Загрузка документа…
ЖАЙЫЛМА АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН ЖАЙЫЛМА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2024-жылдын 27-ноябры № 4/ I
Жайылма айыл аймагынын жергиликтүү коомдоштуктарынын
өкүлчүлүктүү жыйындарын уюштуруу жана өткөрүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2024-жылдын 20-сентябрындагы “Элдик Курултайды өткөрүү жөнүндө” №215 Жарлыгы жана Элдик Курултайды өткөрүү жана делегаттарды шайлоо боюнча ишти координациялоо боюнча уюштуруу комитети тарабынан бекитилген кезектеги III-Элдик Курултайды уюштуруунун жана өткөрүүнүн жоболорунун негизинде, талкуулап жана пикир алмашып,
Жайылма айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жайылма айыл аймагынын жергиликтүү коомдоштуктарынын өкүлчүлүктуу жыйындарын уюштуруу жана өткөрүү боюнча жумушчу топтун курамы 7 адамдан бекитилсин.
2. Жергиликтүү коомдоштуктардын өкүмчүлүк ченемине ылайык жергиликтүү коомдоштуктардын өкүлчүлүктүү жыйынын катышуучуларынын жалпы саны 100 адам болуп бекитилсин.
3. Жергиликтүү коомдоштуктардын өкүлчүлүктүү жыйындарын өткөрүү боюнча тиешелүү аймакты бөлүмдөргө бөлүү ченемдери бекитилсин.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айыл өкмөтүнүн орун басарына жүктөлсүн.
Жайылма айылдык кеңешинин төрагасы |
К. М. Жонгучкаев |