Загрузка документа…
ЖАЙЫЛМА АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН ЖАЙЫЛМА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2024-жылдын 27-ноябры № 2/I
Жайылма айылдык кеңешинин төрагасын шайлоо жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттигинин 2024-жылдын 6-декабрындагы № 01-25/330 буйругуна ылайык “Жергиликтүү кеңештердин Типтүү регламенттерин бекитүү жөнүндө”, жергиликтүү кеңештердин ишин уюштурууга усулдук жардам көрсөтүү, алардын ишмердүүлүгүн уюштуруучулук жана укуктук негиздерин бекемдөө максатында, талкуулап жана пикир алмашып,
Жайылма айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Берилген добуштардын негизинде жана көпчүлүктүн добушун алган Жонгучкаев Кыялбек Муратбекович айылдык кенешинин төрагасы болуп шайлансын.
2. Бул токтомдун аткарылышын өз көзөмөлүмө калтырам.
Жайылма айылдык кеңешинин төрагасы |
К. М. Жонгучкаев |