ЖАҢЫ-ЖОЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН
ТОКТОМУ
Жаңы-Жол айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезексиз XXXVIII сессиясы
2023-жылдын 1-ноябрындагы № 71
Жаңы-Жол айылындагы № 9 И. Умаров атындагы орто мектебин ремонтоодо жылуулук системасын сметада каралган кургак тендин ордуна жылуутуу системасына(паровой отопление) алмаштыруу жөнүндө
2023-жылы жалпы билим берүүчү мектептер, электр энергиясын үнөмдөө максатында от жагуу системасына өткөрүлгөндүгүнө байланыштуу, Жаңы-Жол айылындагы № 9 И. Умаров атындагы орто мектебин ремонттоо учурунда, кургак тенди жылуулук системасына алмаштыруу үчүн, мектеп директорунун сунушунун негизинде айылдык кенештин VIII чакырылышынын кезексиз XXXVIII сессиясы токтом кылат:
1. Жаңы-Жол айылдык кенешинин “Билим берүү, саламаттыкты сактоо, маданият жана маалымат каражаттары, жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери, коомдук уюмдар, социалдык маданий маселелер боюнча” туруктуу комиссиясынын чечими эске алынсын.
2. Жаңы-Жол айылындагы № 9 И. Умаров атындагы орто мектебинин кургак тенин жылуулук системасына (паровой отопление) алмаштырууга макулдук берилсин.
3. Жылытуу системасын алмаштырууда иш алып баруу жагы, долбоордун техникалык көзөмөлдөөчүсү К.Мамбеталиевге жүктөлсүн.
4. Бул токтом мамлекеттик тилде гана кабыл алынды.
5. Бул токтом www.Janyjol.com сайтына жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
Төрага: | Т.Өзүбеков |