ЖАҢЫ-ЖОЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН
ТОКТОМУ
Жаңы-Жол айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезексиз XXXVIII сессиясы
2023-жылдын 1-ноябрындагы № 68
Кызыл-Туу айылынын тургуну Өзүбеков Талантбекке “Ардактуу атуул” наамын ыйгаруу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын, “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын жетекчиликке алуу менен, айылдык кенештин VIII чакырылышынын кезексиз XXXVIII сессиясы токтом кылат:
1. Жаңы-Жол айылдык кенешинин “Билим берүү, саламаттыкты сактоо, маданият жана маалымат каражаттары, жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери, коомдук уюмдар, социалдык маданий маселелер боюнча” туруктуу комиссиясынын чечими эске алынсын.
2. Кызыл-Туу айылынын тургуну Өзүбеков Талантбекке Жаңы-Жол айыл аймагынын “Ардактуу атуулу” наамы ыйгарылсын.
3. Ардактуу атуул наамын салтанаттуу чогулушта тапшырууну уюштуруу жагы Жаңы-Жол айыл өкмөтүнүн башчысына жүктөлсүн.
4. Бул токтом мамлекеттик тилде гана кабыл алынды.
5. Бул токтом www.Janyjol.com сайтына жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
Төрага: | Т.Өзүбеков |