн чечимдерин ушул Мыйзамга ылайык келтирсин жана ушул Мыйзамдан келип чыгуучу башка маселелерди чечсин.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
С.Н. Жапаров |
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши кабыл алган |