ЖАҢЫ-ЖОЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН
ТОКТОМУ
Жаңы-Жол айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезексиз XXXIX сессиясы
2023-жылдын 24-ноябрындагы № 76
“Комсомол айылынын бала-бакчасын ремонттоо” долбоордук сунушун бекитүү жөнүндө
Үлүштүк (дем берүүчү) гранттардын эсебинен каржылануучу долбоордук сунушту даярдоо жана ишке ашыруу максатында түзүлгөн демилгелүү топтун мүчөлөрүнүн жана Жаңы-Жол айыл өкмөтүнүн башчысы К.Дербишевдин долбоордук сунуштар боюнча маалыматын угуп жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” мыйзамына таянып, Жаңы-Жол айылдык кенешинин VIII чакырылышынын кезексиз XXXIX сессиясы токтом кылат:
1. “Комсомол айылынын бала-бакчасын ремонттоо” долбоордук сунушу бекитилсин.
2. Долбоорду ишке ашыруудагы өздүк салымдын (тартылган каражаттар) өлчөмү 51 %зы, 5 247 420( беш миллион эки жүз кырк жети миң төрт жүз жыйырма) сом болуп бекитилсин.
3. Долбоор боюнча консалтингдик жана инжиниринг кызматтарын көрсөтүү боюнча чыгымдардын өлчөмү 179 779 (жүз жетимиш тогуз миң жети жүз жетимиш тогуз жүз) сом болуп бекитилсин.
4. Долбоор ишке ашып калса, жогорудагы бекитилген акча каражаттары 2024-жылдын жергиликтүү бюджетинин эсебинен бөлүнүп берилсин.
5. Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы Жаңы-Жол айыл өкмөтүнүн ФЭБнүн башчысы Ч.Култаевага жүктөлсүн.
6. Бул токтомдун аткарылышына көзөмөл жүргүзүү жагы Жаңы-Жол айылдык кеңешинин “Экономика, план, бюджет маселелери, чакан жана орто бизнести өнүктүрүү, инвестиция тартуу, энергетика жана байланыш тармактары” боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
7. Бул токтом мамлекеттик тилде гана кабыл алынды.
8. Бул токтом www.Janyjol.com сайтына жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
Төрага: | Т.Өзүбеков |