Загрузка документа…
КЫРГЫЗ-АТА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Кыргыз-Ата айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги IV сессиясы
2025-жылдын 21-февралы № 01-4/11
“Кыргыз-Ата булагы” муниципалдык ишканасынын 2025-жылга карата иш жүргүзүү тартибин бекитүү жөнүндө
“Кыргыз-Ата булагы” муниципалдык ишканасынын 2025-жылга карата иш жүргүзүү тартибин бекитүү жөнүндөгү маселени айылдык кеңешинин депутаттарынын туруктуу комиссияларынын отурумунда карап жана депутаттардын талкуусун угуп, “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамынын 34-беренесине таянып, Кыргыз-Ата айылдык кеңеши токтом кылат:
1.“Кыргыз-Ата булагы” муниципалдык ишканасы 2024-жылдагы аткарган
иштери жөнүндө берген отчёт, маалыматы эске алынсын.
2.“Кыргыз-Ата булагы” муниципалдык ишканасы тарабынан эсептелинген ичүүчү суунун тарифи 1 метр куб таза сууга 30 сом, агын суунун тарифи 1 сотых эгин сууга 15 сом, айыл аймагындагы мекеме-ишканаларга 1 метр куб таза сууга 50 сом бекитилсин.
3.Айыл аймагындагы дыйкандар пайдаланып жаткан агын суунун 5 сому атайын эсепке которулуп, которулган акча ички арыктарды, каналдарды оңдоо иштерине жумшалсын.
4. Сунуштарды эске алып, бекитилген ичүүчү жана агын суунун тарифинин
негизинде 2025-жылдын 01-апрелинен иш алып баруу жагы “Кыргыз-Ата булагы” муниципалдык ишканасына милдеттендирилсин.
5.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеңешинин экономика,
бюджет, салык жана ишкердүүлүктү колдоо боюнча комиссиясына тапшырылсын.
Төрага: | Б. Дуйшоев |