Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ШАЙЛОО ЖАНА РЕФЕРЕНДУМ ӨТКӨРҮҮ БОЮНЧА БОРБОРДУК КОМИССИЯСЫНЫН ТОКТОМУ
2025-жылдын 30 - сентябры № 84
Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин кээ бир депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жана бош калган мандаттарды жергиликтүү кеңештердин депутаттыгына талапкерлерге өткөрүп берүү жөнүндө Ак-Талаа, Жайыл, Сүлүктү, Кара-Кулжа жана Сузак аймактык шайлоо комиссияларынын чечимдерин бекитүү тууралуу
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясына жергиликтүү кеңештердин кээ бир депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жана бош калган мандаттарды жергиликтүү кеңештердин депутаттыгына талапкерлерге өткөрүп берүү жөнүндө аймактык шайлоо комиссияларынын төмөнкү чечимдери келип түштү:
1) "Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 3-беренесинин 1-пунктунун жана "Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 52-беренесинин 2-бөлүгүнүн 1-пунктунун негизинде, депутаттык ыйгарым укуктарын тапшыруу жөнүндө жазуу жүзүндө арыз бергендигине байланыштуу жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жөнүндө чечимдери:
- Ак-Талаа аймактык шайлоо комиссиясынын 2025-жылдын 23-сентябрындагы № 5, Нарын облусунун Ак-Талаа районунун Ала-Буга айылдык кеңеши боюнча;
- Жайыл аймактык шайлоо комиссиясынын 2025-жылдын 24-сентябрындагы № 19, Чүй облусунун Жайыл районунун Ынтымак айылдык кеңеши боюнча;
- Сүлүктү аймактык шайлоо комиссиясынын 2025-жылдын 25-сентябрындагы № 2, Баткен облусунун Сүлүктү шаардык кеңеши боюнча;
- Кара-Кулжа аймактык шайлоо комиссиясынын 2025-жылдын 22-сентябрындагы № 10, Ош облусунун Кара-Кулжа районунун Ой-Тал айылдык кеңеши боюнча;
- Сузак аймактык шайлоо комиссиясынын 2025-жылдын 25-сентябрындагы № 12, Жалал-Абад облусунун Сузак районунун Сузак айылдык кеңеши боюнча.
2) "Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 52-беренесинин 1-бөлүгүнүн 1-пунктунун негизинде, бош калган мандаттарды тиешелүү көп мандаттуу шайлоо округу боюнча добуш берүүгө катышкан шайлоочулардын добуштарынын көбүн алган шайланган депутаттан кийинки талапкерге өткөрүп берүү жөнүндө чечимдери:
- Ак-Талаа аймактык шайлоо комиссиясынын 2025-жылдын 23-сентябрындагы № 5, Нарын облусунун Ак-Талаа районунун Ала-Буга айылдык кеңеши боюнча;
- Жайыл аймактык шайлоо комиссиясынын 2025-жылдын 24-сентябрындагы № 20, Чүй облусунун Жайыл районунун Ынтымак айылдык кеңеши боюнча;
- Кара-Кулжа аймактык шайлоо комиссиясынын 2025-жылдын 22-сентябрындагы № 11, Ош облусунун Кара-Кулжа районунун Ой-Тал айылдык кеңеши боюнча;
- Сузак аймактык шайлоо комиссиясынын 2025-жылдын 25-сентябрындагы № 13, Жалал-Абад облусунун Сузак районунун Сузак айылдык кеңеши боюнча.
3) "Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 52-беренесинин 1-бөлүгүнүн 3-пунктунун жана 1-1 бөлүгүнүн негизинде, Баткен облусунун Сүлүктү шаардык кеңеши боюнча бош калган мандатты саясий партиянын тизмесинде шайланган депутаттардан кийинки талапкерлерге өткөрүп берүү жөнүндө Сүлүктү аймактык шайлоо комиссиясынын 2025-жылдын 25-сентябрындагы № 2 чечими.
Аймактык шайлоо комиссияларынын кабыл алынган чечимдери "Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 20-беренесинин, "Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 3-беренесинин жана "Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 52-беренесинин талаптарына ылайык келет.
"Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 4-беренесинин 1-бөлүгүнүн 28-пунктуна ылайык, "Борбордук шайлоо комиссиясы жергиликтүү кеңештин депутатынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жөнүндө, жергиликтүү кеңештин депутатынын бош калган мандатын өткөрүп берүү жөнүндө, жергиликтүү кеңештин депутаттыгына талапкерлерди катталган тизмеден чыгаруу жөнүндө аймактык шайлоо комиссияларынын чечимдерин бекитет".
Аймактык шайлоо комиссияларынын бекитүүгө келип түшкөн чечимдеринин "Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 52-беренесинин жана "Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 3, 5-беренелеринин талаптарына ылайыктуулугун карап чыгып, "Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 3, 4, 8-беренелерин жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Төмөнкүлөр бекитилсин:
- Ак-Талаа, Жайыл, Сүлүктү, Кара-Кулжа жана Сузак аймактык шайлоо комиссияларынын жергиликтүү кеңештеринин кээ бир депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жөнүндө чечимдери 1-тиркемеге ылайык;
- Ак-Талаа, Жайыл, Сүлүктү, Кара-Кулжа жана Сузак аймактык шайлоо комиссияларынын бош калган мандаттарын тизмеде катталган талапкерлерге өткөрүп берүү жөнүндө чечимдери 2-тиркемеге ылайык.
2. Жергиликтүү кеңештердин 1-тиркемеде көрсөтүлгөн депутаттарынын күбөлүктөрү ушул токтом жарыяланган күндөн тартып, анык эмес деп таанылсын.
3. Ак-Талаа, Жайыл, Сүлүктү, Кара-Кулжа жана Сузак аймактык шайлоо комиссиялары жергиликтүү кеңештердин шайланган депутаттарын 2-тиркемеге ылайык каттасын жана аларга белгиленген үлгүдөгү күбөлүктөрдү жана төш белгилерди тапшырсын.
4. Бул токтом "Эркин-Тоо" гезитине жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.
5. Бул токтомдун көчүрмөсү тиешелүү аймактык шайлоо комиссияларына жана жергиликтүү кеңештерге жөнөтүлсүн.
6. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары А.С.Жупуевага жүктөлсүн.
7. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
“Эркин-Тоо” мамлекетик расмий газетасынын 2025-жылдын 3-октябрындагы № 75 (3731) саны менен жарыяланган.
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасы |
| Т.Шайназаров |
|
| Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2025-жылдын 30-сентябрындагы № 84 токтомуна 1-тиркеме |
Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын ыйгарым укуктары мөөнөтүнөн мурда токтотулгандыгы жөнүндө аймактык шайлоо комиссияларынын ЧЕЧИМДЕРИ
№ | Депутаттын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу боюнча АШКнын чечиминин № жана датасы жана чечимге негиз | Жергиликтүү кеңештердин аталыштары | Ыйгарым укуктары мөөнөтүнөн мурда токтотулган жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын Ф.А.А. |
Нарын облусу | |||
Ак-Талаа району | |||
1 | Ак-Талаа АШК, № 5, 23.09.2025-ж. (09.09.2025-ж., өз арызы) | Ала-Буга айылдык (№ 2 Мейманов шайлоо округу) | Туташов Улан Таалайбекович |
2 | Ак-Талаа АШК, № 5, 23.09.2025-ж. (16.09.2025-ж., өз арызы) | Ала-Буга айылдык (№ 4 Конорчок шайлоо округу) | Аманбек уулу Улукбек |
Чүй облусу | |||
Жайыл району | |||
3 | Жайыл АШК, № 19, 24.09.2025-ж. (16.09.2025-ж., өз арызы) | Ынтымак айылдык (№ 1 шайлоо округу) | Акматалиева Нуриза Кенжебековна |
Баткен облусу | |||
Сүлүктү шаары | |||
4 | Сүлүктү АШК, № 2, 25.09.2025-ж. (09.09.2025-ж., өз арызы) | Сүлүктү шаардык | Акимбеков Замирбек Кутбидинович (1) "Ыйман Нуру" депутаттык фракциясы |
Ош облусу | |||
Кара-Кулжа району | |||
5 | Кара-Кулжа АШК, № 10, 22.09.2025-ж. (18.09.2025-ж., өз арызы) | Ой-Тал айылдык (№ 1 Терек-Суу шайлоо округу) | Шайлообаев Нурдөөлөт Мукамбетович |
6 | Кара-Кулжа АШК, № 10, 22.09.2025-ж. (18.09.2025-ж., өз арызы) | Ой-Тал айылдык (№ 5 Ой-Тал шайлоо округу) | Сүйүнали кызы Нурпери |
Жалал-Абад облусу | |||
Сузак району | |||
7 | Сузак АШК, № 12, 25.09.2025-ж. (17.09.2025-ж., өз арызы) | Сузак айылдык (№ 5 Манас шайлоо округу) | Абдувахапова Наргизахон Зайнабидиновна |
Шайлоо процесстерин уюштуруу башкармалыгынын башчысы |
| М.Кожокеева |
|
|
|
Шайлоолорду уюштуруу бөлүмүнүн башчысы |
| К.Берикбаева |
|
|
|
Аткаруучу: Шайлоолорду уюштуруу бөлүмүнүн жетектөөчү адиси |
| У.Темирбеков |
|
| Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2025-жылдын 30-сентябрындагы № 84 токтомуна 2-тиркеме |
Жергиликтүү кеңештердин шайланган депутаттары деп таанылгандыгы жөнүндө аймактык шайлоо комиссияларынын ЧЕЧИМДЕРИ
№ | Бош калган депутаттык мандатты ыйгаруу боюнча АШКнын чечими | Жергиликтүү кеңештердин аталыштары | Жергиликтүү кеңештин кийинки шайланган депутатынын Ф.А.А. | Иштеген жери, ээлеген кызматы |
Нарын облусу | ||||
Ак-Талаа району | ||||
1 | Ак-Талаа АШК, № 5, 23.09.2025-ж. (19.09.2025-ж., өз арызы) | Ала-Буга айылдык (№ 2 Мейманов шайлоо округу) | Камбаров Самат Сатымкулович | Э.Мейманов атындагы орто мектебинде мугалим |
2 | Ак-Талаа АШК, № 5, 23.09.2025-ж. (22.09.2025-ж., өз арызы) | Ала-Буга айылдык (№ 4 Конорчок шайлоо округу) | Мураталиев Азамат Шаршенбекович | Убактылуу иштебейт |
Чүй облусу | ||||
Жайыл району | ||||
3 | Жайыл АШК, № 20, 24.09.2025-ж. (22.09.2025-ж., өз арызы) | Ынтымак айылдык (№ 1 шайлоо округу) | Осмонова Эркингул Бектемировна | А.Бердибаев атындагы орто мектебинин директору |
Баткен облусу | ||||
Сүлүктү шаары | ||||
4 | Сүлүктү АШК, № 2, 25.09.2025-ж. (24.09.2025-ж., өз арызы) | Сүлүктү шаардык | Базарбаев Эрмамат Азираткулович (7) "Ыйман Нуру" саясий партиясы | Убактылуу иштебейт |
Ош облусу | ||||
Кара-Кулжа району | ||||
5 | Кара-Кулжа АШК, № 11, 22.09.2025-ж. (19.09.2025-ж., өз арызы) | Ой-Тал айылдык (№ 1 Терек-Суу шайлоо округу) | Пазылов Төлөнбай Пазылович | Жеке ишкер |
6 | Кара-Кулжа АШК, № 11, 22.09.2025-ж. (22.09.2025-ж., өз арызы) | Ой-Тал айылдык (№ 5 Ой-Тал шайлоо округу) | Өмөрбек уулу Жылдызбек | Жеке ишкер |
Жалал-Абад облусу | ||||
Сузак району | ||||
7 | Сузак АШК, № 13, 25.09.2025-ж. (23.09.2025-ж., өз арызы) | Сузак айылдык (№ 5 Манас шайлоо округу) | Умурзакова Фарида Хакимовна | "Пари" коомдук фондунун негиздөөчүсү |
Шайлоо процесстерин уюштуруу башкармалыгынын башчысы |
| М.Кожокеева |
|
|
|
Шайлоолорду уюштуруу бөлүмүнүн башчысы |
| К.Берикбаева |
|
|
|
Аткаруучу: Шайлоолорду уюштуруу бөлүмүнүн жетектөөчү адиси |
| У.Темирбеков |